Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Жоголгон учактын дайыны дале чыга элек


Австралия -- Малайзиянын жоголгон учагын издөөгө чыккан AP-3C Orion экипажынын бир мүчөсү, 17-март, 2014.

Австралия -- Малайзиянын жоголгон учагын издөөгө чыккан AP-3C Orion экипажынын бир мүчөсү, 17-март, 2014.

Австралиялык учактар Малайзиянын 8-мартта жоголгон учагын Инди океанынан издөөнү улантууда.


Үзүлбөгөн үмүт

Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт "Малайзия аба жолдорунун" жоголгон учагын табууга мүмкүнчүлүк пайда болгонун жекшембиде билдирди. Эбботтун мындай билдирүүсү Инди океанынын түштүк бөлүгүндө жоголгон “Боингдин” калдыктары болушу мүмкүн деген Кытайдын спутниги тартып алган сүрөттөр көрсөтүлгөн маалда чыкты. Спутник океанда эки нерсени байкагандан кийин "Малайзия аба жолдорунун" дайынсыз авиалайнерин табууга жаңы үмүт берди. Издөө аймагы Австралиянын батыш жээгинен 2300 чакырым алыстагы аталган мухиттин аймагын камтыйт. Калкып жүргөн нерселердин чоңунун узундугу 24 метр экен. Бирок буга чейин издөөгө чыккан кемелер азырынча эч нерсе таба элек.

Малайзиянын жоголгон учагын издөөгө жалпысынан 10дон ашык өлкөнүн 40 кемеси жана 34 учагы катышууда. Алар буга чейин учакты Азиянын түштүк жана Борбор Азия багытында издеп жатышкан.

"Малайзия аба жолдорунун" Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккан Боинг–777 учагы 8-мартта дайынсыз жоголгон. Авиалайнерди башкарган учкучтар кырсыкка кабылганы тууралуу белги берген эмес. Аны менен бирге авиалайнер багытын алмаштыргандыгы жөнүндө диспетчерлерди кабардар кылган эмес. Бортунда 239 адам бар учак акыркы жолу Малайзиянын чыгыш жээгинен 220 чакырым алыс жерден байланышка чыккан.

Куала-Лумпурдан Кыргызстандын аба мейкиндигине чейин 5100 км.

Куала-Лумпурдан Кыргызстандын аба мейкиндигине чейин 5100 км.

Буга чейин Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак самолёт түндүккө - Казакстанга карай, же түштүккө - Индия мухитине багыт алганын божомолдогон. Премьер Разак Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге дагы жардам сурап кайрылган. Кыргыз авиа мекемелери болсо бул учак Кыргызстандын аба мейкиндигине кирбегенин билдиришкен.

Белгилей кетчү жагдай, Малайзиядан Кыргызстанга учуу аралыгы 5100 чакырым жана аталган учак ал аралыкты беш саатта гана басып өтөт. Малайзиянын иликтөөчүлөрү Боингдин байланыш аспаптары өчүрүлгөндөн кийин, ал дагы жети саат учкан болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Демек теориялык жактан алганда, 239 адамы бар самолёт толугу менен Борбор Азиянын аймагына учуп жеткенге кудуреттүү болмок.

Ал ортодо малайзиялык учактагы адамдардын жакындарынын үмүтү үзүлө элек. Авиакырсыктардын тарыхына кайрылсак, Уругвайдын борбору Монтевидеодон 45 адамы бар учак 1972-жылы Анды тоолорунда кырсыкка учураган. Алардын 16сы 72 күндөн кийин тирүү табылган. Каргашалуу 571-каттамдын жүргүнчүлөрүнүн айтымында, тоо арасында тамак-ашсыз калган адамдар бири-биринин этин жегенге чейин барган.

Жоголгон учакты казак компаниясы камсыздандырууга алган

Жоголгон авиалайнер алгач Малайзияда камсыздандырууга алынган. Андан соң, аны Казакстандын "Евразия" компаниясы кошумча камсыздандырууга алганы катталган. Камсыздандыруучу компания табышмактуу жагдайда жоголгон мүлктү табылбаган учурда дагы коргоп, ордун толтурууга кепилдик берет. Учурда казакстандык камсыздандыруучу компания бардык керектүү кагаздар толугу менен чогултулганда гана ал кайра камсыздандырууга муктаж деп тааныларын айтат. Бул тууралуу "Евразия" фирмасынын өкүлү "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

"Евразия" компаниясы божомолдогондой, камсыздандыруучу тараптын мойнуна илинчү төлөмдүн жалпы суммасы 200 миллион долларды түзүшү мүмкүн. Бул иш толугу менен иликтенип бүткөндө ал акчанын канчасын казакстандык компания төлөөрү аныкталат. Ал эми Швейцариянын Credit Suisse банкы камсыздоо төлөмдөрү 600 миллион долларга чейин жетиши ыктымал деген билдирүү таратты.

Камсыздандыруучу компанияда мурда иштеген казак финансисти Алихан Сапарбеков билдиргендей, жергиликтүү компаниялар чет элдик авиаишканалардын самолётторун камсыздоого алганы – кадимки көрүнүш.

Бир учакты бир гана компания камсыздоого алалбайт. Бир самолёттун коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти бир нече камсыздандыруучу компания өзүнө алат. Учактардан тышкары товар ташыган унаалар да камсыздоого алынат.

Товар ташыган унаалардын коопсуздугун дагы бир нече компания камсыздайт. Эгерде самолёт же товар ташыган машине дайынсыз жоголсо, кепилдикти мойнуна алган компаниялар компенсация төлөөгө милдеттүү.

Кыргыз учактарынын коопсуздугун ким камсыздайт?

Кыргызстанда жылдан жылга аба каттамдар арзандаган сайын, учуулардын коопсуздугу менен самолёттордун абалы да коомчулукту кызыктырып келет. Бир кыргыз учагынын коопсуздугун камсыздоо орто эсеп менен жылына 180 миң долларды түзөт. Коопсуздукту камсыздандыруу төлөмдөрү албетте, учактын абалына жана колдонулган мөөнөтүнө ылайык бычылат. Кыргызстанда катталган учууга жарамдуу 34 учактын орточо курагы – 22 жыл.

"Кыргыз ачык асман" коомдук корунун төрагасы Кайрат Итибаевдин айтымында, Кыргызстанда катталган самолёттор чет жактарда камсыздоого алынган:
"Кыргыз ачык асман" фондунун жетекчиси Кайрат Итибаев.

"Кыргыз ачык асман" фондунун жетекчиси Кайрат Итибаев.


Мага белгилүү болгондой, Кыргызстанга таандык учактарды Орусия, Украина жана Литванын компаниялары камсыздайт. Учактарды камсыздандыруу жана аны тейлөө баасы учактын эскилигине жараша бааланат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, учактардын коопсуздугун камсыздоо – милдеттүү эмес. Андай болгону менен, өлкөдө катталган жана катталгысы келген самолёттордон сөзсүз камсыздандырууга алынгандыгы тууралуу полис (күбөлүк) талап кылынат. Камсыздоого алуу төлөмдөрү учактын колдонуу мөөнөтүнө жараша аныкталат.

Учак канчалык эски болсо, анын коопсуздугун камсыздоо ошончолук кымбат. Бул канчалык жүйөлүү? - деген суроону Кайрат Итибаевге узаттык:

Ал жүйөлүү. Учактын абалына жараша ал учакты кайсыл өлкөдө кепилдикке алуу каралат. Биздин учактар үчүн Европа мамлекеттеринен коопсуздугун камсыздоо кымбат. Ошондуктан менин билишимче, Орусия, Украина жана Литвада учактардын коопсуздугун камсыздоо баалары арзан болгондуктан, ошол жактын камсыздандыруу полистерин алышат.

Кыргыз учактарын чет элдик компаниялар камсыздоого алганы менен, Кыргызстанда аба унааларынын коопсуздугун камсыздаган бир кыргыз-орус компаниясы жана "Манас" аэропортуна таандык "Кыргызавиастрах" коопсуздукту камсыздоо ишканасы бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG