Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

"Кыргызгаздын" акциялары биринчи орунда


Орусиянын "Газпром" ишканасынын Санкт-Петербургдагы имараты, 14-ноябрь, 2013-ж.
Орусиянын "Газпром" ишканасынын Санкт-Петербургдагы имараты, 14-ноябрь, 2013-ж.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр коррупция айынан жылына 40 млрд. долларга чейин чыгаша тартат. Кыргыз малчыларын колдоо долбооруна 25 млн. доллар бөлүндү. Кыргызстанда авиажүргүнчү саны өстү. Бишкектеги фондулук биржасында болсо сатылган акциялардын көлөмү боюнча "Кыргызгаз" биринчи орундан түшпөй келе жатат.

Кыргызстанда мал-чарба базарын өнүктүрүү долбоору Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык корунун көмөгү менен ишке ашат. Долбоорго 25 миллион доллар бөлүнүп, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Долбоордун негизги максаттары жайыттарды жигердүү пайдалануу, малдын абалы жана мал продукцияларын жакшыртуу, мал чарба азыктуулугун өнүктүрүү жана базар экономикасынын шартында мал продукциясын сатуу.

Беш жылдык долбоордун алкагында мал чарбаларга жана ветеринарларга өзгөчө көңүл бурулат. Келечекте бул долбоорго Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык кору дагы 39 миллион доллар бөлүп, түштүк облустарынын малчылары да камтылат.

Төө-Ашуудагы койчулар, 17-июнь 2011-ж.
Төө-Ашуудагы койчулар, 17-июнь 2011-ж.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агрардык саясат жана инвестиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Курманбеков жайыттардын азыркы абалын төмөнкүчө сыпаттады.

– Инфраструктуранын баары талкаланып калган илгери малдар барып жүргөн жерлер, көпүрөлөр, чубак жолдор жок. Мал өтпөй калган. Коп жерлерди менчиктештирип, тосуп алышкан.

Ал эми долбоордун алкагында ажыратылган каражат эмнелерге жумшалаарын Курманбеков мындайча кошумчалады:

- Жайыттардын чек араларын тактаганга, картасын чийгенге, инфраструктурасын өнүктүргөнгө жумшалат. Илгери малды алып барып, откорчу жерлер да калбай калган. Ошолордун баарын калыбына келтирип, жолду оңдоп, көпүрөлөрдү салуу керек.

Кыргыз өкмөтүнүн айыл чарбаны каржылоо долбоорунун алкагында жалпысынан 3 миллион 180 миң сом насыя бөлүнгөн. Ири мүйүздүү малдын саны 150 миңге өсүп, өлкө боюнча 1 миллион 350 миңди түздү.

Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы буудай талаасы, 18-апрель 2013-ж.
Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы буудай талаасы, 18-апрель 2013-ж.
Кыргызстанда күзгү эгин иштери дээрлик аяктап, түшүм толугу менен жыйналып бүттү. Бул тууралуу 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстан боюнча 180.7 миң гектар аянтка күздүк буудай, 10.5 миң гектар жерге күздүк арпа эгилди. Өкмөт мамлекеттик урук корундагы 444 тонна кышкы буудайдын уруктары өлкөнүн ар тарабына бөлүштүрүлүп жатканын кошумчалады.

Өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү быйыл 1 миллион 219 миң тоннага барабар болду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 422 миң тоннага арбын. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 2012-жылга салыштырмалуу гектарына 6.5 центнерге көп. Кыргызстан боюнча 183.6 миң тонна кант кызылчасы, 61.6 миң тонна пахта жана 8.6 миң тонна тамеки жыйналган. Жылдын алгачкы тогуз айында айыл жана мал чарбачылыгы өндүргөн продукциясынын жалпы суммасы 140 млрд. сом болду.

Авиация тармагында болсо, жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын аэропорттору 1 миллион 752 миң жүргүнчүнү тейледи. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 26.3% көп. Бул тууралуу өлкөдөгү аба майдандарды иштеткен "Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому маалымдады. Январь–сентябрь айларында бардыгы болуп 18 миң 592 каттам аткарылып, былтыркыдан 26% өскөн.

Ош эл аралык аба майданы, 9-октябрь 2013-жыл
Ош эл аралык аба майданы, 9-октябрь 2013-жыл
Ал эми Ош эл аралык аэропортунда алгачкы тогуз айда 745 миң авиажүргүнчү тейленди. Бул былтыркы алгачкы тогуз айга салыштырмалуу 25% көп. Ошто жалпысынан 6 миң 604 каттам аткарылып, өсүш 31% түздү.

Дүйнөлүк банктын билдиришинче, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр коррупция айынан жылына 40 миллиард долларга чейин чыгаша тартат. Бул тууралуу Панамада өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы бешинчи сессиясында айтылды. Жыйын катышуучулары коррупция дүйнөдөгү өнүгүүнү жайлатып, ар түрдүү кылмыштарга жол ачып жатканын белгилешүүдө.

Бириккен улуттар уюмунун айтымында, коррупция социалдык жана экономикалык өнүгүүгө бут тосуп, жөнөкөй адамдардын жакшы шартта жашоосуна кедерги болуп жатат. Коррупцияга каршы Конвенциясы 2003-жылы кабыл алынып, 168 өлкө – анын ичинде Кыргызстан ратификациялаган.

Эми глобалдык базарларга учкай көз чаптырсак. "Центерра Голддун" акциялары акыркы жети күн ичинде 5 центке кымбаттап, бир баалуу үлүш кагаздын баасы 3 канада доллары 11 центти түздү. Сары алтындын баасы 12 долларга арзандап, алтындын жүз унциясы 1251 доллардан сатылып жатат. Чийки мунайдын баасы акыркы апта ичи бир доллардан ашык түшүп, бир баррель 92 доллардан сатылып жатат.

"Кыргызгаз" ишканасынын жабдуулары.
"Кыргызгаз" ишканасынын жабдуулары.
Ал эми Бишкектеги баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы апта ичи миллион сомго жакын көбөйүп, 10 миллион 997 миң сомдон бир аз ашык соодаланды. Сатылган акциялардын көлөмү боюнча "Кыргызгаз" биринчи орундан түшпөй келатат. Акыркы жети күн ичинде ишкананын 5 миллион 261 миң сомго барабар баалуу кагаздары сатылды. Өткөн аптада алматылык акционер "Кыргызгаздын" 100 миң акциясын 4.7 миллион сомго саткан.

"Кыргызгаздын" акция баасы 67 сом чегинде 2008-жылы бекитилген. Мамлекеттик мүлк кору баалуу үлүш кагаздардын 87.9%, Социалдык фонд – 5.66% жана башка акционерлер 6.3% акцияларга ээлик кылат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG