Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Египетте тажик жарандары айыпталууда


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.

Тажикстандын төрт жаранына “Ислам мамлекети” радикал тобу менен байланышы болгон деген айып тагылды. Алар ушул жылдын сентябрь айында Египетте кармалган болчу.

Египеттин коопсуздук кызматы үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Тажикстандын төрт жаранын Каир шаарында кармаган. Ошол кезде Египет маалымат каражаттары тажикстандыктар турист катары келип, бирок жаштарды “Ислам мамлекети” радикал тобуна тартууга аракеттенишкен деп жазышкан эле.

Тажикстандын бул өлкөдөгү элчилигинин кызматкери тергөө иштери уланып жатканын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди.

- Сот тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүү максатында кармалган төрт жарандын абактагы мөөнөтүн узартты. Элчиликтин кызматкерлери кармалгандар жана алар менен иш алып барып жаткан органдын өкүлдөрү менен байланышып жатат. Сот иштерине катышууда. Элчилик тергөө иштеринен кийин алардын күнөөсүз экени аныкталып, эркиндикке чыгат деп ишенип турат.

Соттук жараян жабык өтүп жаткандыктан жана тергөө иштери аягына чыга элек болгондуктан кармалган жарандардын аты-жөнү, кандай жагдайда кармалганы тууралуу маалымат толук айтыла элек.

Бул иш менен тааныш Каирде окуган тажикстандык студенттердин айтымында, кармалгандардын биринин аты Али. Ал ал-Азхар университетинде окуса, Эшон деген экинчи бала Айн-Шамс университетинде окуган.

“Ислам мамлекети” радикал тобу менен байланышы бар деп айып тагылгандардын бири ишкер катары белгилүү. Учурда төртөө тең Гиза шаарында убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

- Эшон өзүнчө камерада экен, калган үчөө өзүнчө. Алар кармалып турган жайдын шарты абдан начар. Аларга тамак-аш алып кирип берүү же сүйлөшүү үчүн араң уруксат алып жатабыз, - деди атын жашыруун калтырууну өтүнгөн студенттердин бири.

Алардын айтымында, учурда айыпталып жаткан тажикстандыктар Каир шаарынын четиндеги байыркы пирамида тарыхы менен таанышуу үчүн барышкан. Ошондой эле төртөө тең Дүйшөмбү шаарында жашай турганын билдирген.

Тергөөчүлөр алар тарыхый жайда саякаттап жүргөн туристтерди “Ислам мамлекети” уюмуна жалдоого аракеттенишкен деп эсептешет. Элчиликтин кызматкерлерине берилген маалыматта тажик жарандарынын машинеси тинтилгенде канжар, аскерлердин униформасы, согушкер топко кошулууга үндөгөн үгүт материалдары табылганы айтылат. Египет өкмөтүнө каршы үндөгөн маалыматтарды Twitter жана Facebook социалдык тармактары аркылуу жөнөтүшкөнү аныкталган.

Египет маалымат каражаттары, кармалгандар сурак маалында “Ислам мамлекети” радикал тобу менен байланыштары бар экенин моюндарына алышканын жазышты. Ал эми тажикстандык студенттер бул маалыматты четке кагып, жердештеринин аталган уюмга тиешеси жоктугун айтышууда. Студенттердин бири:

- Египет коопсуздук кызматынын колуна түшсөң бир нерсени далилдөө өтө кыйын. Алар башында койгон күнөөлөрдү оңой менен алмаштырбайт. Ошондуктан “Ислам мамлекети” тобуна байланышкан деген айып ошол бойдон калышы мүмкүн.

Адвокат алардын күнөөсүз экенин далилдөөгө бардык аракеттер жасалганын, бирок акыркы сөздү сот айтарын белгилеп жатат. Алгач сот иши 26-октябрда болот деп айтылып, бирок белгисиз себептерден улам бир айдан ашуун убакытка жылдырылды. Бул Тажикстан жарандарынын “Ислам мамлекети” радикал тобуна байланыштуу делип чет өлкөдө кармалган биринчи учуру.

Расмий маалымат боюнча Тажикстандын 200дөй жараны Сирия менен Ирактын өкмөттөрүнө каршы күрөшкөн согушкерлердин катарында жүрөт.

Сентябрь айында Тажикстандын Гүлистан айылынын 25 жаштагы Ахтам Олимов аттуу жараны Сирия чек арасында кармалган. Ал Сириядагы согуштук аракеттерге катышканын тергөө маалында моюнга алган.

Тажикстанда Ислам борборунун уламалар кеңеши Сирияга барып согушка катышуу же ага чакырык таштоо “чоң күнөө” деген фатва чыгарды. Бул тууралуу Тажикстандын Уламалар кеңешинин башчысы Саидмуккарам Абдулкодирзода билдирген:

- Башка ислам мамлекетинде болсун, ар бир мусулман мусулман менен согушканга, аскерий аракеттерге катышууга болбойт. Элди өз өлкөсүнүн жетекчилерине каршы күрөшүүгө, коомдук абалды чайкап, элдин тынчын алуу, элдин биримдигин бузган жарабаган иш. Булар чоң күнөө болуп эсептелет.

Айрым маалыматтар боюнча, “Ислам мамлекети” жана “Жабхат ан-Нусра” радикал уюмдары менен бирдикте 15 миңдей чет элдиктер согушууда. Алардын арасында Борбор Азиянын миңдей жарандары бар экени, 200дөйү тажикстандыктар болушу ыктымалдыгы айтылууда. Тажик президенти өз билдирүүсүндө бул көрүнүштү айыптаган. Анын айтымында, ушул кезге чейин 30дай тажикстандык жаран Сириянын аймагында каза болгон.

XS
SM
MD
LG