Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Эболадан Кыргызстан кантип сактанууда?


Испаниядагы эбола вирусун жуктуруп алган бейтапты карантинге алышууда
Испаниядагы эбола вирусун жуктуруп алган бейтапты карантинге алышууда

Эбола вирусун алдын алуу боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык кызматынын алдындагы өзгөчө коркунучтуу карантиндик жугуштуу оорулар бөлүмү да атайын иштерди аткарууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлагандай, Батыш Африкада жайылып жаткан бул вирустан каза тапкандардын саны 11-августка карата 1013кө жетти. Алар - Гвинея, Либерия, Сьерра-Леоне, Нигериянын жарандары.

Бул өлкөлөрдүн бийликтеринин эсебине караганда, эбола вирусун дагы 1850дөй киши жуктурду деп шектелүүдө.

Европа жана Америкада Африкада саякаттап келген кишилер катуу көзөмөлгө алынып, ооруп калгандары карантинге жаткырылууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола вирусунан сактануунун жол - жобосу айтылган видеотасманы интернет сайттарда массалык түрдө таратып жаткан кези.

Бул вирусту алдын алуу боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик санэпидемиологиялык кызматынын алдындагы өзгөчө коркунучтуу карантиндик жугуштуу оорулар бөлүмү да атайын иштерди аткарууда. Аталган бөлүмдүн жетекчиси Абдыкадыр Жороев чек ара бекеттеринде вирусту текшерүү иши күчөтүлгөн режимде жүрүп жатканын маалымдады:

- Ушул ооруну Кыргызстандын аймагына алып келбөө жаатында акыркы айда эле бир топ иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек ара бекеттериндеги санитардык көзөмөл кызматкерлеринин жумушун күчөттүк. Бардык жерде, авиа, авто жана темир жол байланышынын кесилиштеринде, өтмөктөрүндө биздин кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө.

Эболаны жуктурган адамда алгач дене табы капилет көтөрүлүп, шалдырап, булчуӊдар сыздап ооруйт жана тамак сезгенет. Лабораториялык анализде кандагы ак клеткалардын азайып кетүүсү жана боордогу иштеп чыгаруу затынын төмөндөөсү байкалат. Оорунун инкубациялык, же жуккандан кийин билинбей турган убактысы 2-21 күн. Дартка чалдыккан киши менен тыгыз байланышта болгондо бул илдет аба аркылуу жугат. Эболанын так диагнозу лабораториялык анализден кийин гана билинет. Сактануунун жолдорун адис Жороев мындайча эскертти:

- Жарандарыбызга Африка өлкөлөрүнө өтө зарыл иши болбосо барбай турса деп сунуштайбыз. Эгер кокус барып калган болсо, эл көп чогулган жерлерден оолак болуп, беткап кийип, өздүк гигиенаны сактап жүрүшсө. Эгерде ооруп калса сөзсүз түрдө ошол жерде болобу, же Кыргызстанга кайтып келип калса өз убагында медицина мекемелерине кайрылышы зарыл.

Дүйнөдө азырынча вируска каршы лицензияланган вакцина жок жана аны дарылоонун ыкмалары да иштелип чыга элек.

Бирок бейтаптардын үчөө тажрыйба иретинде даярдалган дарыны алышты. Либерия сынала элек тажрыйба дарынын дозалары өлкөгө ушул аптада келерин билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола вирусун саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү глобалдык коркунуч катары баалап жатат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG