Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Евробиримдиктин коңшулары жана Орусия


Ферреро-Валднер Молдовада, ноябр, 2009
Ферреро-Валднер Молдовада, ноябр, 2009

Бенита Ферреро-Валндер Европа Биримдигинин тышкы иштер министри болуп туруп, ушул айдын биринде бул кызматты биримдиктин жаңы өкүлү Катрин Эштонго өткөрүп берди. Ферреро-Валднер айым Эштондон соода мандатын өткөрүп алды, ал ошондой эле азырынча Евробиримдиктин коңшулары менен мамилелерин тескеген кеңсени жетектөөнү улантууда. Азаттык менен маегинде Ферреро-Валднер коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын Биримдикке кириши үчүн бир нече муун алмашышы керек экендигин белгиледи.

Өз маегинде Евробиримдиктин тышкы саясатын беш жыл тейлеген Бенита Ферреро-Валдер «Европанын жараны деген ким?» деген татаал суроого жооп берди. Анын пикиринде, бул - география менен чектелген түшүнүк эмес:

– Европалык иденттүүлүк деген бар деп эсептейм. Биздин жалпы тарыхыбыз, жалпы маданият, каада-салктыбыз жана албетте жалпы асыл-нарктарыбыз бар. Европанын чек арасы дегенде географиялык чек ара деп эсетебейм. Ал мына ушул конкреттүү европалык иденттүүлүктүн чек арасы деп айтаар элем.

Европалык асыл-нарктар көп кырдуу жана алардын эң башкысы – адам укуктары болуп саналат. Ушул көз караштан алганда, Евробиримдик Азербайжан өңдөнгөн өз оюн айткан журналисттерди түмөгө салган өлкөлөр менен алака түзүп келет. Бул талаштуу кырдаалды Ферреро-Валднер диалогду сактап калуунун зарылдыгы менен түшүндүрөт:

– Санкциялар менен биз алыс кете алган жокпуз деп ойлойм. Саясат ар кандай болушу мүмкүн, бирок биз өзүбүздөн «Кайсы чара конструктивдүү болот? Кайсы жол бизди алга сүрөйт?» деп сурашыбыз керек. Ушундан улам обочолонтууга караганда, алакалашуудан көбүрөөк пайда болот деп эсептейм.


Евробиримдик менен диалогго айрыкча кызыккандар Украина менен Грузия экени маалым. Бирок биримдик менен Чыгыш кызматташттык келишимине кол койгон бул өлкөлөрдүн өнүгүүсүндө чоң жылыш жок деген пикирлер бар. Ал эми Евробиримдиктин мурдагы тышкы иштер комиссары айрыкча Украинада жылыштар көп болуп жатат деп эсептейт. Ошол эле мезгилде Ферреро-Валднер бул мамлекетке мыйзамдарды гана өзгөртпөстөн, аларды ишке ашыруунун жолдорун, жаплы эле мыйзамдардын рухун өзгөртүшү керек. Ал эми мындай жаңылануу узак мезгилди талап кылат, анткени бүтүндөй коомдо түп-тамырынан өзгөрүүлөр болушу зарыл.

Ферреро-Валднер Орусия боюнча да маселелерге токтолуп, ага коңшу мамлекеттердеги реформалар орустарга каршы багытталбагандыгын, мындай өзгөрүүлөр бардыкка керек экендигин белгиледи.

Деги Орусия европалык өлкөбү? Ферреро-Валднер бул суроого «ооба» деп жооп берди, бирок өлкөнүн Европа Биримдигинин деңгээлине жетиши үчүн көп мезгилдер, көп өзгөрүүлөр зарыл экенин мындайча эскертти:

– Мен Орусияны европалык өлкө деп эсептейм, бирок ал эбегейсиз европалык өлкө. Ошондуктан мен Орусия бир күнү Европа биримдигине мүчө болот деп ойлобойм. Андай болушун элестетүү кыйын. Бул өлкө узак мезгил советтик системада болду, ага чейин феодалдык системада эле. Орусия биздин бардык асыл-нарктарыбыз менен акырындап таанышып, аларды бир четинен бирок бардыгын кабылдашы керек. Буга убакыт зарыл. Бул менин көз карашым, мен ар дайым «коомдун өзгөрүшү үчүн бир нече муун алмашышы керек» деп айтам.

XS
SM
MD
LG