Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:49

Президент Хосни Мубарактын режими жөнүндөгү саясий анекдоттор


Мысырдын (Египеттин) президенти, “түшпөс хан” атка конгон Хосни Мубарак (Hosni Mubarak) тууралуу саясий анекдоттор Тунисте башка бир авторитардык жетекчи өлкөсүнөн качууга аргасыз болгон соң ого бетер күчөгөнү айтылууда. Алардын айрымдарын окуп коюңуздар.


Мубарак жана "кум-таш бизнеси"


Президент Хосни Мубарак катуу кеселдеп, өз сааты жакындап калганын сезет да, “оң колу” болгон жөкөрлөрүнүн бирин чакырат.
- Эми мен “аркы дүйнөгө” ооп кетсем, калкым кантээр экен? Кыйналып калбайбы?
- Өз жаныңызды ойлосоңуз, урматтуу райис! Калкың кыйналбайт.
Нил суусу соолсо да, мысырдыктар чөлдөгү кум-ташты жеп жата берет.
- Анда менин акыркы жардыгым ушундай болсун – чөлдөгү кумду неберемдин менчигине өткөрүп койсок туура болот көрүнөт.

* * * * * * *

Балдар менен баарлашканда

Президент Хосни Мубарак баштапкы мектепке келип, жеткинчектер менен жолугушат.
- Кана, кимиңерде суроо бар? – дейт жолугушуунун этегинде.
Рами деген бала кол көтөрөт.
- Менде төрт суроо бар.
Биринчиден, эмнеге 25 жыл бою кызматтан түшпөй койдуңуз? Экинчи. Неге сиздин вице-президентиңиз жок? Үчүнчү. Эмне үчүн уулдарыңыз өлкөнүн экономикасын да, саясатын да укуруктап алышкан? Төртүнчү. Эмне үчүн өлкөбүздүн экономикасы мышык ыйлагандай акыбалга кептелип калганда да эч бир чара көрбөй атасыз?

Капысынан мектептин коңгуроосу шыңгырап калды.

Мубарак сөздү танапистен соң уланталы деген соң, балдар бир аз убакытка сыртка чыгып келди.

- Кана, баарлашуубузду уланталы. Кимде кандай суроо бар? – деди президент Мубарак.
- Менде бар.
- Атың ким?
- Атым Тамир. Менде алты суроо бар.
- Болуптур, айта гой, Тамир!
- Биринчиден, эмнеге 25 жыл бою кызматтан түшпөй койдуңуз? Экинчи суроом. Неге сиздин вице-президентиңиз жок? Үчүнчү. Эмне үчүн уулдарыңыз өлкөнүн экономикасын да, саясатын да укуруктап алышкан? Төртүнчү. Эмне үчүн өлкөбүздүн экономикасы мышык ыйлагандай акыбалга кептелип калганда да Сиз эч бир чара көрбөй атасыз?
Бешинчи суроом. Эмне үчүн мектептин танапис жарыялаган коңгуроосу 20 мүнөт эртерээк кагылды?
Алтынчысын айтайын. Танапис маалында Рамини каякка жоготтуңар?


* * * * * * *

Профессор айткан азил

Белгилүү мысырдык профессор, доктор Абду-л-Вахаб ал-Месири 2007-жылы март айында “Хосни Мубарак жөнүндөгү анекдоттор” деген темада илимий жыйын өткөрөйүн десе, бийликтер ар шылтоону айтып ага уруксат бербей коюшкан.
Бирок профессор жыйнаган анекдоттордун айрымдары интернет аркылуу кеңири жайылып кеткен. Алардын бири...


Бир киши машинеси менен чөлдө баратып, анысы капысынан бузулуп калат. Тегеректе жардам берчү эч ким жок.

Анан төбөсүн караса, бир учак келаткан экен. Машинесинин үстүнө чыгып кол булгалап кыйкырса да учактагылар көңүл бурбай өтүп кете беришет.

Үч-төрт сааттан кийин дагы бир учак көрүнөт. Берки бечара машинесин өрттөп, учакка белги берет. Бирок ал да көздөн кайым болот.

Анан бир канча убакыттан соң үчүнчү учак көрүнөт. Тиги бечара кийимдерин бүт чечип, өрттөп, учакка белги берсе да, анысы байкабай өз жолу менен учуп кетет.

Эми анык өлөөрүнө көзү жеткен соң, алиги киши чөл жаңырта кыйкырат:
- Ушул өкмөттү шайтан алсын! Жоголсун Мубарактын өкмөтү!

Ошол замат кайдан-жайдан келгени белгисиз полициянын сүрдүү машинеси пайда болот да, берки кишини камакка алат.
XS
SM
MD
LG