Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ирандык юмор: Фарсы экениңди билип койдум, ха-ха!


"Баарыбыз бирдиктебиз! Асад Вина Хаги тарткан сүрөт. 04.1.2018.
"Баарыбыз бирдиктебиз! Асад Вина Хаги тарткан сүрөт. 04.1.2018.

“Күлкү кербени” ирандыктардын заманбап юморунан бир шиңгил сунат.

Фарсы экениңди оңой эле билип койом!

Эгерде:

...сиз бадамдын, ашкабактын жана башка данектүүлөрдүн данек-уруктарын үзгүлтүксүз алып жүрсөңүз...

...ата-энеңиз эмне жорук жасасаңыз эле, сизди “американдашып баратасың!” деп жемелечү болсо...

...эки чакырым аралыкта башка бир ирандыкты жаземдебей таанысаңыз жана ал дагы Сизди ошончо аралыктан бери тикирейип карап келсе...

...үйдөгү аял заты тамак ичип бүткөн соң “эми идиш-аякты ким тазалайт!” деп ич ара жаңжал чыгара башташса жана эркектери болсо саясаттан кеп салып коюп, кезектеги чайды же кофени күтүп калышса...

...ата-энеңиз сизди сөзсүз эле доктур же инженер ("мухандис") болсо экен деп тилек кылса...

...сиз башка бирөөнүн бөлмөдөн чыгып кетишин талап кылуу үчүн чекеңиз менен каш-кабагыңызды пайдалансаңыз...

...сиз коңшу бөлмөдө суналып жатканыңызга карабастан, энеңиз өпкөсүнө мүмкүн болушунча көбүрөөк дем тартып алып, катуу кыйкыра чайга чакырса...

...сиздин бери дегенде отуз бөлөңүз бар болчу болсо...

...тойго эки-үч саат кечигип келгениңизди кадыресе көрүнүш санасаңыз...

...аба майданында дүйнөдөгү эң чоң чабаданды сүйрөп алсаңыз...

...кимдир-бирөөнүн үйүнөн кетип жатып, босогодо кармала калып, бери дегенде эки саат кобураша кетсеңиз...

...телефондон коштошкон чагыңызда он жети жолу “жакшы калыңыз!” деп айтчу болсоңуз...

...телефон байланышы өткөн кылымдан бери кыйла оңолгонун таназарга албастан, дагы эле чоң ата-чоң апаңыз алыстагы тууганыңызга телефондон тамагы айрылгыча кыйкыра сүйлөшсө...

...туугандарыңыз өздөрү эле бир кыштактын жарымын түзсө...

...чет элдиктерди фарсы тилинде кантип тилдеш керектигине үйрөтсөңүз...

...досторуңузду жакын жерден көрүп турганыңызга карабастан алар менен уюкфон аркылуу сүйлөшүүнү улантсаңыз...

...жаңылыктарды көгүлтүр экрандан көргөн сайын итатайыңыз тутулуп турса...

анда эле сиз нагыз ирандыксыз!..

* * * * * * *

Бензинге чектөө белети киргизилгенде

— Эгерде сиздин бензин алуу үчүн бир айлык белетиңиз түгөнүп калса, эч кабатырланбаңыз!

— Эмнеге?

— Сиз кайсы бир эшекке минип кете аласыз!

— Шаарда каяктагы эшек?

— Кадырлуум, өлкөбүздө Ахмадинежадды президент кылып шайлаган 70 миллион эшек бар эмеспи!

* * * * * * *

Айатолланын дубасы

— Айатолла Хаманейинин айтымында, ар дайым суу ичээрден мурда дуба окуп коюш керек.

— Эмнеге?

— Анткени сууда үч жин бар: экөө – хидрожин (суутек), бири – оксижин (кычкылтек).

* * * * * * *

(Ар кыл интернет барактарынан).

TT.

XS
SM
MD
LG