Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Орусия төртүнчү аял космонавтын учурат


Елена Серова күзүндө космоско учууга камданууда, Жылдыздар шаарчасы, Орусия, 30.05.2013.
Елена Серова күзүндө космоско учууга камданууда, Жылдыздар шаарчасы, Орусия, 30.05.2013.

Украинанын жаш окумуштуулары жасаган алгачкы наноспутник орбитага чыгарылды. Бир килограммга жетпеген 10 сантиметрлик наносат жаңы жандоочторду курууга өбөлгө түзөт. Дээрлик 20 жылдан соң, сентябрда космоско Орусиянын тарыхында төртүнчү аял учканы жатат.

Адамзат тарыхындагы алгачкы аял космонавт Валентина Терешкова болгону маалым. Андан бери дүйнөнүн сегиз өлкөсүнөн 57 айым космосту багындырган. Космоско эң көп америкалык аялдар учкан. Орусиялык Елена Кондакова акыркы жолу Жердин орбитасына 1997-жылы көтөрүлгөн. Туура 17 жылдан соң, ушул күздө 38 жаштагы Елена Серова космоско учууга камынууда.

Кансыз согуш маалында Советтер Союзу менен Америка Кошмо Штаттары космосту изилдөөдө жана өздөштүрүүдө курч таймашкан. СССР тарыхта биринчи болуп 1961-жылы Юрий Гагаринди жана 1963-жылы биринчи аял космонавт Валентина Терешкованы Жердин орбитасына учурган. Ал эми Америка Кошмо Штаттары болсо 20 жылдан кийин гана космоско аялды учурган.

Учурда 77 жаштагы авиациянын генерал-майору, СССРдин алтынчы жана дүйнөнүн онунчу космонавты Терешкова Жердин орбитасына учканына быйыл 41 жыл толду. Терешкова космоско жалгыз учурулган аял, андан бери космоско аялдар шериктери менен чогуу учуп барып келүүдө.

Терешкова генерал-майор наамына татыган жалгыз орус айым. Элеттик 26 жаштагы Валентинанын космоско учушу дүйнөнү дүңгүрөткөн. СССРдин Аял космонавттар бөлүмү 1969-жылы жоюлган. Советтер Союзу болгону 18 аялды космоско учурууга даярдаган.

Космонавт Светлана Савицкая, Москва, Орусия,17.09.2007.
Космонавт Светлана Савицкая, Москва, Орусия,17.09.2007.

Советтер Союзунун экинчи аял космонавты Светлана Савицкая тарыхта ачык космоско чыккан биринчи аял катары белгилүү. Ал космоско эки жолу учкан. СССР кулагандан кийин Орусия космоско бир гана аялды учурган. Елена Кондакова – тарыхта космосто эң узак убакыт өткөргөн биринчи айым катары белгилүү. Кондакова космоско 1995–1997-жылдары эки ирет учкан.

Орусиядан космоско камынган төртүнчү айым Елена Серова быйыл сентябрда америкалык астронавт Бэрри Уилмор жана орусиялык космонавт Александр Самокутяев менен Жердин орбитасына сапарга аттанат. Серова Ыраакы Чыгыштын Уссурийск шаарында туулуп өскөн жана бала кезинен эле космоско учууну самаган. Москвадагы Авиация институтунун бүтүрүүчүсү жана бир кыздын энеси, кесиби – инженер.

Космонавт Елена Кондакова, Канаверал тумшугу, Флорида, АКШ, 15.05.1997.
Космонавт Елена Кондакова, Канаверал тумшугу, Флорида, АКШ, 15.05.1997.

Бардык аялдар үчүн космоско эшикти Валентина Терешкова ачкан. Биз берилген тапшырманы гана аткарабыз. Мен өзүмдү өзгөчө сезбейм. Себеби аял болобу, эркек болобу, космонавттар кесипкөй болушу зарыл. Мен кыздарга гана эмес, бардык жаштарга үлгү боломун деген үмүттөмүн. Бул – чоң жоопкерчилик, – деди Елена Сервоа НАСАга берген маегинде. Ал сентябрь айында Казакстандагы Байкоңур космодромунан "Союз" ракетасы менен космоско аттанат. Серова Эл аралык космос станциясында (МКС) алты ай болот.

Украина 10 см. наносат учурду

Украинанын өкмөтү 26-июнда өлкөнүн алгачкы наносаты Жердин орбитасына ийгиликтүү жеткенин маалымдады. PolyITAN-1 жасалма жандоочусунун көлөмү болгону 10 сантиметр жана салмагы бир килограммга жетпейт. Бул наножандоочту Киевдин политехникалык институтунун жаш окумуштуулары курган.

Наноиддерден куралган спутник "наносат" деген ат менен белгилүү. Наножандоочту көбүнесе чакан ишканалар жана университеттер колдонот. PolyITAN-1 наносатын Украинанын "Днепр" ракетасы 19-июнда орбитага Оренбург областынан учурган. Эң арзан наноспутник – 25 доллар.

"Днепр" ракетасы, Байкоңур, Казакстан, 17.07.2007.
"Днепр" ракетасы, Байкоңур, Казакстан, 17.07.2007.

Украинанын Улуттук илимдер академиясынын академиги жана Киев политехникалык институтунун проректору Михаил Ильченко бул наножандоочтун максаты келечектеги санариптик маалымат каналдарын жакшыртуу жана аларды башкарууга даярдык көрүү. Аны менен бирге геолокатордук системаны текшерүү. PolyITAN-1 наносаты чогулткан маалыматка таянып, украин илимпоздору келечекте чакан спутниктерди курууга камылга көрүүдө.

Орусия акыркы 17 жылда биринчи аялды космоско учурат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG