Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Мартин Лютер Кинг мындан туура жарым кылым мурда сүйлөгөн “Менин кыялым” деген легендарлуу сөзү Американын тарыхындагы эң маанилүү учурлардын бири болуп калды. “Азаттык” радиосу өз өлкөлөрүндөгү адам укугун коргогон активисттерди кепке тартып, алар мекенинин келечеги үчүн эмнени кыялданаарын сураган.

Ирандык адам укугун коргоочу Ширин Эбади азыр 66 жашта. Мындан туура 10 жыл мурун ал иран аялдарынын, дегеле, мусулман аялдардын ичинде Нобелдин абройлуу Тынчтык сыйлыгына татыган алгачкы адам болгон. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Эбади жазган макалалары үчүн кодуланган көптөгөн журналисттердин жана Ирандагы аялдар менен балдардын укугу үчүн күрөшкөн негизги адвокатка айланды. 2009-жылы талаштуу шайлоодо президенттикке кайрадан Махмуд Ахмадинежад шайланганда ал өлкөдөн качууга мажбур болгон.

"Менин-адамзаттын жүрөгү глобалдашса деген аруу тилегим бар, ал ар бир адам башка бирөөнүн кайгы-капасын өзүнүкүндөй кабыл алгыдай ааламдашуу болсо деген кыял. Сооданын, экономиканын глобализациясы эмес, адамзаттын глобалдашуусу, - дейт Эбади. - Чек ара адамдарды бөлбөй, тетирисинче, байланыштырса. Дин элди бөлүп, кастыкка себеп болбой, ортодо түшүнүүчүлүк менен мунасага себепчи болсо экен деп тилейм".

Ширин Эбади

Ширин Эбади

Анын ишениминде, кулчулукту жеңүү сыяктуу адамзаттын жетишкендиктери да алгач үмүт-кыялдан башталган. “Азыр да кыял менен реалдуулуктун ортосунда аракетибизге жараша менин деле тилектерим орундалат деп ишенем”, - дейт Эбади.

Орусияда Жаштардын Адам укуктары үчүн кыймылынын лидери, 31 жаштагы Дмитрий Макаров орусиялык активисттерге укуктук жактан жардам берип жүрөт. Ал жетектеген кыймылдын ишмердүүлүгү жумуриятта полиция менен катардагы жарандар ортосундагы катышта олуттуу мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн киргизилишине алып келди. Мындан сырткары, ал өкмөттүн жана соттордун отурумдарында коомдук байкоочуларды иштетүү практикасынын иштетилишине да салым кошо алган.

Дмитрий Макаров

Дмитрий Макаров

"Мен аймактык, улуттук же башка мамлекеттик кызыкчылыктардан да жеке инсандын кызыкчылыктары, эркиндик, акыйкаттык жана ар-намыс өңдүү баалуулуктар көбүрөөк корголгон өлкөдө жашагым келет. Мен сүрөп жаткан адам укуктары боюнча концепция адамдын бактылуу жашоосу жөнүндө эмес, бул эркиндик жана ар-намыс өңдүү минималдык стандарттардын корголушу. Менин өлкөмдө да ошол минимумга жетебиз го деп кыялданам", - дейт орусиялык активист Макаров.

Мына ушуга окшогон ойду өзбекстандык белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири Вячеслав Ахунов да билдирди. Ал 1979-жылы Суриков атындагы Москва Мамлекеттик Көркөм сүрөт институтун аяктаган. Чыгармаларында тоталитаризмди кескин жактырбаган стилди карманган сүрөтчү жеке адамдын моралдык тандоосуна өзгөчө көңүл бөлөт. Советтер союзунун армиясы Ооганстанга киришине каршы пикирин билдиргенде аны Ташкенге көчүүгө сунуш кылышат.

Вячеслав Ахунов

Вячеслав Ахунов

"Менин аруу тилегим - Өзбекстан президент Ислам Каримов айткан “улуу өлкөгө жетиши” эмес, жөнөкөй эле Голландия же Дания сыяктуу чоң дымагы жок, бирок эли иш менен камсыз болгон, татыктуу айлыкка, билимге, медициналык колдоого жетишкен өлкө болсо дейм. Мамлекет элди түрдүү керексиз салыктар менен тонобосо экен дейт элем. Улуу максаттардын бизге кереги жок деп ойлойм, эл жөнөкөй, бирок татыктуу жашаса, балдарын окутуп, өздөрү эркин дүйнөнү кыдырып эс ала тургандай болсо экен деп тилейм. Ушул менин кыялым", - дейт өзбекстандык сүрөтчү Вячеслав Ахунов.

Төлөкан Исмаилова болсо Кыргызстанда көп жылдардан бери жарандык укуктардын корголушу үчүн иштеп келаткан активист, “Бир дүйнө - Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун төрайымы. Ал бир нече жолу коркутуп-үркүтүүлөргө, сабоолорго кабылып, өзүнүн иши үчүн камоого да алынган. 2010-жылдагы июнь коогалаңында түштүктө иштеп, коркутуулардан кийин бир нече аптага өлкөдөн чыгып кетүүгө да мажбур болду.

Төлөйкан Исмаилова

Төлөйкан Исмаилова

"Мартин Лютер Кинг учурунда күрөшкөндөй, Далай Лама жана башкалар азыр да иштеп келаткандай, биз да тынч жарандык концепция менен системаны өзгөртүү үчүн аракет кылабыз. Кыргызстандыктар максатыбызга урушсуз, куралсыз жетишибиз үчүн бизге диалог керек. Бийликтер карапайым эл эч нерсени билбейт деп ойлобосо дейм. Анткени азаттыктын, жарандык коомдун жана акыйкаттыктын принциптерин бузган эки өкмөттү тең эл бийликтен кетирген. Азыр эми биздеги парламенттик системада адамдар тынч жол менен эле бийликтин ишин көзөмөлдөп, мыйзамдарды өзгөртүүгө катышууга, эркиндикке жана өнүгүү жолуна түшүүгө мүмкүнчүлүк ала турган көптөгөн жолдор бар. Мен буга терең ишенем, анткени Кыргызстанда Мартин Лютер Кингдей адамдар көп, булар – жаштар", - деди Төлөкан Исмаилова.

Евгений Жовтис

Евгений Жовтис

Казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис активисттик ишмердүүлүгүн Советтер союзунда эле кенчилердин укугун коргоо менен баштаган. Ал “Мемориал” деген жарандык уюмду жетектеген. Советтер союзу таркагандан кийин ишин адвокат катары уланткан. Азыр болсо 58 жаштагы активист Казакстанда Адам укуктары жана Мыйзам үстөмдүгү үчүн Эл аралык бюрону жетектейт.

"Мен Советтер союзунда төрөлгөнүмдү эске алуу менен ошол учурдун түпкү мүнөзүнөн арылууну тилейт элем. Өлкөнүн эли, өкмөтү, алардын ортосундагы мамиле демократиялык коомдогудай болсо деп тилейм, - дейт казакстандык активист Евгений Жовтис. - Адамдын укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү, фундаменталдуу эркиндик, инсандын ар-намысы коом тарабынан кабыл алынып, өкмөт тарабынан корголушу керек деп эсептейм. Эркин сүйлөп, эркин дем алганга, эркин жашаганга жетишсек экен. Мен ушуну тилейм жана ага жетишүү көпкө созулбайт го деп үмүттөнөм".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG