Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Борбор Азия менен Чыгыш Европа СПИДдин торунда


БУУ: 2008-жылы СПИДден 2 млн.адам көз жумган
БУУ: 2008-жылы СПИДден 2 млн.адам көз жумган

Дүйнө бүгүн СПИДге каршы күрөшүү күнүн белгилөөдө. Бириккен улуттар уюму Чыгыш Европа менен Борбор Азияда бул дартка чалдыккандар улам көбөйүп жатканына тынчсыздануу билдирди.

Постсоветтик өлкөлөрдөн сырткары уюм бул катардагы мамлекеттерге Босния, Болгария, Хорватия жана Румынияны да кошту.

Улуттар уюму менен Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун быйылкы биргелешкен докладында айтылгандай, региондо 2001-жылы 900 миң адам ВИЧ (же Адамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирус) менен катталган болсо, быйыл алардын саны 1,5 млн.го жеткен. Болгондо да региондогу жалпы оорулуулардын дээрлик 90% Орусия менен Украинада жашайт.

Галимжан Зарипов Татарстандагы экинчи чоң шаар – Чаллы же Набережные Челны шаарындагы – ВИЧ/СПИД борборундагы башкы врач: “Бүгүнкү күндө Татарстан боюнча ВИЧ/СПИДге чалдыккан 11 миңден ашуун адам каттоодо турат, - дейт ал. - Тилекке каршы, элет жериндеги көрсөткүч чоң шаарлардагыдай деңгээлге жетип калды. Айрым жерлер, мисалы, Элмет, Лениногорск жана Бугулма шаарчалары чоң шаарларды да артка калтырышты”.

СПИД алгач 1980-жылдардын башында пайда болгондон бери дүйнөдө 25 млн.дой адам андан каза тапты
Жалпы регион боюнча ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын эң жогору деңгээли Орусияда катталды. Ал жакта 940 миң адам ушу дарт менен ооруйт. Украина болсо Европа боюнча биринчи орунда, өлкө калкынын 1,5% ашууну ВИЧ/СПИД менен катталган.

Жаңы маалыматтарга караганда, СПИД Азербайжанда, Грузияда, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстанда да чыныгы коркунучка айланып баратат.

СПИДге чалдыгуунун адаттагы баңгилик жана жыныстык катнаш өңдүү түрлөрүнөн сырткары, Борбор Азияда ооруканаларда догдурлардын күнөөсү менен натуура кан куюлуп калган учурлар да болду. Мисалы, Кыргызстандын Ош облусунда 2007-жылы 75 жаш балага кан куюу учурунда вирус жугуп калган.

Андан бир жыл мурда Казакстанда да ушундай эле факт катталган эле.

Гүлжанат ал учурда бир жаштагы бөбөгүнүн өпкөсүнө суук тийип, ооруканада жаткан жеринен кан куюшкан эле. Арадан көп өтпөй баласы кайра сыркоолоп калат. Догдурлар келип, анын канын бир нече ирет текшерип, наристеге биринчи ирет кан куйганда врачтардын шалаакылыгынан вирус жугуп калганын айтышат... Бул окуя Гүлжанаттын да, анын уулунун да тагдырын түбөлүккө өзгөрттү.

“Алар келип эле балдарды үч айдан кийин текшеришибиз керек дешти. Бир нече жолу кайра-кайра көрүшүп, акырында ушул диагнозду коюшту... Ошондон кийин үйдө күйөөм менен тынч жашай албай калдык. “Врачтарың айта берет, бала тездесе да жугат, ыйласа да жугат, үйдө турбаш керек!”, - деп кыйкыра берди, ай-гайлап тынч жашай албадык. Анан ажырашып кеттик...”, - деди бүгүн жүрөгү арманга толгон Гүлжанат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, региондо догдурдун күнөөсүнөнбү, башка жагдайлардабы, айтор, ВИЧ/СПИДге чалдыгып калгандар өзгөчө элдин сөзүнө алынып, шылдың болуудан коркушат. Коомдо аларды дискриминацияга алган учурлар азайбагандыктан, көп оорулуулар текшерүүлөргө баруудан да, өздөрүнүн абалын ачыктоодон да чочулашат.

Дүйнөдө бүгүн ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны 33 жарым миллионго жетип калды. Булардын басымдуу бөлүгү жарды же эми гана бутуна тура баштаган мамлекеттерде жашайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG