Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Казак-кытай алакасы кеңейүүдө, бирок андан чочулагандар да бар


Бул кытай президенти Ху Цзиньтаонун Казакстанга жетинчи ирет келиши болду, эки өлкө лидерлери жалпысынан 25 ирет жолуккан. Астана, 13-июнь, 2011-жыл.
Бул кытай президенти Ху Цзиньтаонун Казакстанга жетинчи ирет келиши болду, эки өлкө лидерлери жалпысынан 25 ирет жолуккан. Астана, 13-июнь, 2011-жыл.

Астанада кечээ казак жана кытай президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү. Ху Цзиньтао Казакстанга бул ирет Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммитин утурлай келди, эки өлкөнүн алакасы жаңы келишимдер менен толукталды. Бирок казак коомчулугунда кытай компанияларынын ишмердиги кеңейишинен олуттуу тынчыздангандар да бар.

Акордодогу сүйлөшүүлөр учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсү менен Кытайдын кызматташтыгы “жаңы деңгээлге” көтөрүлүп жаткандыгын белгилесе, Ху Цзиньтао өз сөзүндө Казакстанда “саясий стабилдүүлүк бекем сакталып, калк туруктуу” өнүгүү үстүндө экендигине токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунан тараптар стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтык жана улуттук валюталарды алмашып туруу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Алматылык саясат таануучу Расул Жумалы эки коңшу өлкөнүн кызматташтыгы артып, президенттердин бат-бат кездешип жатышынан саясий себеп издөөнүн кажети жок деп эсептейт:

- Кытай азыр өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү жагынан Казакстандын Орусия менен катар негизги соода өнөктөшү. Ал акыркы эки-үч жылда, асыресе дүйнөлүк каржы кризисинен кийин Казакстандын негизги инвесторуна айланды. Андыктан эки ортодо талкуулануучу маселелер жетиштүү. Андыктан мен мындан кандайдыр бир ири саясий себеп издебейм.

Кытай жана казак президенттери буга чейин акыркы ирет быйыл февраль айында кездешкен эле. Анда Нурсултан Назарбаев Бээжинге расмий сапар менен барган. Бул визиттин учурунда эки өлкө миллиарддаган долларга эсептелген, анын ичинде Кытайдын Казакстанга энергетикалык инфраструктуранын курулушу үчүн 5 миллиард доллар насыя ажыратуусун, Казакстандын Кытайга уран сатуусун караган келишимдер түзүлгөн.

Батыш гезиттери, атап айтканда британдык “Financial Times” казак президентинин Бээжиндеги бул жолку сапарынан кийин Кытайдын Казакстан экономикасына катышуусу акырындык менен энергетика секторунун чегинен чыга баштагандыгын белгилеген эле.

Бирок Казакстандын жалпы улуттук Социал-демократиялык партиясынын башкатчысы Амиржан Косановдун көз карашында, Кытай менен экономикалык, асыресе мунай-газ тармагындагы келишимдерде казактардын кызыкчылыктары талаптагыдай корголду деп айтуу кыйын:

- Кытай бизнесинин казак экономикасына кирүүсүнө артыкчылык берүүнүн бир шарты – биздин чиновниктерди, аким же министр болсун, эл камын ойлобой, казактын болочогун ойлобой бир күндүк кызыкчылыкты жетекчиликке алганы. Мында коррупциянын да элементтери болушу мүмкүн. Биздин стратегиялык тармак – мунай-газ секторунда министрдин өзү айтты, “Кытайдын үлүшү 24%”деп. Ага Европа, Орусия, Америка компанияларын кошсок, казактын колунда эмне калат.

Ху Цзиньтаонун казак президенти “тарыхый” деп мүнөздөгөн бул жолку жетинчи сапарын утурлай жакында Алматыда уюштуруучулар “кытай экспансиясына” каршы деп атаган митинг өткөн. Казакстандын оппозициядагы күчтөрү уюштурган жыйында табигый кендерди “Кытайга сатууну токтотуу керек” деген чакырыктар айтылган.

Казакстандык журналист Гүльжан Ергалиеванын пикиринде, эки өлкөнүн абдан эле жакындап кетиши кооптондурат:

- Кандайдыр бир олуттуу жана кыраакы саясат болушу керек. Казакстан менен Кытайдын абдан эле жакын достугу шек туудурат жана мени кооптондурат. Анын үстүнө Казакстан азырынча алсыз, коңшу Кытай кубаттуу экендигин эске алганда аралык дайыма сакталышы абзел.

Казакстандын маалымат агенттиктери Кытай президенти Ху Цзиньтао Астанада дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийинки брифингде эки тарап 2015-жылга карата соода жүгүртүүнүн көлөмүн 40 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашканын айтканын кабарлады. Ал эми былтыр, казак президентинин сөзүнө караганда, эки тараптуу сооданын көлөмү 27 миллиард долларды түзгөн. Казакстандын энергия, өндүрүш, транспорт тармагында ушу тапта Кытайдын 1000ден ашуун компаниясы иштейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG