Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Жан кимге керек эмес?


Орус, казак жана өзбек президенттер туңгуюктан коркпогон каарманды издешкен дешет...

Бир жолу Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери бийик жар четинде жолугуп калат.
Мамлекет башчылардын бири кесиптештерине кайрылат.
- Ушул жардын алды жагындагы туңгуюктан коркпой, аркы өйүзгө секирген азамат чыгаар бекен?
- Байкап көрбөйлүбү.
Ошол кездеги Орусия президенти Владыкең Путин бир мыкты чекистти чакырат да, “улуу орустун каармандыгын дагы бир жолу далилдеп, ушул жардан аркы өйүздөгү жардын башына секирип жет” деп буюрат.
- Мага да жан керек, - деп орус чалгынчы баш тартат.
Казакстандын президенти Нуракең бир казактын чыйрак жигитин чакырып, “тээ Алтын Ордо, Көк ордо доорунда да бабаларың баатырдыгын көрсөткөн. Ушул чакан туңгуюктан аттап секирип койчу”, - дейт.
- Нураке, мага деле жан керек, - деп ал да моюн толгоп койот.
Анан кезек өзүнө келген Өзбекстан президенти Ислам акең четтен бир букарасын чакырат да, кулагына бирдемке деп шыбырайт.
Беркинисинин өңү алеки заматта кубула түшөт да, күүлөнүп келип секирип, өйүздөгү жарга жетип, андан ары көздөн кайым болот.
- Ой, баракелде! Бул эргул секирүүгө кантип батынды?
Нуракең менен Владыкең Ислам акеңе таңдана кайрылышат.
- Ага да жан керек эмеспи, бурадарлар!

* * * * *
XS
SM
MD
LG