Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44
Кыргыздар курсак майрамдар марафонуна кадам таштады. Так айтсак, марафон күн өтө күүсүнө кирип, күкүктөгөн локомотивди жана анын артынан чынжырдай чубалган вагондор курамын элестетет. Бул марафондон өлкөбүздөгү бир да киши, бир да мекеме четте калбайт. Адамдар кошумчасын эки бүктөм кагазга ороп, ресторан-кафелерде – тойканаларда топурашат. Ресторандар күн-түн түшкөн накта кирешесин саноо менен убара. Баса, тойкана ээлерине азыр таасири күч тааныш салып же пара берип гана ишемби же жекшемби күнгө койдура аласыз. Быйылкы өзгөчөлүк: бул маалда банктардын иши да жанданды - ашка жана тойго кредит бере башташыптыр. Кардарга иштейбиз деген ушул да.

Милицияга кошумча иш табылды - тойлордо “тоюп” алып, бири-бирин төпөштөгөн эргулдарды тынчытуу менен алек. Териштире келсең кээси бүгүн эле куда-сөөк болгондор мен жак кыйын, сен жак кыйын деп, коколошкон болуп чыгат деп тааныш милиционер айтып жатпайбы. Түнкү таксисттер да тойканалардын алдындагы аянтчаны талашып, айдап келген машинесин таппай калган же жөн эле жөө келген конокторду ташып, аз-маз болсо да тапканын арбытып жатышат.

“Аш көп болсо – каада көп” деп кыргыз айтмакчы, тойканалардан кийин да той тойго уланат, ансыз кантип болсун? Бир өңчөй тойлордон коноктор тажап кетпеш үчүн аларга жаңы мазмун киргизе башташты. Бир эле түштөнтүү деген жаңы салтты алалычы. Азыр бул салттын автору ким деп баш катырышууда. Мал-жандуу Ат-Башыдан чыккан деген версия басымдуу. Бул салт боюнча, мисалы, үйүңүзгө куда келсе, коңшуларыңыз, бир туугандарыңыз, аялыңыздын төркүн жагы, досторуңуз, кесиптештериңиз, классташтарыңыз, курсташтарыңыз, кыскасы, сизге ылым санагандын баары бирден коюн союп, бышырып келишет. Ага арак-коньяк, суусундугу кошулат. Ошентип, катышыңыз көп болсо келген коногуңуз экинчи эт көргөндө кускудай кылып узайт. Бирок кусуп бүткөндөн кийин кайра уланат.

Бул салт, эми бат тараган дарттарга салыштырбай эле коёюн, бирок тездик менен бүт кыргыз журтуна тарады. Өткөндө бирөөлөр Ат-Башыга кудага барып, түшкү саат 1ден түнкү 1ге чейин 10 кой (!) тартылганын айтып келди, алды ашказанынан авария болуптур... “Койгула, кудалар, малга да, карышкырга да убал” деп баргандар жалынса, тоскон атбашылыктар “ка-ап, дагы эки кой тартылбай калбадыбы” деп өкүнүшүптүр.

Баарынан да ишке жаман болду, мурда бир гана дүйшөмбү күнү таңында бардык жамаат жаман абалда ишке чыкчу эле, азыр күн сайын дендароо болгон, уйкусу чала, кечээкинин уусу кете элек кейпи менен келчү болду. Ким бирөө жаңы рекорд коюптур деп атышат – ал бир айда 22 күн ар кандай тойго барыптыр. Акырында баш айланып, мурда чакырган жерге кайра башы маң болуп барган имиш.

Тойдун көбүнөн ашказандар иштен чыкканы аз келгенсип, жанагы заказ кылган тамактары, жасалган салаттары желбей калып, тойканалар жанына жаңы акыр-чикир жашиктери коюлууда. Муну көргөн чет жердик изилдөөчүлөр Бириккен улуттар уюмуна, башка уюмдарга жазып, Кыргызстанды (кыргыздарды) чукулунан жарды мамлекеттер катарынан чыгарууну суранууда. Эптеп грант, арзан кредит алып жаттык эле да. Чын эле эмнебиз жарды? Ошол үстөлдөн чириген тамак-ашты Африкадагы ачка мамлекеттерге жиберсек, сообу тийбейби.

Былтыр бул марафон жаңы жылдын ары жак-бери жагына барып сапары карыган. Быйылкы жүрүшүнө караганда ала жазга жетчүдөй, анткени чакырык кагаз көп. Бирок кызыгы: минтип тойго акча сапырылып жатса, мамлекеттин казынасы бөксө. Тим эле элдин баары бюджеттен уурдап кеткендей. Ушуга байланыштуу бир ой кылт этип келе калат: а, балким, салык кызматтары аш-тойго салык салсачы? Тойканага эмес, ар бир кошумчага. Андай болгондо Кумтөрдүн салыгы суу кечпей калмак. Тек гана салыкчылар санын кескин көбөйтүүгө туура келет. Анткени, тойлордун санын алганга, ар биринен салык жыйнаганга азыркы салык кызматынын саны чак келбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG