Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Немис элинин кажыбас сынчысы Гюнтер Грасстын ибараты


Гюнтер Грасс. 5-апрель 2012

Гюнтер Грасс. 5-апрель 2012

13-апрелдеГерманияда Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Гюнтер Грасс 87 жашында дүйнө салды. Ал XX кылымдын экинчи жарымы жана XXI кылымдын башындагы чыгармалары эң көп окулган жана эң таанымал немис жазуучуларынын бири болчу.

Калемгер өзүнүн солчул саясий көз карашын коомчулукка жашырбай ачык айтканы менен немис элинин соңку жарым кылымдагы улуттук ар-намысы жана сыймыгына айланган. Дюсселдорфдук журналист Аня Кюнер (Anja Kühner) “колу таза” жазуучу коомдогу жараяндар тууралуу оюндагысын жашырбагандыгы менен көп адамдар үчүн оңтойсуз болгонун "Азаттык” радиосунун кыргыз кызматына берген интервьюда айтты:

- Гюнтер Грасс улуу жазуучу катары Германиянын согуштан кийинки адабиятынын үлгүсүн жараткан. Ал биздин өлкөнү күнөөлөбөстөн, согушта чындыгында эмне болгонун элге биринчи айтып чыккан. Эчендеген адамдар согушту жаап-жашырган же согуш жөнүндө ооз ачкан эмес. Бул анын эң башкы эмгеги. Ал саясий көз карашын тайманбай түз айткандыктан жана ар кандай коррупциядан алыс жүргөндүктөн, көп адамдар үчүн ыңгайсыз болгон. Гюнтер Грасс улуттун ариет-намысы эле.

Жазуучуга анын ысымын дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кошкон “Тунике добулбас” романы үчүн Нобель сыйлыгынын 40 жылдан кийин берилиши анын саясий көз карашына байланыштуу.

Ал 1999-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылган кездеги сөзүндө капитализмди келекелеп, социализмдин жетишкендиктерин мактаган. “Биз байкагандай бир тууганы социализмдин өлгөнү жарыялангандан бери капитализм улуулуктун запкысын тартууда” деп, капиталисттик коомду сындаган.

Гюнтер Грасс адабият боюнча Нобель сыйлыгын алгандан кийин. Стокгольм. Швеция. 10-декабрь, 1999-жыл

Гюнтер Грасс адабият боюнча Нобель сыйлыгын алгандан кийин. Стокгольм. Швеция. 10-декабрь, 1999-жыл

​Нобель сыйлыгы динамитти ойлоп табуудан түшкөн акчанын эсебинен берилерин, жардыргыч зат жана башка теңдешсиз илимий ачылыштар адамзатка кубаныч-кайгы алып келген өңдүү, адабият да дүйнөнү өзгөртчү эбегейсиз кубатка ээ экенин баса белгилеген. Г. Грасс куралдануунун элдешкис душманы болгон, атүгүл Батыш Германия экс-коммунисттик Чыгыш Германия (Германия Демократиялык Республикасы) менен кошулса, кайрадан согушчул мамлекетке айланат деп, бир тилдүү эки өлкөнүн кошулуусуна ачыктан ачык каршы сүйлөгөн.

2006-жылы Гюнтер Грасстын фашисттик Германия учурунда Ваффен-ССтин катарында кызмат кылганын моюнуна алуусу коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан. Боз улан курагындагы ошол окуяны 2013-жылы ноябрда Даниядагы Луизиана көркөм өнөр музейинин он-лайн телеканалына берген интервьюда 87 жаштагы жазуучу минтип эскерген:

- Мен 17 жашымда башка миңдеген бозуландар сыңары Ваффен-ССтин (Waffen-SS) катарына аскерге чакырылдым. Ошондо да суу астында жүрчү кемеде кызмат өтөп, баатырларча өлгүм келди. Ваффен-ССте алты ай кызмат кылдым... Эч качан согушка катышпадым жана эч кимди аткан жокмун. Эчен жылдан кийин Ваффен-СС мен ишенгендей элиталык бөлүк болбогонун жана акылга сыйгыс кылмыштарды жасаганын билгенде ал менин жүрөгүмдөгү коргошунга айланды.

17 жаштагы улан ССтин танкалык дивизиясында салгылашып жүрүп жараат алат жана 1945-жылы америкалык аскерлердин колуна туткунга түшүп, бир жылдай лагерде отурат. Ал кийин түрдүү кара жумуштарда иштейт. Таш чеккичтин өнөрүн үйрөнөт. Айкелчилик жана сүрөтчүлүккө окуйт. Ыр, аңгеме жана пьеса жазат. Грасстын айтымында, өнөр адамдары, анын ичинде жазуучулар табиятынан өзүмчүл болбосо, коомго ыңгайлашып, мансаптуулар менен капчыктуулардын көзүн карап калат:

- Ар бир жазуучу, ар бир художник табиятынан өзүмчүл болот. Бул алардын баарын маанилүү кылат. Мен да ошондой аракет кылдым, пайда тапканды ойлободум. Адабият көп кырдуу түшүнүк. Мага жазуучулардын тарабын алганга уруксат бергиле. Азыркыдай жазуучулар куугунтукталган жагдайда эски сөз менен айтканда, биз өз ара тилектеш болобуз.

Грасстын ишениминде, жазуучу эч качан жеңүүчүлөр, бийлик, акчалуулар тарабында эмес, күнөөкөрлөрдүн, алсыздардын, бир сөз менен айтканда, калың элдин таламын жакташы зарыл:

- Экинчи жактан кесипкөй жазуучулар – жазуучу жеңүүчүлөр тарабында болбошу керек экенин билиши абзел. Мен дайыма элдин маанайын сезгенге аракет кылдым. Мисалы, “Менин кылымым” китебимдеги адамдар тарыхта жабыркоочу же күнөөкөр, болбосо ар кайсы убакта жабыркоочу да, күнөөкөр да болушкан.

Чакан эскерүүбүздү Гюнтер Грасстын мынабу сөзү менен аяктайбыз. “Ким күмөн санаса, ал ишенет. А ишенбеген адам башкалардан узакка чейин ишенет”.

XS
SM
MD
LG