Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

“Даткайымдын” автору Сингапурда сабак берет


Дамира Өмүркулова 5 жылдан бери Сингапурда сабак берет.
Дамира Өмүркулова 5 жылдан бери Сингапурда сабак берет.

Эл арасында кеңири аткарылып жүргөн “Даткайым” ырынын музыкасын жазган композитор Дамира Өмүркулова беш жылдан бери Сингапурда жашайт.

Таланттуу музыкант чет жакта эмне менен алектенери, 47 жашында англис тилин кантип үйрөнгөнү жана мекенге болгон сагынуу сезимдери тууралуу “Журтташтар” рубрикасына курган маегинде айтып берди.

Дамира Өмүркулова Сузак районунун Сафаровка айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен билим алып, кийин Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы орто окуу жайды аяктаган. Беш уул-кыздын энеси.

- Беш жылдан бери Сингапурда жашайм. Бул жактан кытай жана индус балдарга фортепиано жана скрипкадан сабак берем. Сабактарды англис тилинде өтөм, кытай балдары болсо мени кытай деп ойлошуп, тез эле кытайча сүйлөп кетишимди каалашат.

“Англисче бир сөз билбей Сингапурга келгем”

- Бул да Кудайдын буйругу окшойт. Сингапурга келип иштейм деген үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Алгач менин менен иштеген кесиптешим кеткен, ал скрипкадан сабак берчү. Ага Москвадан бүткөн дагы тааныштарың болсо чакыр деп айтышыптыр. Мен өзүм Москва консерваториясынын алдындагы орто кесиптик окуу жайдан билим алгам. Ошентип документтеримди жөнөткөндөн кийин мени чакырышты. Англис тилинде бир сөз да билбей келгем. Бул жактан англис тилин үйрөнүүгө үч ай мөөнөт беришти. Үч ай аралыгында үч окуучум расмий түрдө арыз жазып, “билими, тажрыйбасы күчтүү экен, бирок англисче сүйлөбөйт” деп кетип калышты. Ошондон кийин жетекчим чакырып алып, нааразылыгын билдирип, “Эгер сиз эки аптанын ичинде сүйлөп калбасаңыз, таарынбай үйгө кете бериңиз” деп айтты. Буга чейин мен жыйырма беш жыл англис тилин үйрөнүүгө аракет кылгам. Үйрөнө албай койгом, көрсө стимул жок экен да. Анан эки аптада тырышканымды айтпай эле койгула. Кудай жалгап, 14 күндүн ичинде бир да окуучум кеткен жок. Ошентип калып калдым, анан окуучуларымдын саны 33кө жетти. Англис тилин акырындап үйрөнүп, иштеп кеттим. Ошол бойдон баары жакшы болуп кетти. Азыр эми кытай тилин да аз-аздан үйрөнүп атам.

Бул жакта мугалимди аябай сыйлашат, баркташат.
Бул жакта мугалимди аябай сыйлашат, баркташат.

“Кытай балдары ырдашпайт”

- Биздин балдар табиятынан таланттуу келишет. Булар болсо системанын жыйынтыгында үйрөнүп, окуп, жаттап жетишет. Ошондой эле биздин балдардан айырмаланып кытай балдары ырдабайт. Бирок угуп, эске тутуп калат. Кыргыз балдарынын баары эле ырда десең үн созуп калышат го, булар андай эмес. Негизи бул жакта ар бир бала музыкадан сабак алууга жана спортко барууга милдеттүү. Ушул эки тармактан жетишкен балдарга жогорку окуу жайга өткөндө да жеңилдиктер берилет. Мен жеке компанияда иштейм. Биз мамлекеттик мекемеден айырмаланып, бир аз эркин окутабыз. Бул жакта КМШ өлкөлөрүнөн, өзгөчө Орусиядан билим алган мугалимдерди аябай баалашат. Баланы алып келгенде ата-энелер дароо мугалимдин резюмеси менен таанышып чыгышат. Мугалимди аябай сыйлашат, баркташат. Окуучуларым класска жүгүнүп кирип, жүгүнүп чыгышат. Сингапур дүркүрөп, өнүгүп бараткан мамлекеттердин бири эмеспи. Билим берүү министрлигинин өздөштүрүү программасы өтө татаал болгону менен, өтө бийик деңгээлде түзүлгөн. Сингапурдун балдарынын балалыгы дээрлик жок десем болот, алардын күнүмдүк жадыбалы ушунчалык тыгыз түзүлгөн. Баш-оту менен сабакта, машыгууда, беш мүнөтүн да текке кетиришпейт. Бир чети мындай система кубандырат, бир чети балдарды аяйсың. Кээде булар качан ойнойт болду экен деп ойлойсуң. Мурда бул жакта балдарына билим берүүнү үч жашынан баштаса, азыр бир жаш сегиз айынан башташат. Менин колума эки жашар балдар келишет.

Менин колума эки жашар балдар келишет.
Менин колума эки жашар балдар келишет.

“Даткайым” мени атактуу кылды”

- 1991-жылы жолдошум “барахолкадан” - эски буюмдарды саткан базардан мага бир рублга кыргыз ырлар жыйнагын сатып келип берди. Ошонун ичиндеги ырларды окуп отуруп 28 саптан турган "Даткайым" деген ырга көзүм түшүп калды. Өтө узун экен деп сарсанаа болуп отурсам, жолдошум кыскартып эң күчтүү саптарын терип ал деп кеңеш берди. Музыканы түшүнгөндөр билсе керек, бул ыр башкача жаңы ритм менен жазылган. Көп өтпөй “Камбаркан” фольклордук ансамблинин жетекчиси Рысбек Жумакунов үйгө келип “жакында Курманжан Датканын тою болот, ошонун ачылышына жакшы ыр таппай жүрөм” деп калды. Ошол жерден ырдап бердим, ага дароо жакты. Ошентип 1991-жылдын августунда Ошто өткөн Курманжан Датканын 180 жылдык мааракесинде ырды биринчи жолу Саламат Садыкова аткарып чыкты. Бир аз убакыттын кийин чоң симфониялык оркестрге салынып, Керим Турапов аткарды. Чыгарма элге Керимдин аткаруусунда тарады. Өзүм ал кезде бала менен үйдө отургам, атагым чыгып эле отуруп калдым. Кийин деле көп ыр чыгардым, тилекке каршы, ар кандай үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу элге жайылта албай калдым десем болот. Ар кандай суранычтар болсо жазып калам, мамлекеттик иш-чараларга атайын музыкаларды чыгарам. Көп ырларым кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылды. Азыр деле обон жаратып турам. Чет жактан мекениңди, элиңди, жакындардыңы сагынат экенсиң. Ошондон улам бул жактан чыгарма башкача жаралат экен. Мен кийинки жылы Бишкекте бир автордук кечемди өткөрсөм деген тилегим бар. Обондорду чогултуп, оркестерге салсамбы деген ойлорум бар, буюрса ишке ашырам.

“Кыргыздар менен жолукканда черим жазылат”

- Сингапурда иштеген 7-8 кыргызстандыкты билем. Алардын айрымдары үй-бүлөлөрү менен келгендер. Студенттер көп. Жаштар менен майрамдарда чогулуп, жолугушуп турабыз. Быйыл жаңы жылды Малайзиядан тосуп, ал жактагы кыргыздар, элчи менен жолуктум. Кыргыздар менен жолукканда өз тилимде сүйлөп, черим жазылып калат.

"Даткайым" чыгармасы Съездбек Искеналиев жана Замир Арыкбаевдин аткаруусунда:

XS
SM
MD
LG