Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

“Ай баратат” берүүсү кыргыз-казакка таанымал ырчы Сагийпа Чечейбаеванын чыгармачылыгына арналды.

Кудай берген талант

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Сагийпа Чечейбаевага табийгат кенен диапазондуу үн берип, жараткан андан талантты аябаптыр, деп калышат аны жакындан билгендер.

Өткөн доордун 60-70-жылдары Сагийпа Чечейбаеваны «кыргыздын Людмила Зыкинасы» деп коюшчу. Ал Нарын музыкалык драма театрында иштеп жүргөндө белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиевдин ырларынын дээрлик баардыгын аткарган.

Өмүрүлүк жолдошу, актер-обончу Асанбек Абдыласовдун «Жай түнү», «Сыр жашырган сулууга», «Геологдун ыры» жана башка ондон ашуун обонду ырларын эл алдына алып чыгат.

Ал композитор Калыйбек Тагаевдин “Элмира”, “Назгүлүм”, “Долон”, “Ат-Башым”, “Жаштык вальсы”, Чыңгыз Айтматовго арналган “Жаныбарым, Гүлсарым” аттуу көптөгөн чыгармаларын элге тааныткан.

Өзгөчө Тагаевдин «Долон» деген ырын аткарганда, өзүңдү бийик тоолордун арасында, кээде тар капчыгайда бараткандай, жүрө-жүрө бийик ашуудан ашкандай сезим калтырат



Чечейбаева менен 15 жылдан ашуун чогуу иштешип, ага аккардеон чертип берип жүргөн белгилүү обончу-аткаруучу, Кыргыз эл артисти Табылды Актанов кыргызда азырынча Сагийпадай ырчы чыга элек деп эсептейт.

- Мен он беш жылдан ашуун Сагипа эжеге аккардеон чертип берип жүрдүм. Бир дагы жолу «тамагым ооруп жатат, үнүм бүтүп калды» деген сөзүн уккан жокмун. Кыш болобу, жай болобу, концерттен кийин мейманда отургандабы, айтор ырдаганынан жазчу эмес. Көрсө жарыктыкка кудай үндү ченебей берген экен. Өзүнүн музыкалык билими жок болсо дагы ырдаганда ритмден калбай, ушундай бир созгондо көөдөнүнөн чыккан үн тээ асманга чыгып, чачылып кетпей кайра жыйналып, өзүнчө бир ажайып добуш чыгаар эле. Кайсы ырды ырдабасын ар бирине өзүнчө боёк берип, кооздоп, аябай уккулуктуу кылып ырдоочу. Анын аткаруучулук жөндөмү дагы өзгөчө эле. Кайран киши отуруштун дагы көркүн ачып, аябай шайыр, тамашакөй, күлгөнү дагы шаңкылдап бөтөнчө чыкчу.

Табылды Актанов кыргыз эли Муса менен Атай, Анвар Куттубаева менен Мыскалга гана элдик ырчы деген баасын бергенин белгилеп, алардын катарына Сагийпа Чечейбаева да кошулганын, мына ушул беш ырчыдан кийин элдин жүрөгүнөн орун алган ырчы чыга электигин кошумчалады.

Сагийпа Чечейбаеванын актерлук таланты дагы мыкты болчу. Ал Нарын музыкалык драма театрында иштеп жүргөндө «Сүйбөгөнгө сүйкөнбөдө» Гүлсене, «Жапалак Жатпасовдо» Седеп, «Алтын кызда» Ажар, «Алакандай жерде» эненин жана башка ондогон спектаклдерде ар-түрдүү мүнөздөгү кейипкерлердин кулк-мүнөзүн жаратып, укумуштуудай образдарды түзө алган. Бөтөнчө комедия жанрын мыкты аткаруучу.

Жүрөк дартын ыр деле сакай албайт тура

Мен дагы Сагийпа эже менен аз убакыт иштешип калдым. 1983-жылы август айында Ат-Башынын Босого деген жайлоосунда Нарын театрынын чыгармачыл жамааты Кожожаш кинотасмасына тартылып жаткан. Кечке маал Сагийпа эже жүрөгү катуу ооруп, эс учун жоготту. Мен чуркап барып дарыгерди, кинотобунун администрациясын чакырып келип, эс алдырып жакага түшүргөнбүз. Көп өтпөй эже Бишкекте операция болуп, жүрөгүнө жасалма аппарат койдуруптур.

1984-жылы Нарын театры Бишкекте отчеттук концерт берип, режиссер, директордун «концертке катышпай эле коюңуз?» деп каршы болгонуна макул болбой Сагийпа эже дагы катышат.

Ал тууралуу театрдын актрисасы Зуура Акылова буларды эскерди.

- Догдурлар ырдаба деген экен. Далысынан бир ичке зымча чыгып калыптыр. Магнит деп койду. «Барып догдурга көрсөтсөңүз боло, жаныңызды карабайсызбы», десек жаркылдап күлүп, «Силерди сагынып жетип келбедимби. Эртең бараармын»,-деп койду. Оорусун билдирген жок. Ушунчалык намыскөй, бардык нерсени көтөргөн аябай кайраттуу адам эле. Сагийпа эжедей болуш кыйын. Талантын барктап, менменсинип бой көтөрбөй, бала-бакырасы, үй-бүлөсү үчүн үзүлүп түшкөн мындай аял чанда.


Ошондо Сагийпа эже сахнага чыгып ырдаганда эл кайра-кайра сурап 5 ыр ырдайт. Догдурлар ага ырдаганга, жаркырап күйгөн электр жарыгына чыгууга, толкунданууга тыйуу салган эле. Ага болбой ырдаган Сагийпа эже бешинчи ырды ырдап бүтүп, көшөгөнүн артына барып жыгылганына күбө болгом.

Тез жардам келип алып кетип экинчи жолу операция жасалат. Ошондон жакшы боло албай көп узабай 1985-жылы жазында, 53 жаш курагында каза болот.

Зуура Акылова белгилегендей Нарындын артисттери шарты оор жерде иштегени аз келгенсип, мамлекетке план толтурабыз дешип жайы-кышы гастролдо жүрүшчү. Бир-эки баласын автобуска салып алып, жаңы төрөлгөн баласынын суу болгон жалаяктарын кургасын деп белине таңып алып талаа-түздө, спектакль, концерт коюшчу. Бирде ач, бирде ток, ысык-суукта жүргөнүнөн улам далай артисттер ден-соолугунан ажырап, элүү жаштан өтүп-өтпөй жарык дүйнө менен кош айтышты, дейт Зуура Акылова.



Эл сүйгөн ырчыга «Эл артисти» наамы ыраа көрүлбөгөн

Сагийпа «Сагийпа» болуп даңазасы таш жарып, дүңгүрөп турган маалда Нарынга республиканын ошол кездеги жетекчиси Турдакун Усубалиев барып калат. Ошондо облус жетекчилеринин жыйынынан кийин концерт болуп Сагийпа Чечейбаева ырдагандан кийин көпкө чейин сахнадан кетиришпей, кайра-кайра ырдатат. Анан Турдакун Усубалиев ошол кездеги облустун катчысынан сурайт, «Сагийпанын наамы барбы?»,-деп. Шашып калган облкатчы, «Ооба Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын жакында эле алды»,-деп калп айтып жиберет. Эртеси облкатчы Чечейбаеванын документин толтуртуп, борборго жөнөтүп наамга көрсөтүптүр. Турдакун Усубалиев болбогондо наам деле албай калмак деп калышчу кесиптештери.

Алардын айтымында, мурдунан алысты көрбөгөн чиновниктердин айынан Чечейбаева «Эл артисти» наамы түгүл, жарытылуу сыйлык алган эмес. Өзүнүн өнөрүнүн үзүрүн көрбөй, өлөөр-өлгөнчө эл үчүн ак кызмат кылып өткөн.

Сагийпа Чечейбаева 1932-жылы Нарын районундагы Кара-Чий айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуп жүргөндө өздүк-көркөм чыграмачылыгына катышып, элдик ырларды аткарат. Ал 7 жылдык билим алып, чарба иштерине жаштайынан аралашат. Суу сугарып, арык чаап, сакмалга барып, уй саап саанчы дагы болот. Кыскасы чарбада ал иштебеген иш калган эмес.

1947-жылы Нарында облустук олимпиада болуп, Сагийпа Чечейбаева композитор Жумамүдүн Шералиевдин «Кыздар ай», «Сулуу кыз» аттуу ырын, жергиликтүү обончу Жоомарт Чоробаевдин «Жылкычысын» ырдап чыгып 1-орунду жеңип алат.

Кийинчерек анын ырчылык шыгын байкап калган Жумамүдүн Шералиев 1956-жылы Нарынга чакыртып, маданият үйүнө жумушка алат. 1958-жылы Нарын музыкалык драма театры кайрадан ачылганда Сагийпа эже дагы актриса болуп кызматка алынып, өмүрүнүн аягына чейин театрда иштеген.

Жолдошу Асанбек Абдыласов менен чогуу театрда чыгармачылык менен иштеп жүрүп ооруга чалдыгат. Кеселдин айынан 1985-жылы кайтыш болуп, сөөгү өзү туулуп өскөн Кара-Чий айылына коюлган.

Артында эки уул, эки кызы калган. Азыр алар очор-бачар, үй-бүлөөлүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG