Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Мосулдагы талкалоону кыргыз аалымдары да айыптайт


Мосулда талкаланган Жунус пайгамбардын мечитинин урандыларын аралап жүргөн адамдар.

Мосулда талкаланган Жунус пайгамбардын мечитинин урандыларын аралап жүргөн адамдар.

Сириянын Халаб провинциясынан Ирактын Дияла провинциясына чейинки аймакта халифат орнотконун жарыялаган “Ислам мамлекетинин” согушкерлери орозонун соңку күндөрүндө Мосул шаарында Жунус пайгамбар менен халифа Умардын небересинин мүрзөсүн жок кылды. Тарыхый жайлардын талкаланышына кыргыз коомчулугу да кайдыгер эмес.

Дүйнө мусулмандарын жихадга чакырган “Ислам мамлекети” тобу өткөн аптада Иракта сопуларга таандык имарат жана ыйык жайларды бузуп таштады.

Тарыхый жайлардын таш-талканын чыгарышты

“Азаттыктын” Ирактагы кабарчысы Мосулда Биби Мариям чиркөөсү жана байыркы Оссурия эстеликтери да жардырылганын маалымдады. Мурдараак согушкерлер композитор Усмон ал-Мосулий менен белгилүү араб акыны Абу Таммамга арналып, Мосулда орнотулган айкелдерди да кулаткан болчу.

Мосул шаарындагы байыркы эстеликтер боюнча изилдөө жүргүзгөн ислам таануучу Петр Кубалек дүйнөлүк маанидеги айкелдер менен имараттардын кыйрашына тынчсызданып жатканын билдирди.

Петр Кубалек “Азаттыктын ” өзбек кызматы менен маегинде Ирак жана Сирия аймагында “Ислам мамлекетин” жарыялаган согушкерлер тарабынан акыркы бир аптада талкаланган тарыхый жайларды бирден санап берди:

- Маданий эстеликтердин бузулушу Мосул шаарында көп катталды. Мосулдагы Жунус пайгамбардын кабыры жана мечити жардырылды. Адам алейхиссаламдын үчүнчү уулу Шис пайгамбардын мүрзөсүн да бузушту. Жиржис пайгамбардын мазарын жок кылышты. Жиржис пайгамбарды христиандар ыйык Георгий деп урматташат. Төртүнчүсү - улуу сопу, окумуштуу Абу Улонунун күмбөзү да жардырылды. Бешинчиси - Мосулдун четиндеги Махмур шаарчасында халифа Умардын небереси – Абдулла Ибн Исамдын мүрзөсүн да кыйратышты. Ыдырыс пайгамбардын кабырына да динамит жайгаштырып, жардырууга даярдап коюшкан.

Окумуштуунун айтымында, Мосулдагы Биби Мариямдын чиркөөсү, Мосулдун символу болгон байыркы кыйшык мунара жана Оссурия дооруна таандык тарыхый жерлер талкаланды.

Аталган эстеликтердин жок кылынышына байланыштуу шейшемби күнү ЮНЕСКО өкүлдөрү да кабатырлыгын билдирди.

“Азаттыкка” маалымдагандай, Ирактагы байыркы жайларды бузуп жаткан согушкерлер өздөрүн “салафийлер” деп аташат жана ал жерлер туура эмес сыйынуучу жайларга айланып кеткендиктен, талкалап жатышканын интернетке жүктөгөн тасмалар аркылуу билдиришти.

Жунус пайгамбардын мечитин жардыруу, Мосул, 24-июль.

Дин тарыхка каршы чыкпашы керек

Эгер радикал көз караштагы динчилдердин оюна таянсак, анда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Шах-Фазл мунарасы, Чаткалдагы Ыдырыс пайгамбар күмбөзү, Жалал-Абаддагы Аюп пайгамбардын күмбөзү, Манастын айкели да бузулушу керек.

Жазуучу Абды Сариевдин айтымында, Кыргызстандагы ислам фанаттары мындай аракеттерди мындан бир топ жыл илгери эле баштаган:

- Ислам фанатизмин акыл-эстүү пайдаланбаса, элге кесепети тийиши мүмкүн. Кыргызстанда да үч-төрт жыл мурда мазарларга эмне үчүн барасыңар, бул шариятта жок деп мазарларды өрттөгөн кездер болгон. Кудайдан кийинки ыйыгыбыз болгон Манаска да асылышты.

Абды Сариевдин пикиринде, ар бир элдин өз тарыхы, маданияты болот, ага дин каршы чыкпашы керек. Ал эми дин аалымы Чубак ажы Жалилов учурда Кыргызстанда мындай маселе жок экенин айтат:

- Биринчиден, бүгүнкү күндө айрыкча шийит мусуламандар отурукташкан жерлерде адамдар пайда табыш үчүн курулган күмбөздөр бар. Бул жерде чын эле ошонун мүрзөсүбү же жокпу деген маселе келип чыгат. Экинчиден, Кыргызстанда мусулман коомчулугу негизинен суннит багытын тутунгандыктан, бизде кабырларды өтө эле ардактоо, зыярат кылуу маселеси көп орун алган эмес. Бизде деле Ыдырыс пайгамбардын кабыры бар. Ага зыярат кылгандар деле аз. Дин илиминде бул пайгамбарлар чын эле ошол жерде коюлганы же коюлбаганы айтылган эмес.

Чубак ажы Жалилов мындан сырткары Кыргызстандагы мусулман коомчулугу Палестинадагы мусулмандар арасында болуп жаткан башка маселелерге өз пикирин билдиришкенин, ал эми мазарлардын бузулушу боюнча сырттан гана көз салып турганын белгиледи.

Шис пайгамбардын мечитин жардыруу, Мосул, 25-июль

Ала-Букадагы Шах-Фазл мамлекеттик корук-музейинин жетекчиси Эркин Бегимкуловдун пикиринде, Кыргызстандагы же жалпы эле Борбордук Азиядагы тарыхый эстеликтердин көбү ислам таасири гүлдөп турган мезгилде курулган, азыр мындай эстеликтерди талкалоо “бөрк ал десе, баш алган” ислам фанаттарынын ойлоп тапканы:

- Биздеги ислам архитектурасы менен курулган тарыхый жайлар ислам күчүнө кирип турган кезинде, миңинчи жылдары курулган. Андыктан тарыхый баалуулуктарды талкалоо бул - жапайылык. Туура, бир гана Аллага сыйыныш керек. Мурда бизде мындай жерлерге келип сыйынгандар 60-70 пайыз болсо, азыр бир гана пайызды түзөт десек болот. Бирок пайгамдарлардын күмбөздөрүнүн талкаланып жатканы туура эмес. Пайгамбарлар Аллага жакын инсандар болгон. Аларга барып зыярат кылуу күнөө болуп калабы? Мисалы, Манастын күмбөзүнө барып эч ким сыйынбайт. Ал жерге зыярат кылганы барат.

Ал эми Куранды, ислам тарыхын түп нускадан которгондордун бири Шамсуддин Хакимов биздин коом азыр дүйнөдөгү исламдык аракеттердин маңызын түшүнүүгө даяр эмес экенин айтат:

- Бул талкууну жыйынтыкташ үчүн ислам дининин тээ эзелки тарыхын изилдеш керек. Себеби тарыхта ошондой окуя болгон. Али рази Аллохуну жөнөтүп жатканда пайгамбарыбыздын “Кайсыл жерден күмбөз көрсөң талкала” деген буйругу бар. Мааниси - ошол күмбөзгө эл сыйынып жаткан болсо. Исламда айтылган нерселердин аткарыла турган жана аткарылбай тургандары болот. Азыр Иракта пайда болгон халифаттын халифат болушу да суроо? Мисал үчүн пайгамбарыбыздын халифалыгы халифат болуп калыптанганга чейин мамлекет катары калыптанган.

Бирок ислам дининин башка аалымдары Мухаммед пайгамбар күмбөздөрдү бузгула деп ислам алгач жайыла баштаганда мазарларга сыйынуу күч алып турганда айтканын, кийин бул тенденция өз нугуна түшкөнүн айтышат.

Айрым динзарлардын айтымында, жакында Бишкектен казылып алынган Будданын эстелигин сактоо үчүн музейге кабыл алынганы боюнча терс пикир айтылбаганын эске алсак, анда Кыргызстандагы мусулман коомчулугу тарыхый эстеликтерге гумандуу көз карашта.

  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. Twitter: @sanjarbeke

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG