Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы аткаминерлердин 2019-2020-жылдардагы декларациясын жарыялады. Анда жогорку кызматтагы адамдардын көбү ортозаар жашары, бир тобу турак жай маселесин чече электиги көрсөтүлгөн. Мисалы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жалгыз батиринен башка эч нерсеси жок.
Аткаминерлердин "кагаз бетиндеги байлыгы"
Салык кызматынын маалыматына караганда, 6200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырып, дагы 15 миң адам байлыгын ачыктаган эмес. 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкер милдеттүү түрдө декларация тапшырышы керек. Эгер баш тартса же толук толтурбаса, анда жоопкерчилиги каралат. Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков мындай деди:
“Декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен тапшырылышы керек. 1-июлдан баштап башка мамлекеттик органдардан маалыматтарды алып, анализ жүргүзө баштайбыз. Ноябрда сайтыбызга жарыяланат. Быйыл эки жылды бир чыгардык. Анткени өткөн жылы пандемия болуп калган. Эгерде кимдир бирөөнүн декларациясы боюнча шек жаралса, анда прокуратурага жиберебиз. Ушул жерден биздин функция токтойт. Калганын прокуратура териштирет”.
Жогорку кызматтагы адамдардын декларациясына көз жүгүртсөк, алардын көбү үстүндө үйү, астында машинеси жок жүргөнүн көрүүгө болот. Мисалы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2020-жылы 815 357 сом тапканын, мындан тышкары 77 чарчы метр болгон батири бар экенин көрсөткөн. Декларация боюнча Жапаровдун бир үйүнөн башка кыймылсыз мүлкү жок.
Бирок өкмөт башчынын өзүнө караганда анын жакын туугандары алда канча бай. Алар 2020-жылы 96 млн. 745 миң сом тапкан. Ошондой эле алардын наамына ар кандай үлгүдөгү жети "Мерседес-Бенц" автоунаасы жана контейнерлер жазылган. Мыйзам боюнча, жакын тууганы деп декларанттын аялы менен балдары эсептелет.
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун пикиринде, аткаминерлердин декларациясы реалдуу байлыкты көрсөтпөйт.
“Мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер толтурган декларация формалдуу нерсе. Акылбек Жапаровдун бир эле батири бар дегенге ким ишенет? Биз ал кишинин байлыгын иликтегенбиз. Анда Жапаровго тиешелүү имараттар өзүнө эмес, жардамчысына жана офшордук компанияга катталганы аныкталган. Мисалы, Бишкектин борборундагы Damas мейманканасы Акылбек Жапаровго таандык экенин билебиз да. Салык кызматына тапшырылган декларациянын бир эле пайдасы бар. Ал журналисттер үчүн кайра иликтеп чыкканга түзүлгөн мүмкүнчүлүк”.
Акылбек Жапаровдун бир батири болсо, Октябрь окуясынан кийин президенттин милдетин аткарып, андан соң Жогорку Кеңеште төрага болуп отурган Талант Мамытовдун үстүндө үйү, алдында машинеси жок.
Ал декларациясында 2020-жылы 703 355 сом таап, анын 550 миңин коротконун жазган. Талант Мамытовдун үйү, машинеси жок болгону менен мал-жандуу болуп чыкты. Анын жалпы наркы 1 млн. 650 миң сомго жеткен төрт түлүк малы бар.
Азыр башкы прокурор болуп отурган Курманкул Зулушев 2020-жылы 750 722 сом тапкан. Салык кызматынын маалыматы боюнча, Зулушевдин да үйү жок. Болгону машинеси, компютери жана 2 млн. 600 миң сомго бааланган мал-жандыгы бар.
Акылбек Жапаров, Талант Мамытов жана Курманкул Зулушев декларацияны депутат болуп турган учурда тапшырышкан.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов кесиптештеринин байлыгы боюнча буларды айтты:
“Көбү декларацияга такыр эч нерсе жазбайт. Аялына, балдарына жазбай туруп фирма аркылуу башкара берет. Жогорку Кеңеште менден 10 эсе байлар бар. Өзүмдүн 53 чарчы метр үйүм, Toyota Yaris үлгүсүндөгү машинем бар. Башка байлыгымды тапсаңар силерге белек кылам”.
Сайдулла Нышановдун туугандарынын наамына төрт батир, бир үй жана үч гараж катталган.
Президент Садыр Жапаров кыргыз өкмөтүн жетектеп турган учурда декларация тапшырган. Ал жерде Жапаровдун 2020-жылы 247 953 сом тапканы жана айыл чарба багытындагы 6 гектар жерге ээлик кылары жазылган. Министрлер кабинетинин азыркы мүчөлөрүнөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен ИИМди жетектеп жаткан Улан Ниязбековдун декларациясы бар. Экөөнүн тең өзүнө катталган үйү жана машинеси жок.
Байлыгын эмнеге жашырышат?
Салык кызматынын сайтында аткаминерлердин 2017-жылдан берки декларациясы илинип турат. Бирок жыл сайын кызмат адамдарынын кагаз бетиндеги байлыгы боюнча сын пикир айтылып келет.
Аналитик Мүсүрбек Кабылбеков байлыкты жашырууга эмне себеп болуп жатканын мындай чечмеледи:
“Кыргызстандагы аткаминерлердин жарымынан көбү жогорку кызматтарда иштейт. Алардын көбү жалпы менчиктештирүү жүргөн 90-жылдары байыган. Мындан тышкары мыйзамсыз же шектүү жолдор менен байыгандар бар. Кыргызстанда жеке менчик керектүү деңгээлде корголбойт. Биздеги чоңдор кайсыл бир топ же таасирдүү кландар менен байланышы бар. Бийлик алмашканда алардын байлыгына кол салгысы келгендер пайда болот. Тартып алуу жүрөт. Ошон үчүн эч ким байлыгын өзүнө каттатпайт”.
2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин коомго “кустуруу” деп таанылган процесс башталган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупция менен күрөшүүдө жемкорлукка күнөөлүү чиновниктерди 6-7 млрд. сом төлөттүк" десе, Каржы министрлиги "5.5 млрд. сом түшкөнүн" айткан. Соңку бир жылдын ичинде ондогон мурдагы жана азыркы депутаттар, аткаминерлер кармалып, бюджетке акча төлөп кутулушкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мындай оюн ортого салды:
“Кустуруу” башталганда аткаминерлердин көбү коркуп кетти. Кубанычбек Жумалиев сыяктуу депутаттар акчасын төккөндө, башкалар байлыгын катып жиберишти. Башкы прокуратура декларацияга эле ишенбеш керек. Ар биринин байлыгын текшерип, “Мыйзамсыз баюу” деген берене менен кылмыш ишин козгосо болот. Бул беренени бийликтин атаандаштарынан башкага деле колдонуш керек”.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди декларация толтурууга милдеттендирүүнүн максаты коррупциянын алдын алуу болгон. План боюнча кызматтагы адамдын кирешеси менен чыгашасы, анын иштеп турган учурдагы топтогон байлыгы анализденип турмак.
Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева декларация толтуруу өз максатына жетпей калды деп эсептейт.
"Эл аралык тажрыйбада мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы коррупцияны алдын алуу үчүн иштейт. Мисалы, аткаминердин кирешеси жана чыгашасы, анын мал-мүлкү дыкат текшерүүгө алынат. Бирок биз өз максатына жеткире алган жокпуз. Кызмат адамдары байлыгын ачык көрсөтпөйт. Мамлекет болсо аларды көзөмөлгө албайт. Жарандык активисттер же журналисттер эле иликтеп чыгып жатышат".
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге жете турганы айтылып келет. Алардын айлыгына жыл сайын бюджеттен 48 млрд. сом керектелет.