Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Улуттук адабий-көркөм сыныбыз менен адабият таануубуздун залкар өкүлдөрү К. Асаналиев, А. Салиев, К. Бобуловдор менен бир катарда Кыргызстанда айтматов таануу илиминин башатында турган дагы бир ысым бар. Ал – Бакен Ашымбаев.

Айрым бир иликтөөлөрдө гана аты аталбаса, бүгүнкү күнү бул адамдын ысымы дээрлик унутта калды десек жаңылышпайбыз. Бакен Ашымбаев айрыкча 1960-жылдардын биринчи жарымында бир топ активдүү иштептир. Улуу калемгердин ар бир чыгармасы жана ал көркөм туундулардын негизинде искусствонун башка түрлөрүндө пайда болгон чыгармалар тууралуу тыкыр талдоолорду жүргүзгөн макалаларды байма-бай жазып, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан иш-чаралар, жаңылыктар, ал турсун атактуу жазуучунун дарегине төгөрөктүн төрт бурчунан келген ар түрдүү маанидеги – негизинен калемгердин чыгармаларын окуган соң тамшана жазылган – каттар менен да атпай журтту ар качан тааныштырып туруптур. “Жамийла” повести жөнүндө “Чыңгыз Айтматов айткан баян” (“Мугалимдер газетасы”, 1961, 31-март), ”Делбирим” повести тууралуу “Кызыл жоолук секетим” (“Мугалимдер газетасы”, 1961, 22-август), “Бетме-бет” повестинин негизинде коюлган спектакль жөнүндө “Биздин пикирлер жана сунуштар” (“Ленинчил жаш”, 1961, 24-сентябрь), “Жамийла” повестинин негизинде коюлган аты уйкаш опера тууралуу “Жамийла” жөнүндө сөз” (“Советтик Кыргызстан”, 1961, 27-сентябрь), “Биринчи мугалим” повести жөнүндө “Мугалим жөнүндө баллада” (“Ленинчил жаш”, 1962, 17-январь), “Ботогөз булак” тууралуу “Турмуш чакырат” (“Советтик Кыргызстан”, 1962, 1-апрель), “Тоолор жана талаалар повесттери” жыйнагы Лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп, кызуу талкуу жүрүп жаткан учурда (сыйлык алгандан кийин эмес) “Жылдыздуу адамдар” (“Советтик Кыргызстан”, 1963, 21-февраль) деген макалаларын байма-бай жазып, анан аларды республикабыздагы абройлуу басылмаларга үзгүлтүксүз жарыялап турган. Жогоруда саналып өткөн эмгектердин жазылышы жана жарыяланышынан ачык байкалып тургандай, кийин-кийин республикабыздын айрым айтматов таануучулары өз чыгармачылыктарында салтка айландырган жөрөлгөнүн – улуу калемгердин ар бир жаңы чыгармасы тууралуу атайын макалаларды жазуу жөрөлгөсүнүн – башында дал ушул Бакен Ашымбаев тургандыгына күбө болобуз. Бакен Ашымбаев жогоруда аталган эмгектерин кайрадан карап чыгып, алардын илимий пайдубалын дагы да бекемдеп, публицистикалык пафосун дагы да жогору көтөрүп, натыйжада, 1965-жылы эч бир ойкуштама коштоосу жок “Чыңгыз Айтматов” деген жөпжөнөкөй эле аталыштагы китебин жарыкка чыгарат. Бул китеп жөнүндөгү атайын сөзүбүздү кийинкиге калтырып туруп, азыр каралып жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар айрым бир ойлоруна жана Бакен Ашымбаевди жакындан билген жолдошторунун эскерүүлөрүнө токтолгум келип турат.

“Бакен Ашымбаев деген ким?”

Азыркы муун окурмандар арасында ушундай собол өзүнөн-өзү пайда болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул суроонун белгилүү бир деңгээлдеги жандырмагын профессор Абдыкадыр Садыковдун “кыска эскерүүсүнөн” табабыз. Илимпоз минтип жазат: “Кыргызстандагы Айтматовго арналган саамалык китеп 1965-жылы Бакен Ашымбаев тарабынан чыгарылды. Бул жигит экөөбүз университетте (биз студент кезде пединститут болчу) бирге, бир партада отуруп окуп жүрүп бүткөнбүз... Көбүнчө “Советтик Кыргызстан” газетасында эмгектенди. Макалаларды тез-тез жазып, калайык-калкка таанылып калыптыр. ...газета жумушуна байланыштуу адамдар менен тыгыз карым-катышта болуп, көпчүлүк жазуучуларды жакшы таанып алыптыр. Ошолордун катарында Чыңгыз Айтматов менен да кадимкидей баарлашып, чыгармачылык темаларда аңгеме-дүкөн куруп калганын мага бир-эки жолу кабарлаганы эсимде. Бир күндөрдө мага кеңеш салды: ”Айтматов жөнүндө бир китеп жаздым, “Мектеп” басмасынан чыкканы жатат, сен ошого рецензия жазып бер”. Мен ал тапшырманы тез эле аткардым. Эмгек журналисттик жакшы тил менен жазылып, илимий да, публицистикалык да маанайда аткарылыптыр. Ал элге тез эле жетти. Автор кубанып жүргөнү сезилчү. Анан да бир күнү эски академиянын (азыр Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги геология институту жайгашкан имарат – С.А.) жанынан жолугуп, “мен ушул китептин негизинде кандидаттык диссертация коргосом болобу?” – деди. Мен анын планын жактырдым. Ошентип жолдошум демденип жакшы жүрүп эле больницага түштү. Көп узабай мерт болду. Шаардагы курбуларынын бир тобу чогулуп, аны көмүүгө кам көрүп жаттык. Ошондо Чыңгыз Айтматов Бакендин үйүнө келип, анын табытынын жанында көзүнө жаш алып турганын көргөм.

Бул кыска эскерүүнү айтып жатканымдын себеби эмне? Ал анын “Чыңгыз Айтматов” аттуу 184 беттен турган эмгегине байланыштуу. Мында “Бетме-беттен” тартып, “Гүлсаратка” чейин бардык чыгармаларына билермандык менен жакшы талдоо берилген. Ал убакта Айтматовдун аты көкөлөп, обого чыккан кез, бирок айрым повесттери тууралуу күңкүлдөгөн сөздөр анын калемдештеринин арасында дагы эле токтой элек болчу. Бакендин эмгеги ичи тарлардын жүрөгүнө чок салды, анткени ал жазуучунун чыгармалары тууралуу баштан аяк өтө шыктанып, өтө эргүү менен сөз кылат. Калемгердин жан-дүйнөсү ал жараткан көркөм перзентте чагылат деп айтылат эмеспи. Анын сыңарындай Бакендин Чыңгызды жекече жакшы билиши анын китебинин ийгилигине көп жагынан көмөктөш болсо керек.” (А.Садыков. Кыргызстанда Айтматов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү. (Илимий очерк) – Б.: 1992. 7-8-бб.)

Мына ушундай өкүнүчтүү тагдыр...

Бакен Ашымбаев китебине жанрдык жактан “сынчыл-биографиялык очерк” деп аныктама берет. Эмгек менен таанышып чыккан соң бул аныктаманын туура экендигине ынанабыз жана ал турсун “Чыңгыз Айтматов (Сынчыл-биографиялык очерк)” деп аталган бул китепти толук кандуу илимий монография деп айтканыбыз туура болот демекчибиз. “Очерк” деген термин бул жерде сынчыл, илимий мааниге ээ болуп тургандыгын, илимдин тарыхында мындай тажрыйба боло келгендигин да эстен чыгарбаганыбыз оң. Айталы, кыргыз тарыхын, этнографиясын, маданиятын мыкты билген көрүнүктүү окумуштуу С. М. Абрамзондун эң мыкты илимий иликтөөлөрүнүн бири “Очерк культуры киргизского народа” (Фрунзе, Кыргызмамбас, 1946) деп аталса, кыргыз адабиятынын чоң билерманы М. И. Богданованын “Киргизская литература” деген фундаменталдуу эмгеги да (Москва, “Советский писатель”, 1947) тек гана “очерк” деп аталган. Ал эми өзүбүздүн атактуу аалымыбыз Кеңешбек Асаналиевдин 1-бөлүмү 1957-жылы, 2-бөлүмү 1960-жылы Илимдер академиясынын басмаканасынан басылып чыккан нукура илимий мүнөздөгү изилдөөсү “Кыргыз совет прозасынын очерки”, ал эми даркан жазуучубуздун өмүрү, чыгармачылыгына арналган дагы да болсо нукура илимий иликтөөсү “Түгөлбай Сыдыкбеков. (Кыскача чыгармачылык очерк)” (Ф.: Кыргызмамбас, 1960) деп аталат. Адабият жөнүндөгү илимдин дүйнөлүк тарыхында мындан башка да мисалдар толтура. Д. Дидронун, Ж.-Ж. Руссонун, кийинкилерден А. Ф. Лосевдин, Г. Д. Гачевдин илимий очерктерин эстеп көрөлү... Бакен Ашымбаевдин бул китеби тыкан жазылган “Сөз башын” кошпогондо жети бөлүмдөн турат. Биздин изилдөө ишибиздин объектисине тикеден-тике тиешелүү ойлорун “Өмүр жолу” деп аталган биринчи бөлүмдөн жолуктурабыз. Алгач эле улуу калемгердин өмүр-тагдырына кызыккан көптөгөн окурмандар үчүн кызыктуу болгон, бүгүнкү айтматов таануучулар тактай турган маалыматка туш болобуз. Бакен Ашымбаев минтип жазат: “Анын (Ч.Айтматовдун – С.А.) студент кездеги даярдыгы акыр аягы кыргыз драматургиясынын бир кыйла чыгармаларын орус тилине которууга мүмкүнчүлүк берди.” (Б.Ашымбаев. Чыңгыз Айтматов. (Сынчыл-биографиялык очерк) – Ф.: “Мектеп”, 1965.13-б.).

Ч. Айтматов чыгармачылыгын башталыш этабында орус тилинен эне тилибизге начар таржымаланган котормолор жөнүндө макалаларды жазгандыгын, өзү да кээ бир көркөм туундуларды – Валентин Катаевдин “Полктун уулу” деген повестин, Михаил Бубеновдун “Ак кайың” деген романын – кыргызчага которгондугун, “Тоо арасында” дилогиясынын экинчи китебин, айрым очерктерди орусчага таржымалагандыгын билчүбүз, бирок, “кыргыз драматургаясынын бир кыйла чыгармаларын орус тилине которгондугу” тактала турган маалымат. Андан соң Бакен Ашымбаев калемгердин “...чакан аңгемелери газета-журналдарга басылып турду”, – деп (Б.Ашымбаев. Чыңгыз Айтматов... 13-б.) жазат да, өз оюн минтип улайт: “Айтматовдун чыгармачылык чыйыры 1952-жылы салынды. “Гезитчи Дзюйо” деген аңгемеси орус тилинде “Комсомолец Киргизии” газетасынын бир нече сандарына (туурасы: бир санына – С.А.) жарыяланды. Ага удаа “Ашым”, “Сыпайчы” жана башка аңгемелери жарык көрдү. Бирок, бул аңгемелер психологиялуу келип, кичине формадагы жанрды өз алдынча табылгалар менен байыткандыгына карабастан, Айтматовду жазуучу катары анча тааныта алган жок.” (2, 36-б.) Албетте, бул адилет пикир эле.

Жогоруда биз Бакен Ашымбаев менен бүгүнкү окурмандарды үстүртөн болсо да кайрадан тааныштыра кетүү да зарыл экендигин атайы белгилеп кеттик эле. Изилдөөчүнүн “Чыңгыз Айтматов” деп аталган бул иликтөөсү, кайталап айтабыз, анын илимий дареметине, адабий-теориялык камылгасына, сөз кунун терең туюна билген көркөм табитине күбө өтүп турат. Ырас, ошол алтымышынчы жалдардын биринчи жарымында ал гезитте иштептир. Бирок, илимий-чыгармачылык жолун гезит-журналдарда, басмаларда баштап, анан илим жолуна түшкөн окумуштуулар бир топ эмеспи. Белгилүү аалымдар Мухтар Борбугулов, Качкынбай Артыкбаев, Советбек Байгазиев, Назаркул Ишекеев ж.б.лардын илимий-чыгармачылык тагдырлары айтылган ойдун эң сонун мисалдары болуп эсептелет. Бакен Ашымбаевдин илимий-чыгармачылык тагдыры да ушул нукта кетмек деп болжолдоого толук негиз бар... Анан калса өзү да ушул китебинин негизинде кандидаттык диссертация коргоо нетинде болгону эле көп нерседен кабар берип турат эмеспи. Жаш илимпоздун китебинин кийинки алты бөлүмү Ч. Айтматовдун алты повестин – “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Делбирим”, “Ботогөз булак”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу” – талдоого арналган. Көрүнүп тургандай, китеп басылып чыккан 1965-жылга чейин жарык көргөн улуу калемгердин бардык чыгармалары талдоого алынган. Талдоо ишинде жаш окумуштуу илимий эмгек жазуу учурунда колдонулуучу жол-жоболорду, ыкмаларды мүмкүнчүлүгү жетишинче кеңири жана ыктуу пайдалана алгандыгына күбө болобуз. Тагырак айтканда, жаш окумуштуу “Чыңгыз Айтматов (Сынчыл-биографиялык очерк)” деп аталган бул монографиясында илимий-теориялык булактарды ошондой эле талдоо жүргүзүүнүн салыштырма-типологиялык, аналитикалык, полемикалык ыкмаларын, жол-жоболорун кеңири жана иш билги пайдалана алган. Ал турсун Бакен Ашымбаевдин бул монографиясынан маалымдама мүнөзүндөгү тексттерди да жолуктурабыз. Айталы, окурмандардын конференцияларынан жазылган куш тилиндей кабарлар, жазуучунун дарегине келген каттар ыңгай-шартына жараша ыктуу пайдаланылып, терең аналитикалык талдоолор менен эриш-аркакта мамыр-жумур берилген. Анда эмесе, ал талдоолордун деңгээлин окурмандар өздөрү байкап-баалоо үчүн эч бир ортомчу кеби жок илимпоздун өзүнө сөз берели. Бакен Ашымбаев минтип жазат: “Трагедиялык элементтери бар “Бетме-бет” повести Сейденин социалдык активдүлүккө жетишин, коомдо жаңы адамдын өсүшүн жана жаңы нравалардын бекемделишин көрсөтүү аркылуу окуучунун жүрөгүндөгү ыйык сезимдерди жана кол жетпес бийик ойлорду ойготкондугу менен баалуу. Айтматовдун жазуучулук жолундагы ийгилиги да ушунда деп ойлоймун. Акын В. Маяковскийдин сөзүн бир аз өзгөртүп айтканда, “Бетме-бет” повести окуучуларын козголтуп, көтөрүп койду. Анткени, ал жеке эле Ысмайыл өңдүү качкын эмес коомдук турмуштун, эмгектин жана нравалык нормалардын качкындары менен да күрөшүүгө чакырды. Мындай жалпылаштырылган типтер жөнүндө М. Горький мындай деген: “Эгерде сиз кандайдыр бир жалкоону, шылуунду, аракеч Ивановду жазсаңыз, анда аны жалпылаштырыңыз, анткени, шылуун, жалкоо, аракеч жалгыз эле ал, Иванов эмес, башкалары да бар. Сиз бирөөнүн мурдун, башкасынын кулагын, үчүнчүсүнүн дагы башка бир жерин алыңыз. Типти түзүңүз, бардык шылуундар ушул типтен өзүлөрүн көргөндөй кылып жазыңыз.” (М.Горький. О литературе. – М.:1953, 437-б.) Повесттен келип чыккан логикалык жыйынтыктардын маанисин ушундайча түшүндүрүүгө болот.” (Б.Ашымбаев. Чыңгыз Айтматов.33-б.)

“Повесттин экинчи жарымын түзгөн жол мастери Байтемирдин аңгемеси жөнүндө адабиятчылар чөйрөсүндө эки ача пикир айтылып жүрөт. Маселен, М. Сырдыбаев, Р. Шамурзина жана ушул саптардын автору Байтемирдин аңгемесин повесттин денесине бүткөн сөөл деп эсептешпейт. Чыгарманын композициялык түзүлүшүнө болсун, образдарынын ар тараптуу ачылышына болсун аңгеменин залалы жок. Тескерисинче, повесттин бүтүндүгүнө шарт түзүү менен образдардын ачылышына өбөлгө болот. Мисалга, Илияс өзү айтпай калган нерселер жөнүндө, Аселдин Илиястын көзүнөн сыртта калган тагдыры, психологиялык кайгылары жөнүндөгү баяндоолорду эске салалычы. Бул аңгеме сөөл эмес, А.Чехов белгилегендей, бул сөзсүз атылышы керек болгон мылтык. Эгерде ал мылтык “ок чыгарбаса”, биздин повестибиз сыңар жактуу, каны аз болуп калат... Байтемирдин аңгемеси повесттин тулкуна органикалык түрдө бириккен толук кандуу, өңдүү-түстүү бөлүгү. Ал эми повесттин чыныгы көркөм табигатын сезгиси келген адам кыргыздын кадимки комузун эске түшүрүү керек. Үч кыл керектүү буроосуна жеткен кезде гана ал адамдын бүткүл ички сезим отун, кайгы-касиретин, чалкыган романтикасын шолоктоп күүгө салган сыңары, Айтматовдун үч аңгемеси биригип келип, “толук түрдө гармониялык аккорд берет.” Демек, аңгемелерден түзүлгөн повесттин бул ыгы чыгарманын өңүнүн серттиги эмес, анын кооздук, көркөмдүк наары эмеспи. Ушул турпатында гана “Жалжалым” өзүнчө бир келки, жумуру чыгарма. Ал эми биротоло бүткөн чыгарма телегейи тегиз, төрт аягы төп, айланасы жумуру боло тургандыгы аксиома го. Эмесе, “Жалжалым” биздин оппоненттер айткандай, тигишинен ыдыраган чыгарма эмес, ”толук түрдө гармониялык аккорд берген” көркөм чыгарма.” (Б.Ашымбаев. Чыңгыз Айтматов... 94,95-бб.)

““Саманчынын жолунун” жазуучунун мындан мурдагы чыгармаларынан айырмаланып турган дагы башка бөтөнчөлүктөрү бар. Маселен, Ч. Айтматов “Жамийлада”, “Бетме-бетте”, “Асма көпүрөдө”, “Кызыл жоолук жалжалымда”, “Биринчи мугалимде” жана “Бото көздө” көбүнесе турмушка өз изин калтырууга биринчи кадам таштаган жаштардын “азаптуу жолун”, бакытка кол сермешин зор ынтаа менен жазып келген. Анын үстүнө автор өзүнүн чакан повесттеринде каармандардын өмүрүндөгү, турмушундагы көзгө көрүнөрлүк, колго урунарлык урунттуу учурларын, бурулуш мезгилдерин ала турган. “Саманчынын жолу” болсо, андай урунттуу, мерчемдүү мезгилди гана тандап көрсөткөн чыгарма эмес. Ал бүт өмүрдү бардык белгилери, абалы менен камтыган чыгарма. Анын эпикалык башталышы да ушунда болуу керек. Чыгарма мазмун-мааниси жагынан караганда повесть-трагедия, ал эми форма жагынан караганда повесть-исповедь экендиги да ушуга байланыштуу.” (Б. Ашымбаев. Чыңгыз Айтматов...161–162-бб.)

Китептин соңунда момундай маалымат берилген: “РЕДАКЦИЯДАН: Таланттуу жаш журналист Бакен Ашымбаев жаңыдан гана табигат берген талантын талпынта өстүрүп, барик жайып келе жатканда шум ажал арабыздан алып кетти. Ал таланты бүрдөп, өмүрү гүлдөп турган 32 жашында дүйнөдөн кайтты. Бирок, ал кыргыз окуучуларына өмүр бою өчкүс жакшынакай очерктерди, аңгемелерди, адабий-сын макалаларды калтырды... Лениндик сыйлыктын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун, чыгармачылыгын камтыган... жыйнагынын жарыкка чыгышын көрбөй кетти. Бакен Ашымбаев бүткүл дүйнө элине кеңири тараган алп жазуучунун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына алгачкылардан болуп илимий жактан ой жүгүрткөн. Бул очеркти улам арылап окуган сайын не бир кызыктуу талдоолорго күбө болосуң. Жаш журналисттин залкар жазуучу жөнүндөгү очерки да ар бир китеп окуучунун сүйүп окуган китептеринен болорунда шек жок. Көлкөйгөн кең пейилдүү, жайдары мүнөз, сылык сөздүү журналисттин жаркыраган элеси жана жакшынакай чыгармалары ар дайым ар бир окуучунун көңүлүндө түбөлүккө сакталмакчы.”(Б.Ашымбаев. Чыңгыз Айтматов... 183-б.)

Кайталап айтабыз, окуган адамды өкүткө салган, каңырыкты түтөткөн мына ушундай армандуу тагдыр.

Мындан сырткары Бакен Ашымбаев Барпы акындын чыгармаларынын бир томдугу тууралуу “Улуу акындын жыйнагы”, (“Советтик Кыргызстан”, 1960, 30-октябрь), казак-кыргыз адабий байланышы жөнүндө “Канатташ жана талапташ калк” (“Ленинчил жаш”, 1961, 22-март), ошол учурдагы ыр селинин типтүү өкүлдөрү болушкан Ж. Бейшекеев, М. Кудаев дегендердин “Алтын күн”, “Арноо” деп аталган ыр китептери тууралуу “Өмүр жана ыр” (“Советтик Кыргызстан”, 1962, 11-май), Алыкулдун көөнөрбөс поэзиясы жөнүндө “Өлбөс өмүр жөнүндө ыр” (Жыйнак. Алыкулга гүлдесте. – Ф.: “Кыргызстан”, 1975, 126 –131-бб.) деген бир катар адабий-сын макалаларды жазган. Жогоруда саналып өткөн эмгектер катардагы журналисттик макалалар эмес адабий-көркөм сындын айкын үлгүлөрү экендигин алардын ар биринен алынган шилтемелер менен далилдеп берсек болмок, бирок бул ирет биздин максат башка, биздин мүдөө бөлөк болуп турат. Албетте, Бакен Ашымбаев чыгаан журналист да болгон. Бирок ал, жогоруда келтирилген мисалдардан даана байкалып тургандай, адабий сынга да өтө активдүү аралашкан, келечекте илимпоздук жолго түшө турганы ачык байкалган окумуштуулук кудурети күчтүү калемгер болуптур.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору

XS
SM
MD
LG