Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Дүйнөдө барган сайын виртуалдык акча же криптовалюталарды колдонгондордун саны өсүүдө. Эң кеңири тараган криптоакча – биткоин. Учурда Кыргызстанда дагы биткоинди колдонсо болот. Биткоиндин артыкчылыгы – мындай акча которуу акысы болгону төрт сом.

Дүйнөлүк каржы каатчылыгы криптовалюталардын пайда болуусуна жана өнүгүүсүнө түрткү берди. Азыркы тапта криптовалютанын 275 түрү бар жана жалпы глобалдык жүгүртүү көлөмү беш миллиард доллардан ашты. Эң көп колдонулган криптовалюта – биткоин, же кыргызча "биттыйын".

Азыр Кыргызстанда дагы "биттыйындарды" айрым акча алмаштыруу жайларында кадимки сомго алмаштырса болот, бул үчүн Бишкекте биткоин-банкоматтар бар.

Бишкектик программист Даниил Вартанов Кыргызстандын шартында криптовалюталардын артыкчылыктары жана валюта базарындагы виртуалдык акчанын келечеги тууралуу "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Бишкектик программист Даниил Вартанов.

Бишкектик программист Даниил Вартанов.

Кыргызстанда канча адам криптовалюта колдонот?

– Биткоинди эми гана колдоно башташты, ал Кыргызстанда кеңири тарагыча дагы көп убакыт керек. Маселен, Африканын Кения деген өлкөсүндө калктын үчтөн биринде биткоин-капчыктары бар, а бизде азырынча мындай маалыматтар жок. Биз улуу муун "апа, мен акчаны биткоин менен котором, кийин сомго алмаштырып аласыз" дегенди түшүнгүчө бир аз күтө турушубуз керек.

– Ал эми криптовалюта колдонгон кыргызстандыктар ал акчасын эмнелерге коротушат?

Биткоинди кадимкидей эле акча которууга жана интернеттен буюм сатып алуу үчүн колдонушат. Акча которуу арзанга түшөт, себеби үстөк пайыз жок (бул кызматка болгону төрт сом акы алынат, акча которуу кызматтары болсо жалпы суммадан 5%–10% алат). Ал эми интернеттен буюм алууда биткоин өтө ыңгайлуу, себеби дебит–кредит карта менен жүдөбөйсүң. Биткоиндин куну да салыштырмалуу туруктуу жана албетте, биткоинди колдонуу коопсуз жана дагы башка артыкчылыктарын компьютер адистери билишет. Карапайым адамдар болсо азырынча биткоиндин акча которуудагы ыңгайлуу жактарын гана байкашат.

– Кыргызстанда көбүнесе кайсыл криптовалюталарды колдонушат?

Эч бир криптовалютанын өзгөчө артыкчылыгы жок, ал эми колдонууда өтө ыңгайлуусу – биткоин. Бизде болсо биткоинди көп колдонушат. Себеби, биткоинди колдонуу үчүн инфраструктура жөнгө салына баштады. Бишкекте, мисалы, биткоин-банкоматтар пайда болду.

– Кыргызстанда криптовалюта системасынын перспективасы кандай?

Биткоин – жаңы технологиялардын мекени Кремний өрөөнүндө эмес, дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндө башталган илимий-техникалык революция экенин адистер белгилешет. Биткоинди эң көп колдонгон өлкөлөрдү караңыздар – Кения жана Аргентина. Эки өлкөдө тең улуттук валютага, инфляцияга, акчаны сыртка чыгарууга жана акчаны өлкөгө киргизүүгө байланыштуу чоң маселелер бар. Биздин чөлкөмдө дагы бул көрүнүш болуп жатат, Казакстанда теңгенин куну качаары менен криптовалюталарга кызыгуу дароо өстү.

Кыргызстан жана Тажикстандын сыртта жүргөн эмгек мигранттары өтө көп. Эми элестетиңиз, үстөк пайыз түрүндө канчалаган миллиондор акча которгон фирмалардын капчыгында калууда. Мигранттар акчаларын биткоин менен которсо, ал миллиондор мигранттардын өз мекениндеги үй-бүлөлөрүнө жетмек. Бул бизде криптовалюталарга кызыгууну арттырчу маанилүү фактор.

Бишкектеги биткоин АТМ

Бишкектеги биткоин АТМ

– Жергиликтүү банктар менен соода түйүндөрү криптовалюталарды колдонууга кандай карашат?

Банктар жакынкы аралыкта криптовалюта менен иштеши күмөн. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянсак, параллель инфраструктура пайда болот. Биткоиндерди алмаштырчу жайлар, айылдарда биткоин-банкоматтар, биткоин менен соода кылган интернет-дүкөндөр ачылат. Интернет-дүкөндөр боюнча Кыргызстанда дагы деле накталай эмес соода жөнгө салынган эмес. Биткоиндер менен кызмат көрсөтүүнүн баасы өтө арзан түшөт. Мына коңшу Казакстандын Каржы министрлиги криптовалютанын экономикага тийгизген таасирин аныктоо үчүн жумушчу топ түздү. Казакстандын интернет-дүкөндөрү төлөмдөрдү биткоиндер менен кабыл ала баштады.

– Криптовалютага санкция киргизүү мүмкүн эместигин эске алганда, мындай акча көбүнчө мыйзамсыз иштерге колдонулат деген кооптонуу барбы?

Айрым кылмышкерлер акчанын изин жашырууга же маңзаттарды биткоин менен сатканга аракеттенишкен. Алар азыр абакта, биткоин аларга жардам берген жок. Интернеттеги соода операцияларда ар бир биткоиндин изин тапса болот. Атайын өкмөттүк структура миллиондогон тармактардын кайдан келип, кайда барганын аныктай алат.

Бул интернеттеги купуялуулук сымал: эки колдонуучунун ортосунда купуялуулук сакталышы мүмкүн. Бирок өкмөт менен колдонуучунун ортосунда ачык-айкындуулук эрежелери иштейт. Ошондуктан кылмышкерлер үчүн накталай акча колдонуу алда канча ыңгайлуу.

Бишкектеги АТМ

Бишкектеги АТМ

– Криптовалюта колдонсом дегендерге кандай кеп-кеңеш бере аласыз?

– Биринчиден, биткоиндин алмаштыруу курсунан байып кетүүгө аракет кылбоо керек. Сиз АКШ доллары менен жапон иенасынын курсунан пайда көрүүнү билбейсиз да. Туурабы? Бул дагы ошол сыяктуу – доллар менен биткоиндин курсунан пайда көрүүгө аракеттенбеш керек.

Экинчиден, адегенде 100–200 сомду биткоинге которууну сунуштаар элем. Бишкекте жеке акча алмаштыруу жана биткоин банкоматтар бар. Биткоиндерди өзүңөргө которуп, анан аларды башка өлкөдөгү туугандарыңарга которсоңуз болот. Ал которууга болгону төрт сом акы алынат. Эми, өзүңүздөн сураңыз: эмне үчүн мен акча которууга көп акы төлөйм?

​Криптовалюта – 2009-жылы криптографиялык коргонуу усулдарына негизделип пайда болгон санарип акча. Аларды виртуалдык акча деп дагы коюшат. Эң популярдуусу – биткоин. Акчанын бул түрү негизинен каражат которууда, интернет-соодасында жана виртуалдык рынокто кеңири жүгүртүлөт. Биринчи биткоин-банкомат быйыл февралда Техастын Остин шаарында орнотулган.

Биткоинди колдонууга Исландияда тыюу салынган. Кытай бийликтери ар бир биткоин-транзакцияны тыкыр көзөмөлгө алган. Орусиянын айрым интернет-дүкөндөрү гана биткоинди кабыл алат. Ушул тапта 1 биткоин – 32 миң 354 сомго барабар. Үч ай мурда эле бир биткоин 21 миң 52 сом болчу. Адистер барган сайын криптовалюталарды колдонгон кыргызстандыктардын саны да өсүп жатканын белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG