Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Чучукту өмүрүндө көрбөсө кантет...


Тээ 1980-жылдары СССРде азык-түлүктүн кайсы-бир түрлөрү талон менен берилип калган чакта кеңири айтылган азил.

Бир күнү үч башка муундагы Капитализм, Социализм жана Коммунизм деген пенделер чогуу жер кезип келе жатып, токойдон адашып кетишет. Карды ачып, чарчап-чаалыгышат. Анан чак түштө эптеп чытырман токойдун четине жетип, кеңеш курушат.

- Мен болсо картайып баратам. Социализм, сен баралыңда турасың. Коммунизм эчтекени билбейт, телчиге элек. Ак-караны биртике таанып калган сен тетиги көрүнгөн тургун жайга бар да, дүкөнүнөн өзөк жалгагандай бирдемке алып кел.

- Болуптур. Чын эле Коммунизм “мурдуң кана?” десе оозун көрсөтүп турат, өзүм эле барайын.

Бир саат күтүшөт, эки саат күтүшөт...

Акыры күүгүмдө гана шылкыйып келет, кайран Социализм.

- Ой, эмне болду?

- Жолум болбой калды. Барсам кезек өтө эле узун экен. Эптеп кезегим келгенде бир шилекей чуурткандай жегиликтүү чучук бар экен, сатып алайын десем, кара басып акчам жетпей калбадыбы! – дейт ичи тызылдаган Социализм.

- “Акча жетпей калат” деген эмне? – деп таңдана сураптыр Капитализм.

- “Чучук” дегениңиз эмне? – деп Коммунизм аңырайыптыр.


* * * * *

ТЧ.
XS
SM
MD
LG