Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Эки айда 2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-март, 2024-жыл.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-март, 2024-жыл.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, өлкөдө жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталды. Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинде эки иш Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен, төрт иш аталган кодекстин 130-беренеси ("Саламаттыгына оор залал келтирүү"), экөө 131-беренеси ("Саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү"), 12 иш 154-берене ("Зордуктоо") жана башка беренелер менен козголгон.

Булардын ичинен 32 иш сотко жөнөтүлүп, 25 иш өндүрүштөн кыскартылган, учурда өндүрүштө 13 кылмыш иши бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эки айда 2247 адамга, анын ичинен 2086 аялга, 112 эркекке жана 49 балага коргоо ордери берилген.

Бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен 764 протокол түзүлүп, 727 протокол сотко жиберилген.

Айыпталган 204 адам сот чечими менен административдик иштерге тартылса, 396 адам камакка алынган.

Бузуулар кодексинин 71-беренеси (Ордердин шарттарын аткарбоо) боюнча алты протокол түзүлгөнү кабарланды.

4-апрелде Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 34 жаштагы келин каза тапты. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалып, эки айга камалды. Кылмыш болгон күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну өзү менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Ал аялды өлтүрүп, тогуз күндөн кийин сөөктү таштандыга таштап кеткен.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып, айрымдары өлүм менен аяктайт. WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG