Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

“Ислам мамлекети-Хорасандагы” борборазиялыктар: ФСБ жок кылган казак жарандары


"Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары делген адамдар. Ооганстан.
"Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары делген адамдар. Ооганстан.

Москвадагы "Крокус сити" борборуна жасалган куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. Кол салууну уюштурууга шек саналып кармалгандардын төртөө тажикстандыктар экенин маалымат каражаттары жазды. Орусиянын бийлиги бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Эмне себептен "Ислам мамлекети" террордук тобу Орусияны бутага алды? Аталган радикал уюмда борборазиялыктар көппү? "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Рид Стэндиштин суроолоруна дүйнөдөгү экстремисттик жана террордук топторго байкоо жүргүзүп турган MillitantWire.com изилдөө борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана редактору Лукас Уэббер жооп берди.

MillitantWire.com изилдөө борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана редактору Лукас Уэббер.
MillitantWire.com изилдөө борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана редактору Лукас Уэббер.

- Кол салууга “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу жоопкерчилик алды. Буга чейин АКШнын расмий адамдары алардын чалгын кызматтары муну ырастаганын айтып чыккан. Ошентсе дагы кол салгандар кимдер экени боюнча кайсы бир бүдөмүк жагдайлар бар окшойт. Путин өз сөзүндө калабага кандайдыр бир деңгээлде Украинанын катыштыгы бар экенин кыйытты. Муну Киев четке какты. Учурда бул тууралуу эмне айтууга болот?

- Москва аймагындагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун борбордук жетекчилиги жана анын пропагандачыл бөлүмү алды. Жалпысынан алганда, кол салууну “Ислам мамлекети” радикал тобу эле уюштурса керек. Анткени мындай зулум чабуулдун мүнөзү эл аралык террорчулардын жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун операцияларына окшошуп турат. Бул кол салуу Москвага катуу тийди. Анткени бул соңку жылдардагы ири жихаддык операциялардын бири болуп калды жана ал Орусиянын борборунда ишке ашырылды. Мунун алдында Кавказда "Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу болгон. Андан тышкары марттын башында "Ислам мамлекетинин" Ооганстан жана Пакистандагы бөлүмү - "Хорасан" тобуна каршы рейд жүргүзүлгөн.

Ал операциянын жыйынтыгында Казакстандын эки жараны өлтүрүлгөн. Мунун баары "Ислам мамлекети" радикал тобунун борборазиялык контингенти менен байланыштуу болгон. Ал контингент Иран менен Түркияда жаңы жылдын башынан бери тышкы операцияларды ишке ашыруу үчүн активдешип, күчтөнүп, мобилизацияланган сыяктанат. Маселен, тажикстандык расмий адамдардын бири маалымат каражаттарына билдиргендей, "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобунун Тажикстандагы автоунаа жардыруусуна тиешеси болгон.

Андан тышкары Кыргызстан, Германия, Австрияда чабуул коюу аракеттери ишке ашпай калган. Мындан улам Москвадагы чабуул "Ислам мамлекети" радикал тобунун эл аралык террордук кампаниясы, өзгөчө ХАМАСтын Израилге кол салуусу жана андан кийинки Израилдин Газадагы аба соккуларынан кийин активдешкенин айгинелейт. Мындан улам Орусиядагы чабуул Иран, Түркиядагы чабуулдардын жана Европа менен Кыргызстанда ишке ашпай калган кол салуу аракеттеринин толкунуна дал келет.

- Лукас, эмне себептен алар Орусияны бутага алышты? Азыр "Ислам мамлекети" же "Ислам мамлекети- Хорасан" террордук тобун Орусияда эмне кызыктырат?

- 2014-жылдын башында мурдагы халиф Абу Бакр аль-Багдади Орусияны АКШ менен катар эле ислам жана моджахеддерге каршы элдешкис согуштагы эң башкы душман деп атаган. 2015-жылы Орусия Сириянын өкмөтүн колдоп кирип, согушка аралашканда, кырдаал күчөп кетти. Кийин орусиялык аскерлердин жана жалданма аскердик компаниялардын Африкадагы интервенциясы дагы бул кырдаалды ого бетер ырбатты.

Ооганстандын башына талибдер келгенде, "Ислам мамлекети" радикал тобунун Ооганстандагы бөлүмү Орусия менен Талибандын алакасын белгилей баштады. Бул бир кыйла орчундуу факторлор. Менимче, "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму Орусиянын коопсуздук тармагындагы өксүктөрүн, начар жактарын аныктаган. Аларды Орусия Африкадагы кампаниялар, Украинадагы ири масштабдагы согуш менен ого бетер начарлатып алган. Жалпысынан бул Орусиянын контртеррордук дараметинин начарлап кеткенин билдирет. Ички коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөшкө багытталган топтор Украинага жөнөтүлүп, ал жактан оор жоготууга учурашкан. Орусия террорчулардын бутасына айланышынын бир катар себептери бар.

- Сиз буга чейин "Ислам мамлекети" террордук тобунун ичиндеги борборазиялык чоң контингент тууралуу айттыңыз эле. Кавказдан чыккан көп согушкерлер бар экенин билебиз. Уюмдун ичиндеги мурдагы Советтер Союзунан чыккан, орус тилдүү блок канчалык таасирдүү жана кубаттуу?

- "Ислам мамлекетинин" борборазиялык контингенти 2010-жылы Ирак менен Сириядагы Халифаттын аймагында түптөлгөн. Алардын чет элдик согушкерлери көп болчу. Маселен, алардын борборазиялык жана орус тилдүү пропагандалык түйүндөрү болгон. Ал борборлор аймактагы өкмөттөргө каршы билдирүүлөрдү жасап, каражат топтоо, адамдарды азгыруу, кастыкты козутуу, коомдо жана алардын Батыштагы диаспораларынын арасында жик салууга багытталган.

Соңку жылдары байкаганыбыздай, борборазиялык борбор Ооганстанда жайгашкан "Хорасан" бөлүмүн көздөй ыктады. Эми "Ислам мамлекети-Хорасан" тобу "Ислам мамлекетинин" Ирак жана Сириядагы гүлдөп турган убагына салыштырмалуу пропаганданы абдан көп тилде жүргүзөт. Уюмдун бул канаты маалымат жайылтуу, Борбор Азиядан согушкерлерди азгыруу иштерине көп эле ресурс коротту. Эми бул согушкелер тышкы операцияларда негизги ролдорду ойноп жатканын көрүп турабыз.

2021-жылдан бери Европада борборазиялык согушкерлер катышкан үч кол салуу аракети болгон. Австрия менен Германияда Рождестовонун алдында негизинен борборазиялыктардан турган топтор активдүү болду. Мунун баары Ирандагы бир катар чабуулдарга жана Түркиядагы чиркөөгө жасалган кол салуулар дагы борборазиялыктардын террорчул кыймылы тышкы операцияларга катышып жатканын айгинелейт.

ФСБ жок кылган казак жарандары кимдер?

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Казакстандын эки жаранын "жок кылганы" март айынын башында белгилүү болду. Калуга облусундагы айылдардын биринде казакстандык Сабит Аширалиев жана Жанибек Таскулов өлтүрүлгөндөн кийин орус бийлиги аларды террорчулар жана экстремисттер тизмесине кошту.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети маалыматты ырастады. Маркумдардын жакындары алар террорчу болгон деген айыпка макул эместигин билдирип, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден алардын сөөгүн Орусиядан алып чыгууга жардам сурашты.

"Атайын операцияда жок кылынды"

7-мартта орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары бул өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) "Ислам мамлекети" террордук уюмунун "Вилаят Хорасан" баштапкы бирикмесинин Москвадагы синагогалардын бирине куралдуу кол салууну пландаган мүчөлөрү жок кылынганын маалымдашты.

Мекеме "колго түшүрүлгөндө террорчулар ФСБ кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнүн, ошондуктан өздөрүнө жооп катары ок атылып, жок кылынганын", Калуга облусунда "радикалдар жашаган жерде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында ок атуучу курал-жарак, ок-дары, колго жасалган жардыргыч даярдоого керектелүүчү каражаттар табылганын" билдирди.

Кийинчерээк орусиялык ASTRA Телеграм-каналы ФСБ Казакстандын эки жараны – Сабит Аширалиев жана Жанибек Таскулов өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат жарыялады. Алар Орусияга 28-февралда барганы, ошол эле күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Орусияда эки казакстандыктын өмүрү кыйылганын тастыктаганы маалымдалды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети "Жалпыга маалымдоо каражаттарында Орусиянын күч кызматкерлери бул өлкөнүн аймагында теракт жасоого аракет кылган Казакстандын эки жаранын жок кылганы тууралуу маалымат жарыяланды. Экөө тең Казакстандын жараны экени жана Орусиянын аймагына киришкени тастыкталууда. Бул факт боюнча комитет сотко чейинки иликтөө жүргүзүүдө. Текшерүү иши Орусиянын ФСБсы менен ортодогу байланыш каналдары алкагында тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүп жатат", — деп билдирип, андан башка маалымат ачыкталбай турганын кошумчалады.

Көп өтпөй орусиялык Телеграм-каналдар Калуга облусунун Коряково айылында өлтүрүлгөн Аширалиев менен Таскулов Орусиянын террористтер жана экстремисттер тизмесине киргизилгени тууралуу маалымат таратышты.

ФСБнын маалыматында айтылган "Вилаят Хорасан" — Ооганстанда кандуу террордук чабуулдарды уюштуруп келген террордук топ. 2021-жылы август айынын соңунда бул өлкөдөгү чет элдик аскерлер чыгарылып жаткан маалда Кабул аэропортунун жанында жасалган теракт үчүн да ушул уюм айыпталган. Эки масштабдуу жардыруу ал күнү 170 адамдын өмүрүн алган, жүздөгөн адамдарды жарадар кылган. Бул чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Вилаят Хорасан" алган.

2020-жылы топтун согушкерлери Кабулда төрөт үйүнө кол салып, 25 кишини өлтүргөн. Бул террордук топ Ооганстандагы шийит хазарлар жашаган жерлерге да бир нече жолу чабуул койгон. 2016-жылы январь айында АКШнын Мамлекеттик департаменти "Вилаят Хорасанды" "чет өлкөлүк террордук уюм" деп расмий атаган.

Топ Орусияда өлтүрүлгөн казак жарандары Аширалиев жана Таскулов тууралуу азырынча эч кандай маалымат жарыялай элек.

"Азаттыктын" казак кызматы алар экөө тең Түркстан облусунун Сарыагаш районунун тургундары болгонун аныктап чыкты. Жакындары маркумдар кайсы бир террордук уюмга мүчө болгону жөнүндө маалыматтарга ишенбей турганын айтышууда.

Райондун акимчилигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, алардын туугандары президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, маселеге кийлигишүүнү жана сөөгүн Орусиядан алып чыгууга жардам берүүнү суранышты.

"Даяр туруңуз, ажылык сапарга барасыз"

35 жаштагы Сабит Аширалиев Чымкент шаарынан 100 чакырым, ал эми райондун борбору Сарыагаш шаарынан 9 чакырым аралыкта жайгашкан Сарыагаш районунун Жанатурмыс айылында жашачу. "Азаттыктын" кабарчысы ошол айылга барып келди.

Аширалиев үй-бүлөсү менен жашаган үйдүн дарбазасы жабык турган экен. Жанында маркумдун ата-энесинин аза күткөн үйү. Апасы Алима Аширалиева күйүтүнөн кармана албай, араң сүйлөп отурду.

Анын айтыманда, Сабит үйдөгү беш баланын төртүнчүсү болчу. Ал эки аял менен жашачу (Казакстанда кош никеге мыйзам жол бербейт. — Ред.). Аялдарынын бири коңшу үйдө жашайт, экинчиси — Чымкентте. Артында эки аялынан жашы жете элек төрт баласы калды. Улуусу биринчи класста окуйт. Эки аял тең азыр кош бойлуу.

Аширалиев Жанатурмыс айылындагы М.Габдуллин атындагы орто мектепти аяктаган. Аскерден келгенден кийин намаз окуй баштаган. Жашоосуна акчаны үй оңдоо иштери менен тапчу. Темир ширетүүчү болуп ар кандай буюмдарды жасап да иштечү.

Алима Аширалиева уулу менен каза тапкан Жанибек Таскулов тууралуу буга чейин эч укпаганын, уулу экөө тааныш болгонун да билбегенин айтууда. Божомолунда, экөө жумуш аркылуу таанышып калышы мүмкүн, себеби курулуш тармагында иштешчү.

"Акыркы жолу уулум менен 28-февралда видео байланыш аркылуу сүйлөшкөм. Алматыга кызын доктурларга көрсөткөнү кеткен. "Апа, эки-үч күндө үйгө кайтып барам. Даяр туруңуз, бир айга ажылык сапарга барабыз" деген эле. Өзү буга чейин ажылыкка барып келген. Орусияга кеткенин эч ким билбептир. Билбейм, ажал жетелеп барганбы же... Балдары минтип жетим калды", - дейт маркумдун апасы мектепке даярданып жаткан небере уулун көрсөтүп.

Уулу каза болгонун Аширалиева 10-мартта Боровоеде жүргөндө уккан.

"Эртеси күнү айылга кайтып бардык. Кызы алдыбыздан чуркап чыкты. "Атам каза болуптур" деди ал. Эмне кылышым керек? Азыр сөөгүн күтүп жатабыз. Уулумдун кандайдыр бир жаман жоруктарга барганын байкаган эмес элем. Күнүнө беш маал намаз окучу. Биз сыяктуу эле намаз окуп жүрдү. Террорчу болгон дегени жалган", - дейт эне.

Сабит Аширалиевдин жакындары орус бийлиги маркумдун сөөгүн акыркы сапарга узатуу үчүн туугандарына өткөрүп бериши керектигин айтып жатат.

Сарыагаш районунун Жибек Жолы айыл округунун акимчилигинин маалыматында, Жанатурмыс айылынын тургуну Сабит Аширалиев Казакстанда ишмердигине тыюу салынган кайсы бир диний агымдын мүчөсү деген каттоого алынган эмес. Сарыагаш районунун акимчилигинин басма сөз кызматы Аширалиев тууралуу суроолордун баарын компетенттүү кызматтарга жөнөтүү керектигин билдирди.

Жибек Жолы айыл округунун акимчилиги.
Жибек Жолы айыл округунун акимчилиги.

"Орусияга машине алуу үчүн барган"

38 жаштагы Жанибек Таскулов Сарыагаш районундагы Кызылжар айылынын тургуну болчу. Үйдөгү үч бир туугандын эң улуусу. Артында жашы жете элек төрт баласы калды. Экөө башталгыч класста окуйт, кичүүсү - бир жаштагы наристе.

Мамлекеттик киреше боюнча комитеттин сайтындагы маалыматта белгиленгендей, Жанибек Таскулов Чымкенттин Абай районунда катталган REAL TRAVERTINE компаниясынын жетекчиси болгон.

Маркумдун карындашы Айгерим Таскулованын айтымында, агасынын өлүмү тууралуу 9-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуган. Бул кабар жакындарынын баарын нес кылган, күйөөсү каза болгонун уккан жеңеси эсин жоготкон.

"Адегенде ишенген жокпуз. Агам экенине ФСБ жарыялаган видеону көргөндөн кийин гана ишендим. Башы эшик жакты карап, кара спорт кийимчен жаткан эркек киши менин агам экен. Чарчаган же уйкусураган кишидей болуп жатат. Алар "каршылык көрсөтүштү, атышуу болду" деп айтып жатышат. Бирок терезеде да, дубалдарда да, полдо да эч кандай из жок. Кантип каршылык көрсөтүштү, бул тууралуу да маалымат жок", — дейт Айгерим.

Таскулованын айтымында, агасы Жанибек жолго 26-февралда чыгып, Чымкент — Алматы — Москва каттамы менен учуп кеткен. Орусияга "Газель" жүк ташуучу машинасын сатып алуу үчүн барган. Жанибек Таскулов мурда деле Орусиядан машина алып келип, Казакстанда сатып, ишкердик менен алектенип, үй-бүлөлүк чакан курулуш компаниясын башкарып жүргөнүн Айгерим кошумчалады.

"Акыркы жолу аялына жана балдарына 5-мартта чалган экен. Жолго билет издештирип жатканын, эки күндөн кийин Казакстанга келип каларын айтыптыр. Ылайыктуу машина таба албай жатканын, бөйрөгүнө суук тийгизип алганын да айткан экен. Балдарына таттуу ала келем деп убада кылыптыр. Теракт жасайм деп даярданып жүргөн киши балдарын ошентип үмүттөндүрүп, убада бербейт эле да", — дейт Айгерим Таскулова.

"Ал террорчу болушу мүмкүн эмес", — дейт карындашы. Анын белгилешинче, агасы "намаз окуган, Казакстандагы деструктивдүү диний агымдардын жактоочуларынын тизмесине кирбеген" адам болгон.

"Мүнөзү ачык-айрым, сабырдуу, камкор, мээримдүү эле. Эмне иш баштабасын, аягына чыгарчу жана үй-бүлөсүн чексиз сүйгөн адам болчу", — дейт Айгерим агасы тууралуу.

Жанибек мектепти артыкчылык менен аяктаган, бирок университетке өтө албай калып, курулуш материалдары базарында ишкердик менен алектенип жүргөн.

" Тирүү эмес дегенге ишене албай келебиз. Биздин таянарыбыз эле. Ата-энебизди ажылык сапарга алып барып келсем деп кыялданып жүргөн. Курал-жарак, аңчылык же балык уулоо деген менен таптакыр иши жок болчу. Агам мыйзамдарды түшүнчү, билимдүү адам болчу. Билет сатып алып, Орусияга учуп барды. Орусияда шайлоо учурунда чек арада текшерүү күчөй турганы жакшы белгилүү. Эгер анда курал болсо, эмне үчүн чек арадан кармашкан эмес? Курал каяктан пайда болду? Түшүнө албай жатабыз", — дейт Таскулова.

Ал орус бийлигинен агасынын сөөгүн өткөрүп берүүнү өтүнүп, анын теракт жасоого ниети болгонуна кандай конкреттүү далилдер бар экенин көрсөтүүнү суранууда.

"Колубуздан эмне келет? Биздин үнүбүздү ким угат? Бул эл аралык иш. Күткөндөн башка аргабыз жок эми", — дейт ал.

Маркумдардын туугандарынын айтымында, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Сабит Аширалиевдин да, Жанибек Таскуловдун да, алардын ата-энелеринин да үйүндө тинтүү жүргүзүштү, үй-бүлө мүчөлөрүн жана туугандарын суракка алышты.

Москвадан 90 чакырым аралыктагы кыштакта ажал тапкан эки казакстандыктын өлүмү социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратты. Алардын көбү бул окуяда айрым күмөн жагдайлар бар экенин белгилеп жатышат.

Мисалы, Аширалиев менен Таскулов Орусияга качан, Коряково кыштагына эмне максат менен барышканы, ошол жерде канча жүрүшкөнү тууралуу эч кандай маалымат айтылбай жатат. Экөөнүн "Вилаят Хорасан" менен байланышы кандай экени, ФСБнын атайын операциясы учурунда экөөнөн башка дагы кишилер болгонбу же жокпу, бул тууралуу да маалымат жок. Ушул суроолорду "Азаттык" да Орусиянын ФСБсына жөнөттү, бирок азырынча жооп ала элек.

"Азаттыктын" казак кызматы даярдаган макаланын котормосу. Түп нускасы бул жерде.

XS
SM
MD
LG