Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Азизбек Келдибеков: Өкмөт тууралуу соңку азилдер


Кыргыздын азил-тамаша айтуу өнөрүн аздектеген калемгерлердин бири Азизбек Келдибеков “Күлкү кербенине” сунуштаган жаңы анекдоттордон бир шиңгил.


Кеңешип алсак...

Биринчи вице-премьер-министр өкмөт башчысынын иш бөлмөсүнө келип:
- Сизден бир кеңеш сурайын дедим эле, - дейт.
-И-и, - деп компоё түшөт премьер-министр.
- Шайлоодо элге чачкан миллиондорубузду кантип чогултуп алабыз? - дептир биринчи вице-премьер-министр.
- Ушуну «биттин ичегисине кан куйган» сиз билсеңиз керек, сизден үйрөнөйүн деп жүрбөймбү, - деген имиш премьер-министр.

Кыргыз сатирик-калемгери Азизбек Келдибеков - "Азаттыктын" азил-тамаша артынган "Күлкү кербенинин" окурманы. 2011-жылдын 6-январы.


* * * * *


Күзүндө добуш жыйымы болот

Премьер-министр биринчи вице-премьер-министрден сурап калат:
- Жазында го үрөн себет экенбиз, күзүндө эмне жыйнайбыз? - деп.
- Күзүндө президенттик шайлоого эл жыйнайбыз, - дептир шар эле биринчи вице-премьер-министр.

* * * * *

Иш билгилери канча?

Премьер-министр аппарат жетекчисин чакырып:
- Биздин аппаратта канча киши иштейт? - деп сурап калат.
- Ондон бири эле иштейт, калгандары тааныш аркылуу кызматка алынгандар, - дептир аппарат жетекчиси.

* * * * *

Тоок кырылгандагы идеялар

Премьер-министрге айыл чарба министри келип:
- Урматтуу өкмөт башчысы! Биздин өлкөдөгү тооктор кырыла баштады, - дейт.
- Эч нерсе эмес ар бир тооктун алдына буудайдын сүрөтүн тартып коюп койгула, - дейт премьер-министр.
Бир жумадан кийин айыл чарба министри кайра келет:
- Урматтуу өкмөт башчысы! Тооктор дагы эле кырылып атат, эмне кылабыз? - дейт.
- Буудайдын жанына арпанын сүрөтүн тартып койгула, - дейт.
Дагы бир жумадан кийин айыл чарба министри кайра келет:
- Урматтуу өкмөт башчысы, баары бир тооктор өлүп атышат.
- Буудай менен арпанын сүрөтүн алып жүгөрүнүн сүрөтүн тартып койгула, - дейт премьер-министр.
Бир жумадан кийин айыл чарба министри келип:
- Урматтуу өкмөт башчысы! Бүттү, тооктун баары кырылып бүттү, - дейт.
-Ка-ап! - деп премьер-министр аябай өкүнгөн экен. - Менде дагы жакшы идеялар бар эмес беле.


* * * * *

Кайрылчу дарек

Премьер-министр иш бөлмөсүндө өтө капалуу отурат. Тыякка тартса тыякка жетпейт, быякка тартса быякка жетпейт. Анысы аз келгенсип жазында калайык-калк кайрадан көтөрүлөбүз деп турат.
Аябай ачуусу келип отурса, иш бөлмөсүнүн эшигин тыкылдатып, кимдир бирөө кирип келип:
- Урматтуу премьер-министр, мен өкмөттө иштейин дедим эле, кимге кайрылсам болот? - деп калат.
- Психиатрга!!! - дептир премьер-министр ачуусу менен.


* * * * *

Кайсынысы тез келет?

Премьер-министрден журналисттер сурап калышат:
- Сиз жаңы жылды жакшы көрөсүзбү же шайлоону жакшы көрөсүзбү, - дешип.
- Албетте, шайлоону, - дептир премьер-министр.
- Эмнеге?
- Бизде жаңы жылга караганда шайлоолор тез-тез болуп турат эмеспи, - дептир премьер-министр.


* * * * *

Акбоз аттын такасы, демократиянын накасы

- Демократия деген эмне? - деп премьер-министрден сурап калышат.
- Бакиевди кубалап, ордуна бакиевчилерди алып келсек, нагыз демократия деген мына ушул, - дептир премьер-министр.



Азизбек Келдибеков
(«Азаттыктын» окурманы).
XS
SM
MD
LG