Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эркин жашоо же капаста калуу элдин эркинен


Автоунаанын каалгасына тартылган Сталиндин сүрөтү.
Автоунаанын каалгасына тартылган Сталиндин сүрөтү.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Мындан он эки-он үч жыл илгери, Орусияда миграцияда жүргөндө орустардын борбордук телеканалдарынын биринде "Орусиянын тарыхындагы эң таасирдүү тарыхый инсан ким болгон?" деген суроонун тегерегинде сурамжылоо жүргүзүшкөнүнө күбө болуп калдым.

Жаңылышпасам, сурамжылоонун жыйынтыгы эки айдан кийин чыгарылды. Тизменин башында Сталиндин турганы (аны үчүнчү орунга татыктуу деп табышыптыр) мени аң-таң калтырды. Орустар артыкчылыкты Лев Толстойго, Достоевскийге, Чеховго, Чайковскийге эмес, бүт акыл-эстүү адамзат Чынгызхан, Гитлер сыяктуу тиран деп эсептеген Сталинге беришиптир. Мен буга чейин эң акыйкатчыл, калыс, эркиндикти сүйгөн эл деп ишенип жүргөн алар миллиондордун канына забын болгону аз келгенсип, СССРдин курамына кирген элдердин жан-тенине кулчулук аң-сезимди зордоп сиңирген заалимди мынчалык көкөлөтүшкөнү акылыма түк сыйбады. Бул бир техникалык ката болсо керек деп, алгач такыр ишенбедим. Жок, чын экен. Кийин да ошол эле тизмени бир нече жолу жарыя кылышты. Ошондо жан дүйнөм дүрбөлөңгө түшүп, кыйлага дейре санаам тынч албады. Менде биринчи жолу орустардын азатчыл эл экендигине шек жаралып, өзүмчө мунун себебин издей баштадым.

Буга элди жетимиш жыл темир капаста кармаган лениндик-сталиндик-коммунисттик режим эле күнөөлүү болбосо керек. Менимче, мунун себеби тереңде болсо керек деген ойго келдим. Анткени тоталитаризмдин торунда ошончо эле мезгил биз менен чогуу жашаган Балтика боюндагы элдер орустар сыяктуу (же бизчилеп) "күчтүү бийликти" (авторитардык режимди) самабай, аз эле убакытта демократиялык өлкө куруп кетишпедиби. Демек, маселенин төркүнү башкада.

Балким, орустардын мындай жалтак мүнөзү тээ крепостнойлук укук доорунда калыптангандыр. Падыша Александр II 1861-жылы крепостнойлук укукту жоюп салса да малайлардын көпчүлүгү эркиндиктен баш тартып, кожоюндарынан кеткиси келген эмес экен. Мүмкүн, ондогон кылымдардан бери элдин канына сиңген кулчулук психологиядан арылуу оңой эместир. Качан болсо жаңы кожоюнду, жаңы тиранды (кечээ Сталинди, бүгүн Путинди, а эртең дагы башкасын) көксөп турушканы ошондон уламдыр.

Тилекке каршы, биз, борбор азиялыктар да (айрыкча карапайым эл) өз эркибизди бөлөктөргө байлап берип, "ач кулактан тынч кулак" жашаганды туура көрөбүз. Ички туюмубуз "мейли, анча-мынча какыс-кукус кылып, басмырласа эч нерсе эмес, падыша деген падыша да, кандай башкарса өз эрки" деп, дайыма камчысы катуу падышаны самап турат. Бул Эрих Фромм жазгандай, жаңы социалдык кырдаалга же турмуш-шартка байланыштуу эркиндиктен качуу же аны чануу эмес, бул биздин табиятыбызда илгертен жашап келе жаткан нерсе. Ошол себептүү отуз жылдан ашса да чөлкөмдө бир дагы демократиялык өлкө кура албадык.

Азыр да кээ бирөөлөр тээ Акаевдин доорундагыдай ойлоп жатканында менин күмөнүм жок. Алар: "Жапаров, Ташиев кетсе эле бүттү, баары өзгөрөт, бүгүн Кыргызстандын мындай туңгуюк абалга келишине ушулар гана себеп болууда!" деп ойлоп жатат. Жапаров, Ташиевдер кетсе эле эч нерсе өзгөрбөйт, алардын ордун жаңы Жапаров, Ташиевдер басат. Отуз эки жылдан бери баары кандай кайталанып келсе, дал ошондой кайталана берет. Өлкөдө бир нерсе өзгөрүш үчүн эң биринчи биз өзүбүз өзгөрүшүбүз керек. Биздин аң-сезимибиз, көз карашыбыз, түшүнүгүбүз өзгөрүшү керек. Кулчулук аң-сезимден, кулчулук түшүнүктөн арылышыбыз зарыл.

"Президент – биздин падышабыз же ханыбыз, ошондуктан ал бизди каалагандай башкарууга, кагып-сөгүүгө, тебелеп-тепсөөгө укуктуу" дебей, "президент биздин кызматчыбыз, биздин кулубуз, андыктан ал биздин бардык мыйзамдуу суроо-талаптарыбызды угуп, биздин маселелерибизди өз убагында чечүүгө милдеттүү. Антпейби, жалпы эл алдында жооп берсин!" дешибиз абзел. Тактап айтканда, президент бизди эмес, биз президентти тескеп, камчылап турушубуз шарт. Ошондо баары өзгөрөт. Ошондо биз каалагандай президентти ханга эмес, тескерисинче, кызматчыга айландырабыз.

Гитлер дагы, Сталин дагы, бүгүнкү дүйнөлүк залимдер дагы өзүнөн-өзү пайда боло калганы жок. Алардын баарын өз эли жараткан. Алардын пайда болушуна жалпы караламан калктын кайдыгерлиги, коркоктугу, энөөлүгү, ээрчимелиги, наадандыгы себеп болгон.

Саясий куугунтуктун айынан өз мекенинен безип, Америкада жашап калган жазуучу Сергей Довлатов: "Биз качан болсо Сталинди каргап-шилейбиз. Ырас, ал ошого татыктуу. Бирок төрт миллион жалааны ким жазды? Мен ушуну сурагым келет. Дзержинскийби? Ежовбу? Абакумов менен Ягодабы? Жок. Аларды кадимки эле карапайым советтик кишилер жазган", - деп Жугашвилинин канкор Сталинге айланышына жөнөкөй элдин салымы кандай болгондугуна таасын мүнөздөмө берген экен.

Ал Сталин жана сталинизмге (бул дүйнөдөгү жалпы эле тоталитаризмге тиешелүү) минтип баа берет: "Сталиндин кезинде Кудай бар эле, ал Кудай – анын өзү болчу. Дин бар эле, ал дин – Ленин менен Сталиндин иши болчу. Бейиш – жаркын келечек, а тозок капиталисттик өлкөлөр эле. Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса – кыямат кайым келет деп эсептелчү. БК саясий бюросундагылар касиеттүү олуялар эле. Партиянын айтканы жана кылганы гана туура делген бузулгуз эреже бар болучу. Эң башкысы, темирдей тартип бар эле. Үлгүлүү лагердик барактын тартиби. Ушунун баары өлкөнү кыйроого алып келди. Эми сталинизмдин бүт былыгы ашкереленсе да Сталиндин тушунда торолгон кишилер сталинизмдин антитезасы анархия менен мыйзамсыздык деп эсептешет.

Ал эми биз, АКШда канча жыл жашаган адам катары сталиндик темирдей тартиптин каршысы анархия эмес, а эркиндик экендигин жакшы билебиз. Нью-Йорктогу каалаган суперинтендантка (бул Союздагы үй башкаруучуга окшогон киши), каалаган фабрика жетекчисине, каалаган мекеменин каалаган чиновнигине кирбеңиз; америкалык каалаган сенатордун кабыл алуусунда болбоңуз, Нью-Йорк мэри Эдвард Кочтун планёркасында катышпаңыз (бул оңой эле), мында советтик эң үлгүлүү делген кеңсеге караганда тартип жүз эсе мыкты экендигине ынанасыз. Анүстүнө мында бирөө бирөөдөн коркпойт, эмне оюна келсе, ачык айтат. Биякта Рональд Рейганды көкөлөтүп эч ким ырдабайт, эч ким Жорж Буш тууралуу киноэпопеяларды тартпайт. Америкалык балдар мамлекеттик катчы Жеймс Бейкердин сүрөтүн эмес, айбандар менен кемелердин сүрөтүн тартат. Бирок америкалыктардын мекенчилдиги өзгөчө жана биз буга кадам сайын күбө болобуз.

"Литературная газетанын" бетинде жүргөн Сталиндин инсаны жөнүндөгү талкуулардын биринде журналист Мороз мындай дейт: "Балким, жүз жылдан кийин психиатрия окуу китептеринде Сталин синдрому тууралуу жазылып калар. Мындай болбогон күндө да демейки эсибаштык, делбелик түшүнүктөр Сталиндин жорук-жосунуна толук баа берүүгө жетиштүү. … эгерде Сталинди акыл-эси жайында болгон деп тапсак, анда биз баарыбыз эсибашпыз".

Мен анын пикирине кошулам. …Сталинди жараткан доор канчалык акылдан азган болсо, Сталин да ошончолук акылдан азган. Албетте, биз баарыбыз эле делбетап эмеспиз. Бирок биз баарыбыз - эң акылман жана көрөгөчтөрүбүз дагы - ошол оомал-төкмөл заманда жашадык жана анын запкысы түбөлүк эси-көөнүбүздөн чыккысыз болуп калды. Мындан 70 жыл илгери дүйнөдөгү эң чоң мамлекет адамзаттын салттуу жолунан адашып, бул каргашалуу жылдар Сталиндин патологиялык инсанын жаратты. Ал өз кезегинде, кери байланыштын мыйзамы боюнча сиз экөөбүздүн доорубузду аныктады. Биз майда залимдерден - мейли ал улук вахтер болсун, же орто мектептин завучу болсун - эч качан кандайдыр бир табышмактуу нерсени көргөн жокпуз да, туурабы? Ал эми Сталин дагы ошолордой эле, ал мен үчүн – мен ишенем, көпчүлүк бөлөктөр үчүн дагы – болгону колуна чексиз бийликти топтоп алган майда залим".

Довлатовдон бул кеби жогорудагы менин айтканымды дагы бир жолу далилдеп жатат. Тарыхта тирандардын тиран болуп калышына жалпы элдин, коомдун салымы чоң болгон. Кудай бетин ары кылсын дейли, кокус эртең бизде да кайсы бир президент "кыргыз башыга" айланып, түбөлүк тактыда отуруп калса, бул үчүн биз баарыбыз жооптуу болобуз. Сталиндин убагындай андай "кыргыз башынын" (б.а. тирандын) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдери, айыл өкмөт башчылары, маале башчыларына чейин өзү сыяктуу залимге айланып кетпейт деп ким кепилдик берет? Ошондуктан бийлик башына ким келбесин, кайсы президент болбосун өз укугубуздун чегинде катуу талап коюп, камчылап иштетүүгө тийишпиз. Ал залим-зулумга эмес, тескерисинче, жумурай-журттун кызматчысына, кулуна айлангандай болсун.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG