Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:25

Ирак: диний дресс-код


Имам Мусса ал-Кадхимдин Багдаддагы Кадхимия районундагы мечитине келген зыяратчылар, 15-июнь, 2012

Имам Мусса ал-Кадхимдин Багдаддагы Кадхимия районундагы мечитине келген зыяратчылар, 15-июнь, 2012

Багдаддагы Кадхимия базарына аялдар дайыма эркин эле келип-кетишчү. Жакында ал жерде кийинүү тартиби күчөтүлгөндөн бери маанай өзгөргөнү байкалат.

Багдаддагы шийилер көбүрөөк отурукташкан Кадхимия районунда буга чейин кийимдин эки гана эрежеси болуп келген. Көчөдө жана бүтүн шаар боюнча элди өзүнө тарткан базарда аялдар кандай кааласа ошондой эле кийинишкен. Базардын арт жагындагы мечиттин короосуна кирем дегендери гана сөзсүз хижаб салынчу.

Аты белгисиз "абийир сакчылары"

Азыр эми көп нерсе өзгөрдү. Өздөрүн “абийир сакчылары” деп атагандар ыйык жайга жакын жологон аялдын баары сөзсүз талаптагыдай кийинишине көз салып турушат.

Аялдардын укугун коргогон активист Науф ал-Фалахинин айтымында, жакында анын ошол аймакта жашаган тааныштарынын бирин “мораль полициясы” токтоткон.

"Аны менен күйөөсүн Кадхимиянын чегиндеги пунктта токтотушкан. Аялды кишилер жолдон өткөрбөй коюшкан. Үйүнө барып, жоолук салынып келишин талап кылышыптыр, - дейт Фалахи. - Ошондон бери ал өзү жашаган районго киргенде да, чыкканда да сөзсүз кийишим керек деп, баштыгында жоолугун салып жүрөт".

Мындай жаңы талап азыр аялдарга эле эмес, эркектерге да киргизилген өңдүү. Эркектер эми шорта же денесине жабышкан көйнөк, футболка кийе алышпайт. Алардын көйнөгү да, шымы да кең, узун болушу шарт.

Соңку эле учурларда киргизиле баштаган бул өңдүү жаңы дресс-коддун артында ким турганы табышмак.

Жумурияттын Ички иштер министрлиги буга эч кандай байланышы жок экенин айтып актанат. Ошол эле маалда жанагы аялдарды жолдо кодулаган эркектерди токтотуш үчүн министрлик бир да аракет көрө элек. Бирок негизи бул өңдүү эрежелер шийилердин ыйык саналган Нажаф, же Карбала шаарларында мурдатан эле болуп келген.

Азыр Кадхимиядагы өзгөрүүлөр райондун тургундарын экиге бөлүп койгонсуду.

Эки жааттагы эл

Базарда көйнөк, оромол саткан аял Жуди жаңы эрежеге каршы экенин айтат:

- Базарда отурган мага окшогон сатуучулар азыркы эрежелердин айынан аялдар базарга келбей коюшат деп коркуп жатабыз. Ошон үчүн муну киргизип жаткандар жакшылап ойлонушу керек. Мечитте аялдар албетте хижаб кийиши керек деңизчи, бирок көчөдө аларды эмнеге буга мажбурлашат? - деп суроо салат сатуучу

Бирок дресс-код саясатын колдогондор муну жалпы эле аймакка ыйык жер катары урмат көрсөтүү деп билишээрин айтышат. Алардын бири - Ражаа.

- Аялдар ушул диний жерге келдиби, демек, аны урматтасын. Алар талаптагыдай кийинип, көп эле эндик-упа сүртүнө бербеши керек да. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, сиз паркка, тойго кандай кийинсеңиз, ошо бойдон диний ыйык шаарга да бара берсем болот деп ойлойсузбу?

Мына ушинтип шаар азыр экиге бөлүнүп турган чакта, байкоочулар бул маселенин тамыры алда канча терең жатканын, маанилүү суроолорду жаратаарын айтышат.

"Улуу максат"

Багдаддагы “Амал” ассоциациясынын төрайымы, адам укугун коргоочу Ханаа Эдвар: "Хижаб жөнүндөгү бул чечим - өкмөт менен парламенттин Иракта Ислам мамлекетин курууга карата аракетинин бири, - деп ишенет. - Болбосо Ирактын Конституциясында мамлекетибиз диний эмес, дүнүявий деп көрсөтүлгөн эмеспи".

Ошентип өкмөтүндө диний партиялар үстөмдүк кылган Иракта жарандык эркиндик кыскарып баратканы тууралуу айтыла баштады. Коңшулаш Иранда, маселен ушул эле тартипте иштеген “мораль полициясы”, керек болсо, нике кыйдыра элек түгөйлөр көчөдө бирге жүрүшсө да заматта камакка алганга укуктуу.

Ал эми Ирактагы өзгөрүүлөр эмнеге алып келиши мүмкүн?
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG