Молдованын бийликтеги коалициясынан талапкер 30-октябрда өтө турган президенттик шайлоодон өз талапкерлигин алып салды.
Батышчыл саясатчы жана Демократиялык партиянын төрагасы Мариан Лупу 26-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында өз талапкерлигин башка өнөктөшү, мурдагы билим берүү министри Майя Сандунун пайдасы үчүн алып жатканын билдирди.
Мариандын айтымында, 30-октябрда өтчү шайлоодон Сандынун алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Ал өз тарапташтарын Сандуга добуш берүүгө жана башкы атаандаш деп эсептелген, орусиячыл Игорь Додонду жеңүүгө жардам көрсөтүүгө чакырды.
30-октябрда Молдова эли президентти түз шайлайт. 1996-жылдан бери бул өлкөдө президентти парламент шайлап келген.