Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

ЭТНОГРАФ КАКЕН МАМБЕТАЛИЕВАНЫН КӨӨНӨРБӨС ТАРЫХЫЙ МУРАСТАРЫ


Кыргызстандагы кыз-келиндерден чыккан биринчи этнограф- окумуштуу, тарыхчы Какен Мамбеталиев атындагы коомдук кор ачылганына эки жылдын жүзү болсо да илимий-конференцияларды өткөрүп, биринчи этнографиялык семинардын катышуучуларынын көлөмдүү жыйнагын китеп кылып чыгарды. Ошондой эле Какен Мамбеталиеванын көзү тирүүсүндө жарык көрбөй калган «Кыргызстандын жумушчуларынын турак- жайы жана турмуш- тиричилиги. Тарыхый этнографиялык очерк» деген китеби да чыкты.

Какен Мамбеталиева атындагы коомдук кору 2006- жылы уюшулган. Эки жылдан бери коомдук кор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимге умтулган 12 студентине Какен Мамбеталиева атындагы стипендия берип келүүдө. Ошондой эле элеттик мектептерге окуу куралдарынан жана усулдук жагынан жардам берүү менен мыкты окуган окуучуларга да стипендия чектеген.

2006- жылы Какен Мамбеталиеванын 70 жылдыгына карата этнографиялык биринчи семинар-кеңешме уюшулуп, ага 60тан ашуун илимпоз- окумуштуулар катышкан. Алар этнография, антрапологоия жана ага чектеш илимдер боюнча изилдөөлөрү, эмгектери менен катышып, ошол илимий макалаларды иргеп элүүгө жакын окумуштуунун 400 беттен турган көлөмдүү жыйнагын да чыгарды.

Какен Мамбеталиеванын шакиртинин бири, өлкөнүн улуттук илимдер академиясынын мүчө- корреспонденти, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановдун пикиринде, кийинки 20 жылдан бери мындай ар тараптуу көлөмдүү жыйнак чыккан эмес. Бул жыйнактын жарыкка чыгышы жаш окумуштууларга чыгармачыл демөөр берип, илимге кызыгуусуна өбөлгө болду.

- Себеби жыйнакта Кытайда, Өзбекстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын жашоо-тиричилиги, каада- салттары, өлкө аймагындагы жана Кошой-Коргондогу археологиялык табылгалар, боз үй жасалгалары, зергерчилик, элдик медицина, улуттук азыктар жана башка ар кыл темадагы иликтөө-изилдөөлөр камтылган.

Кыргызстан эл аралык университетинин кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Алыбек Акуновдун айтымында Какен Мамбеталиеванын көзү өткөндөн кийин 23 жылдан кийин жарык көргөн «Кыргызстандын жумушчуларынын турак- жайы жана турмуш- тиричилиги. Тарыхый этнографиялык очерк» деген китебиндеги көйгөйлүү маселелер учурда да орчундуу жана маанилүү.

-Себеби Бишкек шаарын чептей курчап турган отузга жакын жаңы конуштардагы элеттен келген атуулдардын турмуш-тиричилигин, жашоо ыңгайын жана этнографиялык өзгөчөлүктөрүн иликтөөдө Какен Мамбеталиеванын эмгектери негиз болуп бере алат,- дейт Алыбек Акунов.

Какен Мамбеталиев атындагы коомдук корунун жетекчиси, философия илимдеринин кандидаты Гүлмира Мамбеталиеванын айтымында кордун негизги максаты- туңгуч этнографтын илимий мурастарын сактоо, жаштарга жайылтуу, этнография, антропология жана башка илимий изилдөөлөрдү социалдык жактан колдоо, биргелешип иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана чет өлкөлөр менен илимий байланыштарды бекемдөө, эл аралык илимий семинар-кеңешмелерди өткөрүү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG