Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Германияда 60тай качкындын террористтик уюмдар менен ыктымал байланышы иликтенүүдө


Германиядагы качкындар. 4-апрель, 2016-жыл.
Германиядагы качкындар. 4-апрель, 2016-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Германиянын Федералдык криминалдык полициясы билдирди.

Билдирүүдө миграциялык агым менен келип жаткандар арасында террористтик уюмдардын азыркы же мурдагы мүчөлөрү, колдоочулар же аларга жан тарткандар бардыгы эске алынуусу керектиги, бирок полицияда ыктымал кол салуулар пландалганы тууралуу кандайдыр бир маалымат жоктугу айтылган.

Билдирүүдө көргөзүлгөндөй, полиция Германиянын 16 аймагынын жергиликтүү бийликтеринен качкындар арасындагы ыктымал террорчулар тууралуу 410 маалымат алган.

Бул аралыкта Германиянын ички иштер министри Томас де Майзиер кайсыл бир жеке иштер тергелип жаткан учурда да качкындардын баарынан жапырт шек саноо туура эмес болорун айтып чыкты. Министрдин мындай сөздөрүн немис медиасы таратты.

Германияда акыркы бир жумага жетпеген убакыт ичинде он адамдын өмүрү кыйылып, бир нече киши жаракат алган төрт кол салуу болду. Анын үчөөнө өлкөдөн качкын макамын сурагандар жасады.

Былтыр Германияга бир миллиондон ашуун качкын кирген. Алардын көпчүлүгү Сирия, Ирак, Ооганстандагы согуштан качкандар. (UE)

XS
SM
MD
LG