Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Диоген: Тиран – жапайы жаныбар


Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.02.2011.
Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.02.2011.

Байыркы гректердин демократия жана тирания тууралуу саясий анекдотторунан бир өрнөк.

Байыркы грек ойчулу Диоген өзүнүн замандашынын “кайсы жаныбар өзгөчө коркунучтуу?” деген суроосуна мындайча жооп узаткан экен:

- Үй жаныбарларынын ичинен – кошоматчы коркунучтуу, ал эми жапайы жаныбарлардан – тиран коркунучтуу”.

* * * * * * *

Бир ирет философ Платон Диогендин жакырдыгын келеке кылып мындай дептир:

- Мен ал түгүл Сиракуз шаарынын тираны Дионисийдин кулу болгон чагымда деле өзүм жей турган жашылча-жемишти жуучу эмесмин.

Анда демократ Диоген мындайча жооп бериптир:

- Эгерде Платон жашылча-жемишти өзү жууп жеп жүргөн болсо, анда ал кулчулукка кириптер болбойт болчу.

* * * * * * *

Кыска маалымат.

Философ Диоген Синоптук (Διογένης ὁ Σινωπεύς) б.з.ч. 412-жылдын тегерегинде Кара деңиздин түштүгүндөгү Синоп шаарында (азыр ал – Түркиянын аймагында) туулган жана б.з.ч. 323-жылы 10-июнда Коринф шаарында (азыркы Грекиянын аймагында) өлгөн.

XS
SM
MD
LG