Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

"Митингдерден тажап өлдүм..."


Өзүн-өзү өрттөгөн Каныбек Сейитбековдун сөөгүн жерге берүү. Алай, 17-апрель.

Өзүн-өзү өрттөгөн Каныбек Сейитбековдун сөөгүн жерге берүү. Алай, 17-апрель.

“Данисте” документалдуу программабыздын бул айдагы чыгарылышында “митингдерди токтотууга чакырып”, жакында Ошто өзүн өзү өрттөгөн Каныбек Сейитбековдун бейнесине кайрылабыз.

Апрелдин 15-күнү шам аралаш Ош шаарындагы борбордук аянтта күтүүсүздөн эле колуна плакат көтөргөн бир киши өзүн-өзү өрттөп жибергени тууралуу кабар таркады. Кийинчерээк укук коргоо органдары жагдайды иликтеп, коомчулукка өрттөнгөн киши ооруканада жан бергенин, жашы 65ке чыккан бул аксакал элди митингдерден баш тартып, тынчтыкка үндөгөн кат калтырганын жарыялап калды.

10 жыл мурда Аксы окуясында башталган пикет-митингдердердин аягы көрүнбөй, андан бери эки ыңкылап, кыргыз-өзбек кыргынын баштан кечирген Борбор Азиядагы бул постсоветтик республикада элдик толкундоолор, кайсыл бир деңгээлде региондо жетишпеген демократиянын көрүнүшү катары бааланып келди. Анткен менен саясий туруксуздук жыл сайын жазында элдин үрөйүн учуруп, “күн жылыса эле кыргыздар митингге чыгышат” деген тамаша-анекдоттор да айтыла баштаган.

Балким, ошол 10 жылдан бери көчөдөгү өпкө жарган кыйкырып, бүтпөгөн талап, аткарылбаган убадалар карапайым калктын жетээр жерине жеткени чындыр?
Башка бир жагынан караганда, жан дүйнөсү таза, акындык жайы бар, эки кыз, эки уулдун атасы Каныбек аксакал балким жөн эле саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынын курмандыгына айланып жүрбөсүн?

Мунун чындыгын, Сейитбековдун жанкечтиликке барышынын себеп-жөнүн данистелеш үчүн кабарчыбыз Эрнис Нурматов Алайга сапар алды.




Бул чын эле карапайым элдин оор турмушуна кайгырып, калктын камын жебеген “эл багарларга”, бийликке тойбогон саясий топтордун тирешинен тажаган аксакалдын жүрөктөн чыккан сөзүбү? Эгер бул чын болсо, ал мурас катары калтырган сөзүнө кандай жооп болушу керек?

Биз бүгүн бул суроолорго жоопту табууну максат кылган жокпуз. Биз пайгамбар жаштан ашкандан кийин өз жанынан баш тартып, муну элди тынчтыкка үндөөнүн жолу катары тандаган аксакал деги ким экенине кызыктык.

Маркум Каныбек Сейитбеков поэзияга да жакын адам болгон экен. Жазган ырларын топтоп, чакан китепче да чыгарыптыр. Ошол ырларынан бирөөсүн сунуштайбыз.

Пикетке эмес, ышкынга бар

Сен да бардың пикетке,
Мен да бардым пикетке.
Экөөбүздүн көөнүбүз
Казы-карта, ич этте
Бийликти алып берем деп
Үч миңи жалган, үчөө чын,
Жазылып койдук китепке.
Экөөбүздүн көөнүбүз
Атаман берчү аракта,
Алгырдан келчү тамакта.
Экөөнүн көөнүн байкасаң,
Айдоо жер, эгин тарапта.
Чаңкаган тоолук кыргызга
Чалкытып тоодон суу ташып,
Евро, доллар, манатта.
Экөөбүздүн көөнүбүз
Тоз-тополоң, ачууда.
Айнектерди сындырып,
Алтынды алып качууда.
Бийликке кимдин кереги
Арактан арбын ташууда.
Экөөнүн көөнүн байкасаң,
Ашууда, бийик ашууда.
Кызгалдак терип кыраңдан
Кылымга карай шашууда.
Пикетиң менен куруп кал,
Барбагын кыргыз, барбагын.
Тополоң салып үйүңө,
Тозокту буруп албагын.



Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG