Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

World Press Photo сынагында “арап жазы” жөнүндөгү сүрөт жеңди


С.Аранданын дал ушул сүрөтү быйылкы жеңүүчү аталды
С.Аранданын дал ушул сүрөтү быйылкы жеңүүчү аталды
World Press Photo дүйнө басма сөзүндөгү сүрөт жаатында эң абройлуу сынак катары белгилүү. Анын 2011-жыл боюнча сынагында баш байгени испаниялык фотограф Самуэл Аранданын Йемендеги демонстрация учурунда тарткан сүрөтү утуп алды.

Анда паранжа жамынган аял өзүнүн жарадар болгон тууганын жөлөп отурганы көрсөтүлгөн. Сүрөт ошол күндөрү Санаа шаарында жарадар болгон демонстранттардын ооруканасы катары колдонулган мечитте тартылган болчу.

“The New York Times” гезитине басылган бул сүрөттү калыстар тобу “Кийинчерээк арап жазы катары аталып калган окуялардын болушунда жөнөкөй элдин биримдигин, эрдигин көрсөтөт” деп тапкан.

XS
SM
MD
LG