Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Кытайдын Тажикстан менен чектеш Ак-Тоо ооданында памирлик кыргыздар гана кийген аялдардын калек деген баш кийими бар. Унутулуп бараткан баш кийимди жаштарга үйрөткөн калекчи уз Зулпукан Таш кызынын айылында Бектур Илияс болуп келди.

Кичигинен сайма сайып, курак курап, эненин эпчил тарбийасын көрүп өскөн aктоолук айтылуу калекчи айымдардын бири Зулпукан Таш кызы. Колунан көөрү төгүлгөн чебердин өнөрканасын көрүү үчүн мен анын киндик кан тамган айылы, торолуп өскөн турагы Кызыл-тоо айылына бардым.

Зулпукан айымдын түшүндүрмөсүн бул жерден көрүңүз:



Зулпукан айымдын үйү кичигирээк музейге окшойт. Себеби анын үйүндө калектен башка дагы көптөгөн эски кийим-кечек, бүгүнкү күнү колдонулбай бараткан кыргыздын эзелки турмуштук буйумдары, ат- жабдыктар жана канаттуунун башына окшогон таштар бар.

Унутулган калекти кайра кийип чыксам, аксакалдар жетине албай батасын беришкен...
Байыркы мурастардын эрди-зайыптуу күйөрмандарынын айтымына караганда, үйдөкү мурастардын көбү аларга ата-бабаларынан калган. Ал эми калекчилик өнөрүн Зулпукан Таш кызы кичигинен эле энесинен көрүп, өздөштүрүп алган. Учурда кызы, келини жана башка он чакты шакиртине ушул өнөрдү үйрөтүп жатыптыр.

- Калек айт-майрамдарда, тойлордо кийилчү айалдардын байыркы баш кийими. Ал кийүүчү адамдын жаш курагына жараша чалма калек, тегерек калек жана кемпир калек деп үчкө бөлүнөт. Керектөөчүнүн каалоосуна жараша анын саймалары да илме сайма, көптүрмө, каргыма деген түрлөр бойунча кооздолот,- дейт Зулпукан айым.

Доордун ар кандай ургаалдуу учурларына байланыштуу 20-кылымдын орто мезгилдеринен баштап калек кийүү таптакыр унутта кала баштаган. Мындан он беш жыл мурда Зулпукан айым бул баш кийимди биринчи болуп кайрадан чоң тойлорго кийип чыккан жана ошондо көптөгөн айыл аксакалдарынын батасын алган.

Ошол эле мезгилде, унутта калып, эми кайрадан эл көңүлүнө илине баштаган калекти дүйнөгө таанытуу бойунча алгылыктуу иш-чаралар жүрүп жаткан экен. Бул бойунча Кызыл-Суу кыргыз аптоном обуластык бейзаттык мурастарды коргоо борборунун кызматкери Эсен Айса уулу айтып берди:
Калекти маданий мурастар тизмесине киргизүүгө аракеттер бар.

- Калекти Шинжаң уйгур аптоном райондук маданий мурастар тизмесине киргизүүгө аракет жасап жатабыз. Көптөгөн көргөзмөлөргө катыштырдык. Келечекте анын мураскерлерине акча бөлүү, андан ары бул жумуштарды улантуусуна шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатабыз.

Ушул жайда Ак-Тоо ооданынын Булуң-Көл айлында өткөн Манас эл аралык сайакат майрамында калек кийген 300дөн ашуун айым эл көңүлүн өзгөчө бурган. Ал маарекеде Зулпукан айым да энесинен калган калегин кийип, кыз-келин, шакирттери менен бирге катышты.

Калекчинин күйөөсү Жакып ардактуу эс алууга жашы жетсе да, айылдык ооруканада дарыгер болуп иштеп келет. Үйдөн ал жыйнаган дары чөптүн көптөгөн түрүн да көрө аласыз.

Кызыл-Тоо айылы Тажикстан менен чектеш Aк-Тоо ооданында жайгашкан. Айылдын тургундары дээрлик баары кыргыздар. Тилинде өз дийалекти бар. Мында ичкилик уруулары болгон кыпчак, найман жана тейиттер конуштаган. Кызыл-Тоодо жакын туугандар бири-бирин колунан өөп көрүшөт, ал эми үйлөнүү тоюнда жигит белине кызыл кур байланат.

Жергиликтүү эл Кызыл-Тоо айылын «Кан шырдактын ордосу» деп да аташат. Айыл башын өрдөгөн өзөндө «Кожожаштын тоосу» деп аталган чоку бар. Жылаңач тоолордун топурагы күн нурунда чагылышып эртели- кеч кызгылтым тартып көрүнгөнүнөн улам бул жер Кызыл-Тоо аталып калган.

Бектур Илияс

(Автордун жазуу стили сакталды)


Картада: Кызыл-Тоо айылы жайгашкан Ак-Тоо ооданы Тажикстан менен чектеш орун алган. Ооганстан менен Тажикстандагы ичкилик кыргыздар өздөрүн памирлик же сарыкол кыргыздары дешет.


Zvětšit mapu)

jch

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG