Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Кытай – Африкадагы эң чоң инвестор


Кытайдын Элдик саясий кеңешинин төрагасы Цзя Цинлинь Африка өлкөлөрүнүн жетекчилери менен,28.01.2012.
Кытайдын Элдик саясий кеңешинин төрагасы Цзя Цинлинь Африка өлкөлөрүнүн жетекчилери менен,28.01.2012.

Кытай Африканын эң чоң инвесторуна айланды. Африкалык саясатчылар Бээжинге ыраазы болсо, карапайым калк Кытай "неоколонизатордук" саясат жүргүзүүдө деп кыжалат. Бээжин менен Лондондун соода чыры курчуп, Кытайда британ фирмаларына түрдүү айыптар тагылууда.

Африка континентине тартылган түз чет элдик инвестициянын көлөмү мурда болуп көрбөгөндөй көлөмгө – 80 миллиард долларга жетет. Бул тууралуу Африка өнүктүрүү банкы кабарлады. Ал инвестициялардын көбү Кытайдан тартылган, Бээжин Африкага 27.7 миллиард доллар салган.

Африкалык талдоочулардын айтымында, Кытайдын бул аракети айрым Батыш саясатчыларын кыжалат кылбай койбойт. Барган сайын Кытайдын кара континенттеги таасири жана ролу өсүүдө. Жакында Бээжин менен Африка өнүктүрүү банкы 2 миллиард доллардык долбоорго кол коюшат. Анын алкагында кытайлык фирмаларга Африкада ишкердик жүргүзүү жолдору ачылат.

Ушул айдын башында "Чайна Минметалс" ишканасы дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири Перудагы Лас Бамбасты 5.85 миллиард долларга сатып алган. Кытайлык фирмалар өз өлкөсүндөгү оор өнөр жайын колдоо максатында Түштүк Америкада, Африкада жана Азияда көптөгөн кендерди сатып алганы маалым.

Африкалык саясатчылар чөлкөмгө инвестиция салган Бээжинге ыраазы болсо, жергиликтүү калк эки ача пикирде. Кытайлык компаниялар жетекчилик кызматтарга жана кара жумушка кытайлыктарды гана алганы карапайым африкалыктарда нааразылык туудурат.
Кытай Африка чөлкөмүнүн кендерине кызыкдар.
Кытай Африка чөлкөмүнүн кендерине кызыкдар.
Алардын айтымында, Кытай инвестицияларынан Бээжин гана пайда көрүп жатат. Ал эми жергиликтүү экономикага аз эле киреше түшүп жатканын жергиликтүү калк билдирди. Айрымдар Кытайды "неоколонизатор" деп атап, чочулаганын жашырышкан жок. Кескин сындарга карабай, Бээжин "Африканы бирге өнүктүрүү корун" долбооруна сарптаган каражатын арбыта берет.

Кытай Африкага салган инвестициянын көлөмүн көбөйтөрүн премьер Ли Кэцян билдирди. Бээжин чөлкөмдүн өлкөлөрүнө бериле турган насыянын жалпы көлөмүн 30 миллиард долларга чейин көбөйтөрүн кабарлады. Кытайдын мамлекеттик Экспорт-импорт банкы 2025-жылга чейин Африканын инфраструктуралык долбоорлоруна 1 триллион доллар каражат чегерет.

Бээжин чет элдик фирмаларды чоң доого жыкты

Кытай өкмөтү коррупция, кызматынан кыянат пайдалануу менен күрөшүүнүн алкагында негизинен чет элдик корпорацияларды тыкыр иликтеп келген. Көптөгөн ири чет элдик ишканаларга "айлана-чөйрөнү булгады" деген кине коюулуп, айып пул салынганы маалым. Андан сырткары апрель айында башталган Бээжин менен Лондондун "соода чырынан" бери Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги британ фирмаларына катуу көз сала баштады.

Кытай бийликтери 14-майда британиялык "ГлаксоСмитКлайн" фармацевтикалык ири компаниянын Кытайдагы мурдагы жетекчисине "кызматкерлерине ири суммадагы пара берүүнү буйруган" деген айып такты. Бул тууралуу "Кварц Ньюс" порталы кабарлады. Акыркы ирет мындай чоң жаңжалга 2009-жылы австралиялык "Рио Тинто" кен иштетүүчү фирмасынын төрагасы "пара алган" деген кине менен кабылган. Анда "Рио Тинтонун" төрт жетекчиси 10 жылга абакка кесилген.
"ГлаксоСмитКлайн".
"ГлаксоСмитКлайн".

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги "Уолл Стрит Жорнал" гезитине кабарлагандай, "ГлаксоСмитКлайндын" Бээжиндеги мурдагы жетекчиси Марк Райли 2009-жылы кызматка дайындалгандан бери компания ооруканаларга жана дарыгерлерге фирманын дары-дармектерин сатуу жана таратуу үчүн пара берген. Кытай бийликтери британиялык фармацевтика гиганты паранын жардамы менен миллиарддаган киреше көргөнүн айтып чыгышты.

30-апрелде Лондон дары чөптөрдөн жасалган кытай дарыларын Британияда сатууга тыюу салды.

Көз карандысыз серепчилер Кытайдын саламаттыкты сактоо тармагы ойдогудай каржыланбагандыктан, медицина тармагында иштегендер пара алууга барышаарын белгилешет.

Райлинин күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылат. Британ өкмөтү бул боюнча үн ката элек.
Кытай – Африкадагы эң чоң инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG