Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Аблязовдун тарапташтары сот чечимине нааразы


Мухтар Аблязов, 30-март, 2010-жыл.
Мухтар Аблязов, 30-март, 2010-жыл.

Францияда сот казакстандык мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы жана президент Назарбаевдин саясий оппоненти Мухтар Аблязовду Орусияга же Украинага экстрадициялоого болот деп чечти.

Аблязовдун адвокаттары жана үй- бүлөсү француз сотунун бул чечимин сынга алышууда.

Элүү жаштагы Мухтар Аблязов былтыр июлда Канн шаарынын чет жакасынан кармалгандан бери Францияда камакта отурган. Аны мекенине экстрадициялоону талап кылган Казакстандын Франция менен бул багытта тиешелүү келишими жок.

Анткен менен 2011-жылы Британиядан саясий башпаанек алган Аблязовдун өткөрүлүп берилишин кийинчерээк ал кезинде башкарган БТА банктын филиалдары иштеген Орусия менен Украина да сурай баштаган эле. Алар да казак банкирин көз боёмочулук боюнча айыпташкан.

Аблязовду ушул эки өлкөнүн бирине экстрадициялоого болот деген чечимди Франциянын Экс-ан-Прованс шаарынын соту чыгарды. Аблязовдун франциялык адвокаттарынын бири Жерард Чолоакиян сот чечими алар үчүн таңкалычтуу болгонун айтты:

- Биздин биринчи реакциябыз таң калганыбыз. Анткени, биз Экс –ан – Прованс шаарынын сотуна бир катар укуктук жүйөөлөрдү келтиргенбиз. Ал жүйөөлөрдү өз оюбуздан эле чыгарган эмеспиз, Адам укуктары боюнча Европа соту, башка юрисдикциялардын чечимдери менен бекемделген. Аларга ылайык, Орусия менен Украинада адилеттүү соттук териштирүү, камак жайда адамча кармоо жок жана Европа конвенциясында каралган кепилдиктер сакталбайт.

Мухтар Аблязов камалганга чейин ижарага алган Франциядагы Domaine de Castellaras вилласы
Мухтар Аблязов камалганга чейин ижарага алган Франциядагы Domaine de Castellaras вилласы
Аблязовдун адвокаттары баштапкы инстанциядагы соттун чечимин апелляцияга берери күтүлүүдө. Франс-Пресс агенттиги билдиргендей, сот чечиминде Аблязовду өткөрүп алууда Украинага караганда Орусия артыкчылык алары көргөзүлгөн.

Аблязов Казакстандан качып кеткен соң өкмөт карамагына өткөн БТА банктын адвокаттарынын бири Антонин Леви алар кылмышка шектүү Аблязов Орусияга өткөрүлөт деген ишенимде турушканын белгиледи:

- Менимче, Франциянын премьер - министри Аблязовду Орусияга өткөрүү жөнүндөгү жардыкка кол койот. Ал Орусия сотунда көп сандаган жана бири –бирине каршы чыгып жаткан өз аргументтерин келтирип, тарыхта анын Бернард Мэдофко теңеген көз боёмочулуктарды жасабагандыгын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Алма Шалабаева казак түрмөсүнөн бошотулгандан кийин Римде пресс-конференция берүүдө. 27-декабрь, 2013-жыл.
Алма Шалабаева казак түрмөсүнөн бошотулгандан кийин Римде пресс-конференция берүүдө. 27-декабрь, 2013-жыл.
Казак бийликтери Аблязовду БТА банкты башкарган кезинде 6 миллиарддай долларды уурдаган деп айыптап келишет. Экс-банкир болсо бул айыптардын саясий жүйөөсү бардыгын айтып жүрөт. Аблязов өзү президент Нурсултан Назарбаевдин узактан берки саясий оппоненти. Аны кармоо жана өткөрүп алуу үчүн казак бийликтери дипломатиялык жана лоббисттик чараларды көрүүдө.

Былтыр Аблязовдун жубайы Алма Шалабаева жана алты жаштагы кызы Италиядан кармалып, шашылыш түрдө Казакстанга депортация болгон. Кийинчерээк Италия өкмөтү бул депортациянын мыйзамсыздыгын моюнга алып, өлкө парламентинде ички иштер министрине ишеним көргөзбөө маселеси да көтөрүлгөн. Декабрдын соңунда Аблязовдун жубайы жана кичүү кызы кайра Италияга коё берилген болчу.

Аблязовдордун улуу кызы Мадина Аблязова кабарчылар менен маегинде француз сотунун чечимин кескин сынга алып, буларга токтолду:


- Бул Франция жана француз соту үчүн уят иш. Адам укуктарын, сөз эркиндигин бузгандык. Биз айтып жаткандай, менин атам Казакстандагы оппозиция лидерлеринин бири. Демократия, сөз эркиндиги үчүн узактан бери күрөшүп келет. Аны Орусияга же Украинага өткөрүп бергендик, иш жүзүндө өлүмгө айдагандык.

Аблязовдун үй-бүлөсүнүн мындай кооптонуусу Орусия же Украинадан Казакстан аны оңой эле өткөрүп алат деген ишенимден улам айтылууда.

Аблязов 2002-жылы кызмат абалынан кыянат пайдаланган, бюджет каражатын уурдаган деген айып менен алты жылга соттолуп, жаза мөөнөтү бүтө электе кечирим менен бошотулган.

Бул сот жараянга чейин энергетика жана өнөр жай министри кызматын аркалаган Мухтар Аблязов пикирлештери менен “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймыл түзүшүп, президент Нурсултан Назарбаевдин бийлигине чакырык таштаган эле.

Аблязовдун соту
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG