Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

"Азаттык" радиосунун банктык эсеби камакка алынды


"Азаттык медиа" мекемесинин ("Азаттык" радиосу) банктагы эсеби камакка алынды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаеванын мындай аныктамасы 14-мартта кабыл алынганы "Азаттык" радиосуна бүгүн, 22-мартта белгилүү болду.

Анда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу сотко кайрылганына байланыштуу арыздануучунун өкүлү "Азаттыктын" болгон мүлкүн жана акча каражатын камоо арызы менен кайрылганы айтылат.

Судья Жылдыз Жумабаева бул арызды канааттандырып, "Азаттык медиа" мекемесине таандык банктык эсептерин жана башка эсептер тууралуу маалыматты талап кылуу, 10 миллион сомдун чегиндеги каражатты камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды. "Азаттык" радиосунун эсебинде анчалык каражат жок болгондуктан, азырынча бардык финансылык операцияларга чектөө киргизилди.

Ушул эле соттук аныктама менен "ПроМедиа" коомдук фондунун (Zanoza.kg сайты) банктык эсеби камакка алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG