Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Миллиондор изи: Парламент Матраимовду айланып өттү


Миллиондор изи: Парламент Матраимовду айланып өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:38 0:00

2019-жылы ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишмердигин, өлүмүн териштирген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Комиссия Саймаити Кыргызстандан 700 миллион доллар эмес 932 миллион доллар чыгарып кеткенин тактады. Анын айынан 6,5 миллиард  сом салык мамлекетке түшпөй калганы аныкталды. Депутаттар журналист Али Токтакуновго укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Комиссиянын корутундусунда журналисттик иликтөөнүн баш каарманы экенине карабай кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун фамилиясы аталган эмес.

2019-жылы ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишмердигин, өлүмүн териштирген депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Комиссия Саймаити Кыргызстандан 700 миллион доллар эмес 932 миллион доллар чыгарып кеткенин тактады. Анын айынан 6,5 миллиард сом салык мамлекетке түшпөй калганы аныкталды.

Депутаттар журналист Али Токтакуновго укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Комиссиянын корутундусунда журналисттик иликтөөнүн баш каарманы экенине карабай кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун фамилиясы аталган эмес.

УКМК эки күбөнүн айтканына таянып, журналист Токтакуновду "Саймаитиден акча алды" деп айыптап, бирок ага далил жок экенин билдирген. “Азаттык” радиосу жана Токтакунов аны "карандай каралоо" деп, четке кагышкан.

Саймаити Кыргызстандан чыгарып кеткен кеминде 700 млн доллар, андагы уйгур ишкери Хабибула Абдукадырдын, бажынын мурдагы жетекчи орун басары Райымбек Матраимовдун ролу тууралуу «Азаттык», OCCRP жана “Клооп” медиа мекемелери биргелешип иликтөө жүргүзгөн. Анда көзү тирүүсүндө маалыматтарды ашкере кылган булак Айеркен Саймаити бажыдан өтүп жатканда жүк ташуучу компанияны калкалап турганы үчүн Райымбек Матраимовго миллиондоп пара беришкенин айтып берген. Анын бир бөлүгү “Ысмайыл Матраимов атындагы фондго которулганын айтып, банктык документтерин көрсөткөн.

Матраимовдор айыптоолорду четке кагып, Саймаитиден болгону 200 миң доллар келгенин билдиришкен.
XS
SM
MD
LG