Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына бүгүн 21 жыл толду. 1993-жылы 350 депутаттан турган легендарлуу парламент эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алгандан бери Баш мыйзам бир канча жолу өзгөрүүлөргө тушукту.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов 21 жылдык тарыхы бар Конституция тууралуу ой бөлүштү:

“Азаттык”: 1993-жылдын 5-майында сиз төрагалык кылган парламент Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган эле. Ошондо кандай кыйынчылыктар болгону эсиңиздеби?

Шеримкулов: Жаңы Конституцияны иштеп чыгуу боюнча ой-пикирлер, аракеттер 1990-жылдын апрелинде башталган. Советтер союзу базар экономикасына өтүү жолунда эле. Кайра куруу, сөз эркиндиги сыяктуу Горбачевдун учурунда жүргүзүлгөн саясаттар жаңы Баш мыйзам иштеп чыгууга жол ачкан. Ошол жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алдык. Декларациянын бир пунктунда жаңы Конституцияны иштеп чыгуу тууралуу жазылган эле. Андай милдеттенме парламентке жүктөлгөн.

Биз окумуштуулар менен чогуу Конституциянын концепциясын иштеп чыктык. Андан кийин Баш мыйзамды жаздык. Аны кабыл алардан мурда үч жолу элдик талкууга койдук. 1993-жылдын январь-март айларында коомдук талкуулар жүрдү. Талкууга Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны катышкан. Миңден ашуун сунуштар айтылган. Биздин ошол биринчи Баш мыйзамыбыз чыныгы элдик Конституция болгон десек жаңылбайм.

Коомдук угуулардан соң 12-апрелден 5-майга чейин депутаттар кайра бир талкуулап, анан кабыл алганбыз. Ал 8 бөлүмдөн, 97 беренеден куралган эле. Ага чет өлкөлөрдөгү парламенттер, эл аралык уюмдар жакшы баа берген. Дүйнө коомчулугу тарабынан “демократиялык” деп таанылган Баш мыйзамыбыз минтип бир канча жолу өзгөрүүгө дуушар болуп отурат.

“Азаттык”: Алгачкы Баш мыйзамды түзүүчүлөрдүн бири катары бул өзгөрүүлөрдү кандай кабыл алдыңыз?

Шеримкулов: Бул өзгөрүүлөргө башынан эле каршылык билдиргем. Ар бир жолу өзгөртүү сунушталганда ага нааразы болуп, пикиримди ачык айтып келгем. Адамдар “демек биринчи Конституцияда кемчиликтер болгон, ошон үчүн өзгөртүлүп жатат” деп ойлоп калышы мүмкүн. Андай эмес. Кептин баары дүйнө тааныган Конституцияны президенттер өзүнө ылайыктап өзгөрткөнүндө. Бирок мен мында мамлекет башчыларды гана эмес, элди да күнөөлөйм. Анткени жарандар колдоп берип атпайбы.

“Азаттык”: Конституция боюнча талаш пикирлер дагы эле бар. Айрымдар 1993-жылкы Конституцияга кайра баруу керектигин да айтат. Кээ бирлер 2003-жылдагы Баш мыйзам дурус болчу дешет. Сиздин пикириңизде Баш мыйзамдын кайсы варианты Кыргызстан үчүн туура болчу?

Шеримкулов: Эң туура деп 1993-жылкы Конституцияны эсептейм. Анткени башкалары үч жолудан элдик талкуудан өткөн жок. Биздин эң уят болгонубуз – 2006-жылы катары менен эки жолу Баш мыйзамды өзгөрткөнүбүз. Ноябрь айында бир Конституция, декабрь айында дагы бир Конституция кабыл алынды. Бир жарым айда эки Баш мыйзам кабыл алуу дүйнөлүк практикада жок эле. Аны биз – кыргыз коомчулугу жасадык.

Президент өзгөртүү киргизем десе, ошого макул болгон жарандарда күнөө. Ага каршы ой-пикир айткандарды теле-радиодон, гезиттен жамандап, тепкилеп жатып калдык. Анан эле мамлекет башчы алмашканда, “мурдагы президент жаман экен, ошонун айынан Баш мыйзам өзгөрүп калды”, - деп чыгабыз...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG