Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Профессор Боткиндин жоруктарынан


Орустун чыгаан окумуштуусу, сарык оорусунун эмин тапкан дарыгер Сергей Петрович Боткин (1832-1889) өтө шайыр инсан болгон. Анын замандаштары эстеп калган окуялардан бир шиңгил.


Ал студент өз жүрөгүн таба албайт


Бир жолу анатомия сабагынан сынак болуп жаткан экен.

Чунак студенттердин бири үч жолу кирип, ооз ачып жарытылуу жооп узата албастан, үч жолу тең сынактан кулап чыгат.

Студенттин жоро-жолдоштору жоон топ болуп профессор Боткинге келишет да, алиги бечара студентти аяп, эптеп кийинки семестрге өтө тургандай баа коюусун өтүнүшөт.

- Эгерде антпесеңиз ал кургур “жүрөгүмө бычак малып, өз өмүрүмдү кыйам” деп коркутуп жатат! – дешет окуянын олуттуулугун баса белгилеген “арачылар”.

- А силер тынчсызданбай эле койгула, ал өлбөйт. Анткени ал жүрөгүнүн кайсы жерде жайгашканын да билбейт, - дептир Боткин мырза.

* * * * * * *


Тердетүү үчүн жакшы усул - сынак


Профессор Боткин сынакта бир студентти “эзип” көпкө чейин сурайт.

- Кеселдеп калган киши жакшы тердеши үчүн эмне кылуу керек? – дейт ал студенттен.

- Тердетчү зат берүү керек.

- Маселен?

- Ысык чай, кулпунай...

- Ал жетишсиз болсочу?

- Анда тердете турган дары май шыбайм.

- Мында да болбосочу?

- Анда запаран (шафран) чөбү мыкты ылаажы болот.

- Аныңа да болбосочу?

- Липа гүлүнүн бүрүн кайнатып берем.

- Муну да денеси тоотпосочу?

- Анда ал оорулууну Сизге сынак тапшырууга жиберем, - дептир чекесинин терин шыпырган студент.

* * * * * * *


Башты убагында чайка


Бир ак сөөк айым профессор Боткинден сурайт:

- Урматтуу доктор, арыкташым үчүн аткарганга жеңилирээк жана натыйжасы ыкчамыраак кандай көнүгүү бар?

- Сиз башыңызды оңдон солго чайкаңыз, анан солдон оңго чайкаңыз.

- Муну күндүн кайсы убагында жасоо керек?

- Анын мааниси жок. Эң негизгиси, сизден өзүңүз чакырылган үлпөттөрдө “тамак ичесизби?” деп сураган сайын ушул көнүгүүнү тайманбай аткарууңуз керек.

* * * * * * *
Ар кыл интернет булактардан алынды.
Т.Ч.
XS
SM
MD
LG