Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54
Иранда бир аял жоолугуңду кымтын деп акыл үйрөткөн молдого кол салды.

Иранды молдолор башкарат, анан кантип молдого, болгондо да аял киши кол салды экен? Мехр кабар агенттигинин кабарын окуган ирандыктар ушуга таң беришти.

Ирандык бул агенттиктин 13-сентябрда жазышынча, окуя Семнан дубанындагы Шамирзад шаарында болгон. Хожатолеслам Али Бехешти деген молдо көчөдө бараткан аялга «жоолугуңду кымтыла» деп кеңеш берет. «Сылык эле сүйлөгөм, бирок аял мага «жакпай атсам, көзүңдү жаап ал» деп каяша айтты» деген молдо агенттикке. Андан аркы болгон окуяны ал мындайча сүрөттөйт:

- Мен аны хижабды тууралап кийбей жатасың» деп кайра эскертсем, ал кымтынгандын ордуна мага кыйкырып, мени түртүп ийди. Мен чалкаман жыгылдым. Андан ары эмне болгонун билбейм. Аял мени соккулап, айкырып сөгүп жатканын гана элес-булас эсимде.

Бул окуяга өз блогу аркылуу кеңири коомчулуктун көңүлүн бурган ирандык журналист Гүлноз Исфандиярига мен ал аял молдого эмне үчүн анчалык кыжаалат болгонун сурадым. Ал мага бардык нерсе шариятка баш ийдирилген өлкөдө аялдардын өз башына өзү ээ боло албагандан улам, ушундай катуу кеткенин түшүнүү кыйын эмес экендигин мындайча билдирди:

- Мунун түшүнүү үчүн тарыхка кайрылышыңыз керек. Мындан 30 жылдан ашык мезгил мурда Иранда исламдык түзүлүш орногондон кийин бардык кыздарга жана аялдарга хижаб кийүүгө милдеттендирилген. Аларда башка жол жок, мыйзам ошондой. Ал эми өкмөт каалагандай жүрбөгөн аялдарды полиция сабап, кемсинтип, камакка алат.

Исфандияри Иранда өскөн, өспүрүм чагында аны да адеп-ахлак полициясы кармап, кодулаган учурларды башынан өткөргөн:

- Мен жаш болчумун, анча-мынча косметика колдонуп койчумун, мисалы ээрдимди жылтыраткан түзсүз эндик сүйкөнчүмүн. Полиция менин «джинсы шымың өтө эле тар экен, жоолугуң кичинекей экен, чачың көрүнүп калыптыр» деп токтотчу. Кыз болгондон кийин сулуу болгусу келет, бул табигый көрүнүш эмеспи.

Исфандияринин блогунан Иранда аялдарды сабаган полициячылардын видеосун да көрө аласыз. Адатта адеп-ахлак полициячылар арасында аялдар да болот, бирок бул видеодо аялга кол салган эркек экенин көрөбүз. Толмоч келген орто жаштагы аялды костюм-шымчан толук эркек мойнундагы жоолугунан ары бери сүйрөсө, аялдар менен эркектер арачылап калышты. Дагы бир видеодо бети башы канжалаган аялдарды күч менен машинага түртүп салып жатканын көрө алабыз.

Мусулман аялдар Иранда эмне үчүн чүмбөттөнүп жүрүшү керек, себеби дүйнөнүн булуң-бурчунда хижаб кийбеген мусулман аялдар көп эле го? Исфандияри «хижаб кийүүнү жалпы коомдун кызыкчылыгы менен түшүндүрөт, бирок алардын түшүндүрмөсү аялдарды канааттандыра албайт» дейт.

- Аялдардын көбү хижаб салынуунун милдеттендирилишин туура эмес деп эсептейт. Алар «хижаб бизге таңууланган» дешет. Алар «кандай кийиништи биз өзүбүз чечели» дешет, бирок аларда мындай мүмкүнчүлүк жок. Хижабды өздөрү каалап салынгандар бар, бирок көп аял муну өзүн кордоо деп билет. Хижаб жамынып жүрүүнүн зарылдыгын бийликтер эркектердин делебеси козголуп, анан ар кандай ыплас иштерге барышы мүмкүн экендиги менен түшүндүрүшөт. Анда аялдар «бул эркектердин проблемасы, демек биз жакты карабай жүрүшсүн» дешет. Аялдар эл алдына кандай кийинип жврүштү өздөрү чечкилери келет.

Ирандагы 1979-жылдагы төңкөрүшкө аялдар да активдүү катышкан, бирок исламдык төңкөрүштүн натыйжасында алардын жүрүм-туруму баш-оту менен диний мыйзамдарга баш ийдирилээрин алар билишкен беле? Ирандык кабарчы аялдар бул жагынан алданып калгандыгын белгилейт:

- Алар мындайды күткөн эмес, мындай болушу керек эмес болчу. Исламдык төңкөрүштүн башчысы эркиндиктерди убада кылган. Мен бардык аялдар хижабга каршы деген жокмун, бирок хижабды колдогон аялдардын айрымдары да бул маселеде эркиндик болушу керек деп эсептешет.

Жапырт сабаттуулук кеңири таркаган 20-кылымга чейин мусулман өлкөлөрүндө аялдар арасында арип тааныгандар аз болчу, ал эми куранды талдагандар текши эркектер болгон. Бүгүн мусулман аялдарында өздөрүнүн исламдагы укуктары тууралуу түшүнүктөрү кеңейген. Куранды изилдеген аялдар чыгып, айрым өлкөлөрдө (Египет, Марокко, Тунис) өз укуктарын куран аркылуу коргоп келе жатышат. Ал эми Иранда аялдар исламдагы укуктарын билишеби? Мисалы хижаб тууралуу куранда эмне деп айтылганын билишеби? Балким бул тууралуу мектептерде атайын сабактар бардыр? Канткен менен Иран шарияттын өлкөсү эмеспи?

Исфандияри Иранда аялдардын арасындагы сабаттуулук эркектерден ашып түшкөнү менен диний сабаттуулук жаатында али көп нерсени үйрөнө элек дейт:

- Айрым аялдар жакшы эле билет, бирок көбү мисалы хижаб кийиш керек деген куранда айтылган, айтылбаганын биле бербейт. Айрымдар бул тууралуу куранда айтылган десе, башкалары айтылган эмес дешет. Куранда бардык аялдар хижаб кийиши керек деп айтылган эмес. Куранды ар ким ар кандай талдайт. Бир молдо аны окуп алып, аял сөзсүз чүмкөнүшү керек десе, экинчиси «жок, мен түшүнгөндөн андай эмес» деп айтат. Мен экөөсүн тең уккам.

Аялдар бейформал топтордо бул маселелерди талкуулашкан менен ачык чыгууга батынышпайт, себеби дейт Исфандияри бул темада ооз ачкан адам түрмөгө түшүп калышы мүмкүн. Иранда исламдык дресс-кодго каршы акциялар болгон, бирок алардан майнап чыккан жок:

- Бир өнөктүктө аптанын бир күнүндө аялдар хижап кийбей көчөгө чыгышсын деп сунуш этишкен. Бирок бул коркунучтуу, анткени бул үчүн түрмөгө түшүп калышың мүмкүн. Ошентсе да бул тууралуу айтып, жазып келатышат. Ал эми молдого кол көтөргөн аял сыяктуулар өз кийими тууралуу башкалардын көрсөтмө бергенине нааразы.

Нааразылар Кыргызстанда да бар. Алар көбүнчө кыздарды хижаб жамындырбайт деп нааразы. Ошол эле учурда таң заарынан эшик кагып келип, «башын жаппаган аялдар менен сүйлөшпөйбүз, бул үйдө эркек барбы?» деп кекеткен бейтааныштарга нааразы болгондор аз эмес.

Кыргызстанда мыйзам кыз-келиндердин кийимине кийлигишпейт, бирок мыйзам ташка басылган тамга эмес, ал эми мыйзам жазган депутаттардын бири конституцияны шарият менен алмаштырууну максат кылаарын ачык айткан. Ошондуктан ирандык молдого кол көтөргөн аялдын окуясында кыргызстандыктарды да ойлондура турган жагы бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG