Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Орозбектен ойноок кеп (1-шиңгил)


“Азаттыктын” окурманы, юморчу Орозбек Бөрүгулов “Күлкү кербенге” сунуштаган ар кыл азилдер.



Кашаң ат минген Осмонкул

Айыл-кыштактарга автоунаа жете элек кез. Өнөрпоздорду бир айылдан экинчи айылга жеткизүүнү жергиликтүү активдер моюндарына алышчу экен.

Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылынан Осмонкул Бөлөбала уулуна кашаң ат тийип калат.

Ошондо үзөңгүнү үзө тээп, үстөккө-босток камчыланган Осмонкул ат үстүндө минтип ырдаптыр:

"Бурулуштан чыкканда,
Үрккөн атты бериптир.
Аркасынан Осмонкул,
Түрткөн атты бериптир ".


* * * * *

Түгөлбайдын тамашасы

Белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыздын нукура сөздөрүн бүт билчү эле дешет.

Бир жолу…

Акын-жазуучулар жана Түгөлбай. Суроо-жооп. Суроолордун багыты жалаң жаныбарлардын балдарынын аталышы жөнүндө болот.

Аңгыча, бирөө сурайт:

- Маймылдын баласын эмне дейт?

Анда Түгөлбай:

- Маймылдан баласын "Сулайман" дейт, - дептир жазуучу Сулайман Маймыловду сөөмөйү менен көрсөтүп.

* * * * *

Акындын каты

Таланттуу акын Тургунбай Эргешов студент кезинде атасына төмөндөгү мазмунда кат жазыптыр:

"К" тамгасы каткалаң,
Кыйналып жүрөм ачкадан.
Карызым чачтан көбөйдү,
Кайрылсаңыз акчадан.

* * * * *

Сойку кой

Филармониянын бир бөлмөсүндө беш-алты адам аңгемелешип олтурушкан.

Бирөөсү өрдөгүн учургусу келдиби же чын эле болгон окуяны эстедиби, айтор:

- Биздин кой бир жылда эки жолу төлдөдү, - дейт жакасын карманып.

Ошондо Асанкул Шаршен уулу:

- Ой, ал кой - сойку окшойт, - дептир.

* * * * *

Наам жөнүндө талкуу

Атагы таш жарган обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун эмгеги бааланбай жүргөн кез.

Чогулушта кимдир бирөө:

- Биздин өлкөдө эмне үчүн адам өлгөндөн кийин ага ардактуу наам ыйгарылат? - деп чоңдорго кайрылып калат.

Анда көпчүлүктүн арасында олтурган Рыспай:

- Себеби, өлгөн адам көппөйт, - деген экен.

* * * * *

Рыспай ким болуп иштейт?

Рыспай Оштон такси жалдап алып Алайдагы досунун үйүнө бараткан.
Аңгыча, бекеттен (посттон) таксистти көпкөлөң автоинспектор "тырыштыра" баштайт.

Ал жүргүнчүгө да кайрылып, минтип сурайт:

- Сен ким болуп иштейсиң?

Өмүрүндө эч кимден тайманбаган таланттуу обончу:

- Мен Рыспай Абдыкадыров болуп иштейм, - дептир.

* * * * *

Таш чайнаган редактор

Жазуучу Бекмырза Рахман уулу (ыраматылык) "Чалкан" журналында редактор болуп иштеп жүргөн кезинде конокко барып калат.

Палоо жеп отурса, тишинен "пычыр-пучур" эткен үн чыгып кетиптир.

Ошондо үй ээси:

- Таш бар бекен? - дейт ыңгайсызданып.

Аны уяткаргысы келбеген редактор:

- Эчтеке эмес (Ничего)! Күрүчү да бар экен, - дептир.

* * * * *

Уурдап келген кашыгым кана?

Акын Жолдошбек Зарлыкбековдун студенттик курагы.

Бир мертебе Жокем лекциядан келээри менен керебетке жатып, дептерин бетине жапкан бойдон уктап калбайбы. Аны менен бирге жашагандар ошол күнү жакшы көргөн кыздарын конокко чакырышмак.

- Жолдошбекти ойготолубу?

- Мейличи. Уйкусун кандырып алсын.

Анан даярдыктар көрүлө баштайт.

Бөлмөнү жасалгалашып, бирөөнүн телевизорун, бирөөнүн люстрасын, бирөөнүн кадакта өсүп турган гүлүн сурап келишет. Дагы бирөөлөрдүн идиштерин…

Аңгыча, кыздар киришет. Аларды бирден орундукка жайгаштыргандан кийин:

- Биздин бөлмөбүз ушул, - деп жигиттердин бири мактана баштайт. - Жашообуз башка студенттердикинен жогору. Кеч киргенден кийин телевизор көрүш үчүн бардыгы биздикине топтолушат. Идиш-аякты бизден сурап кетишет.

Дал ушул учурда ойгонуп, катарга кошулган Жолдошбек:

- Ой-йи-ий, сонун телевизор го! Кимдики? - дейт таңыркап. - Мобу тарелка кимдики? Гүлү мага жагып калды. Ал эми мобу чыныларды кимден сурап келдиңер? Кечээ мен ы-столобойдон бир кашык уурдап келдим эле. Ошол кана?..

* * * * *

Тырыңдоо

Обончу, гитарист Анарбек Сардарбековдун 4-5 жаш курактагы убагы.

Бир жолу ал балдар бакчасына баргысы келбей, кежирлик кыла баштабаспы. Ошондо эжеси атасына даттанды:

- Ата-а, Анарбегиңиз жөн баспай жатат!

- О-ой, Анарбек, "тырыңдабай" жөн бас! Болбосо…

Карагул аксакалдын ачуулуу доошун укканда дароо коркуп кетип, эжесин ээрчий жөнөп, бирок "коркунучсуз" жерге жетип алгандан кийин Анарбек кайра атасына кыйкырат дейт:

- Э-эй, ата?

- Ыя?

- Тырың-тырың!

* * * * *

Жамбыл жана "Ош Таймс"

Куудул Жамбыл Камчиевдин "Ош таймс" гезитине төмөндөгү мазмунда макала жарыяланыптыр:

"Жаандан кийин чыккан козу карындай жайнаган эркин гезиттердин ичинен "Ош таймс" гезити аябай кызыктуу чыгууда. Айрыкча белгилүү куудул Жамбыл Камчиев жазган макалаларды мен аябай кызыгуу менен окуйм".

Ким жазды экен? -деп бул макаланын этегине көз жүгүрсөк, Жамбыл акенин өзү болуп чыкпаспы.

* * * * *

Унчукпай жазып жүрө бер!

- Китептерим да чыгып атат. Ар кайсы журналдарга, гезиттерге да чыгармаларым жарыяланып жүрөт, бирок бир сынчы да бирдеме деп пикирин айтпай келатат! - деп калыптыр жазуучу Тойчубай Субанбеков баягы жылдары Бектуруш Салгаманиге.

- Эч ким унчукпаса, демек, эч кимге зыяны жок экен, жазгандарыңдын. Ошон үчүн сен дагы унчукпай жазып жүрө бер да! - дептир акын Бектуруш.

* * * * *

Орозбек Бөрүгулов,
“Азаттыктын” окурманы.
"Күлкү кербени".
XS
SM
MD
LG