Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Бирназарова: Сириялык качкындар билимдүү


Германиядагы Бонн университетинин бүтүрүүчүсү Зейнура Бирназарова
Германиядагы Бонн университетинин бүтүрүүчүсү Зейнура Бирназарова

Эл аралык Миграция уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, быйылкы жыл ичи Жер Ортолук деңизинен 500 миңдей качкын өттү.

Германияга быйыл 450 миңдей качкын, анын 37 миңи сентябрдын алгачкы он күнүндө кирди. Германиядагы качкындар кризиси туралуу Бонн университетинин саясат жана коом таануу факультетинин бүтүрүүчүсү Зейнура Бирназарова менен маектештик.

"Азаттык": Быйыл Европага рекорддук сандагы качкындар келүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү Германияга өтүүнү көздөп жатат. Германиянын жарандары башка өлкөлөргө караганда качкындарга жылуу мамиле кылып жатканын көрдүк. Сиз бул өлкөдө жашаган жаран катары мигранттарга байланыштуу ички кырдаалды кандай сүрөттөп бере аласыз?

Зейнура Бирназарова: Немис калкынын качкындарды кучак жая тосуп алганын көрүп, абдан ыраазы болуп атам. Жергиликтүүлөр темир жол вокзалдарына келип тосуп алып, ыктыярчылар тамак-аш, суу жана башка керектүү нерселер менен камсыздап жатышат. Мунун баары кубандырбай койбойт.

Германиядагы качкындардын балдары
Германиядагы качкындардын балдары

Негизи германиялыктардын көбү канцлер Ангела Меркелдин качкындар боюнча саясатын жактырышты. Бундестагдагы көп партиялар Меркелди бул багытта колдошкону менен, айрым оңчул партиялар тескери көз карашта. Алар бир нече аймакта нааразылык акцияларын өткөрүп, керек болсо качкындарды кабыл алам деген аймактык бийлик өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөнгө чейин барган окуялар да катталды. Маселен, мындай окуя Проглиц деген шаарда болду.

"Азаттык": Алар өздөрүнүн нааразылыгын эмне деп негиздеп жатышат?

Зейнура Бирназарова: Көпчүлүгү немистердин улут катары идентификациясы жоготулушуна алып келет деген кооптонуусун айтышса, башкалары келгиндер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы болушу мүмкүн деп чочулашат. Булардын келиши менен Германияда криминал күчөйт деген да жүйөлөр айтылууда.

Ошол эле учурда “бозгундар биздин эсебибизден жашоону каалап жатышат. Салык төлөп, биз буларды багышыбыз керекпи?” дегендер да бар.

Айрымдар качкындар немистердин улут катары идентификациясы жоготулушуна алып келет деген кооптонуусун айтышса, башкалары келгиндер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы болушу мүмкүн деп чочулашат.

"Азаттык": Сиздин пикириңизде, мигранттардын массалык түрдө келиши жергиликтүүлөргө кедергисин тийгизиши мүмкүнбү?

Зейнура Бирназарова: Менин оюмча, качкындар тез эле интеграция болушат. Жакында эле кызыктуу маалыматты окудум. Сириядан келген качкындар башкаларга салыштырмалуу билимдүү болушат экен. Маселен, көбүнүн жок дегенде орто билими бар.

Мен өзүм да бул жакка эки-үч жыл мурда келген качкындарды көрдүм, алар тил үйрөнүп, балдары мектепке барып, тез эле жергиликтүү эл менен аралашып кеткенге каалоосу, аракеттери күч. Бирок албетте, бардыгы бирдей эмес, келгенине көп жыл болсо да, мамлекеттин акчасына жашап эле, тил да үйрөнбөй жата бергендери да кездешет. Бирок көбүнчөсү тил үйрөнүп, ирденип, интеграция болгонго даяр деп ойлойм.

"Азаттык": Жыл башында эле Германия өкмөтү быйыл 800 миңден ашык качкын келиши мүмкүн деп божомолдогон экен. Азырынча Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадан келгендерин саны жыйырма миңден ашты деп атышат. Чындыгында Германия башында айтылган сандагы бозгундарды кабыл ала алабы же кайсы бир чекке жеткенде токтотуп коюшу мүмкүнбү?

Венгриядагы сириялык качкындар
Венгриядагы сириялык качкындар

Зейнура Бирназарова: Соңку статистиканы карап көрсөм, Германиядагы киши башына алганда качкындардын саны өтө эле аз экен. Негизи башында болжолдогондой 800 миңге чейин ала берсе керек. Болгону учурда Сириядан келгендерге басым жасалып, алар биринчи кабыл алынып жатат. Ошол эле учурда бул жакта Балкандан келген качкындар көп. Азыр ошолордун санын азайтып, үйлөрүнө кайтарып, Сириядан келген бозгундарга орун бошотуу процесси жүрүп жатат.

"Азаттык": Качкындар азыр Германиянын кайсы аймактарына топтолуп жатышат? Сиз жашаган Бонндо да барбы?

Зейнура Бирназарова: Мен билгенден Мюнхенге келгендин баары Берлинге кетишти. Азыр негизинен Түндүк Рейн-Вестфалия жергесинде качкындарды көп кабыл алып атышат. Дортмунд шаарына да топтолушту.

Азыр баары тең эле качкындар лагеринде, тиешелүү документтерди алгандан кийин аймактарга бөлүштүрүлөт. Бонндо, биз жашаган Дюсдорф деген райондо бир нече күн мурда “Качкындарга кандай жардам бере алабыз?” деген суроо атайын өткөрүлгөн чогулушта ортого коюлду.

Учурда биздин райондо катталган отуз качкын бар экен. Аларга жардам бере алабыз деген 70 киши чыкты. Негизи качкындарга жардам берүү боюнча иш жакшы жолго коюлган. Атайын мекемелерде бул боюнча иштерди аткарган ыктыярчылар бар. Айрымдары атайын документтерди бүткөргөнгө жардам берет, тил үйрөтүшөт.

XS
SM
MD
LG