Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:40

"Камбар-Ата-1": шарттары белгисиз шартнаама


Кыргызстандагы ГЭСтердин бири. (Иллюстрациялык фото)
Кыргызстандагы ГЭСтердин бири. (Иллюстрациялык фото)

Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттери мурда талаштуу болуп келген гидроэнергетикалык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча эки мамлекеттин ортосундагы жетишилген макулдашуу боюнча түрдүү пикирлерин айтышууда.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу макулдашылганын айткан. Өзбекстандын Энергетика министрлиги ушундай эле мазмундагы билдирүүсүн жарыялаган.

Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин долбоорлоо мындан 40 жыл мурун Ташкентте башталган.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Орусия менен Камбар-Атаны курууга капсула салынган эле. 2012-жылдын 27-октябры.
Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Орусия менен Камбар-Атаны курууга капсула салынган эле. 2012-жылдын 27-октябры.

Орусия соңку жылдары бул курулушка катышуу ниетин билдирип, бирок тараптардын пикир келишпестигинен долбоорду ишке ашыруу токтоп турат.

Өзбек эскперттери “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш долбооруна оптимизм менен карап турган чакта, ага карата кыргыз эксперттеринин мамилеси андай эмес. Ал эми айрым саясатчылар мындай кызматташтыкка караманча каршы экенин жашырышпайт.

Ташкент сапарынан кийинки президенттин билдирүүсү

“Биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу тууралуу келишим түздүк. Жумуштар ошол эле күнү башталды. Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун 3 жылда бүтүрүүнү максат кылабыз. Долбоор толугу менен ишке ашырылат. Биз аны 30 жылдан бери кура албай келдик. Азыр аны 3 жылда бүтүрүүнү пландаштырып жатабыз”, деди президент Садыр Жапаров 15-мартта “Азаттыкка” курган маегинде.

16-мартта Өзбекстандын Энергетика министрлиги ушундай эле мүнөздөгү инвестициялык кызматташтык тууралуу билдирүү жасады:

“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 11-12-март күндөрү Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу макулдашууга жетишилди. Анын ичинде Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу тууралуу инвестициялык долбоор да бар.”

Жапаровдун Ташкенттеги мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен маалымат жыйынында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев “суу-энергетикалык кызматташтык боюнча биринчи жолу меморандум эмес, макулдашууга жетиштик” деп билдирип, бирок ал келишим “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна байланыштуу экенин айткан эмес.

Кызматташтыктын планы жайында даяр болот

Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга жасаган визити учурунда кол коюлган 22 документтин экөө энергетикага тиешелүү. Бирок ушул күнгө чейин аталган документтердин мазмуну белгисиз болуп, анда ГЭС курулушу тууралуу келишим түзүлгөнү айтылган эмес эле.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 13-мартта Бишкек шаарында (Жапаровдун Өзбекстанга визитинен кийин) эки тараптын энергетика министрлеринин жетекчилиги астында жумушчу топтордун жолугушуусу болгон. Анын жүрүшүндө тараптар “Камбар-Ата-1” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жана “Түндүк Сох” жер астындагы жаратылыш газын сактоочу жай боюнча кыргыз тарап менен кызматташуунун шарттарын талкуулашкан.

Кыргызстандын Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин маалымат катчысы Азамат Курамаев Өзбекстан аталган долбоорго кандайча катышары белгисиз экенин айткан:

«Эми эки тараптуу координациялык кеңеш түзүлүп, алар июнь айына чейин өздөрүнүн сунуштарын беришет. Кызматташуунун форматы кандай болот, инвестиция кандай тартылат, ортодогу акциялар кандай бөлүнөт, Өзбекстандын катышуусу кандай болот? Ушулар боюнча сунуштарды иштеп чыгышат. Сунуштар даяр болгондон кийин өкмөт аралык комиссия атайын токтом чыгарат. Ошол токтомдун негизинде долбоор бекитилет. Азырынча Өзбекстан тарап «Камбар-Ата-1» долбооруна кандайча катыша турганы боюнча так маалымат жок».

Эки мамлекеттин эксперттеринин пикириндеги ажырым

Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турган кезде расмий Ташкент Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга каршы чыгып келгени белгилүү. Ташкенттин позициясы бийлик башына 2016-жылы Шавкат Мирзиёев келгенден кийин өзгөргөн.

“Өзбекнефтегаздын” мурдагы башчысы, энергетика боюнча эксперт Анвармирзо Хусаиновдун айтымында, кызматташтык шарттары Өзбекстан “Камбар-Ата-1” долбооруна кошулганга чейин так аныкталышы керек:

Анвармирзо Хусаинов
Анвармирзо Хусаинов

“Өзбекстан менен Кыргызстандын бул долбоорго биргеликте катышуусу мыйзам тарабынан бекемделиши кажет. Бул үчүн “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана аны узак мөөнөткө башкаруу тууралуу мыйзам кабыл алууга туура келет. Анткени, бул курулуш долбоору жана ага салынган инвестиция кийинки келген бийликтердин жана саясий кырдаалдын курмандыгы болбоого тийиш. Анда бардык шарттар камтылып, мисалы, ГЭС 50 жыл бирдей принциптер менен иштей турганы, инвестиция өзүн актамайынча Өзбекстан андан өндүрүлгөн электр энергиясы үчүн төлөбөшү керектиги жана андан кийин анын аныкталган баасы узак мөөнөткө чейин өзгөрбөөгө тийиш экенин тараптар макулдашып алганы дурус.”

Өзбек эскперти “”Камбар-Ата-1” ГЭСи Ташкентке дагы, Бишкекке дагы бирдей пайдалуу долбоор экенин жана ага жетиштүү инвестиция табыларын айтты:

“Бул макулдашуу абдан маанилүү жана келечектүү деп эсептейм. Мен өкмөттө иштеп жаткан учурда Кыргызстанда көп жолу болгом. Андагы абалды жакшы билем. Өзбекстандын кызыкчылыгы үчүн анын бул долбоорго катышуусу абдан маанилүү жана пайдалуу. Биринчиден, бул долбоор өтө деле чоң эмес. Менимче, долбоордун баасы 3-3,5 млрд доллларга барабар. Бул инвестициялык долбоор. Ал жөн эле желип кете турган долбоор эмес. Инвестиция экологиялык таза жана арзан баадагы электр энергиясын Өзбекстанга берүүнүн эсебинен кайтарылат. Бул деген Өзбекстан үчүн ири жана жаңы энергия булагын жаратат.”

Ошол эле кезде кыргыз лидери Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте үч жылда куруп бүтүрүүнү пландаштырууда. Жергиликтүү эксперттер болсо бул идеяга ишенишпейт. Ал эми айрым саясатчылар муну Кыргызстан үчүн зыяндуу долбоор деп эсептешет.

Кыргызстандык энергетик Мырзатай Султаналиевдин айтымында, Өзбекстандын “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна катышуусу расмий Ташкент үчүн пайдалуу. Анткени, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли ылдый түшүп кетсе, суунун таңкыстыгын “Камбар-Ата” суу сактагычы аркылуу толуктаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкача айтканда, Өзбекстан суу көйгөйүн өзү чечкенге жол ачылат. Өзбек эскперти Анвармирзо Хусаинов дагы ушундай пикирди карманат. Бирок кыргыз эксперти Мырзатай Султаналиевдин айтымында, бул ГЭСти курууга Кыргызстан менен Өзбекстандын чамасы жетпейт:

“Менин көз карашымда Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте куруп, бүтүрө албайт. Кандай болгондо дагы башка өлкөлөрдөн компанияларды тартууга туура келет. Анткени, мындай ири курулушка каражат табуу оңой-олтоң иш эмес. Ошол эле кезде аны 3 жылда бүтүрө коюу деген бул - фантастика. Бул ГЭСти үч жылда эч ким куруп бүтүрө албайт. Кеминде 10-15 жыл керек болот.”

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргөн маалда аны айрым саясатчылар кескин сындап чыгышкан. Алардын арасында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да бар.

Ал президент Садыр Жапаровдун “Азаттыкка” курган маегинен кийин партиянын "Facebook" баракчасына мурдагы билдирүүсүн кайра жарыялады:

“Бул жаңылыш жол. Биринчиден, биздин сууга көз арткан, суудан көз каранды болгон өлкөнү биздин сууну көзөмөлдөп башкарууга жакын жолотпошубуз керек. Экинчиден, Өзбекстан биздин түгөнгүс ресурсубузду бекер алып жатат. Кыргызстан ГЭСтерди куруш үчүн биргелешкен ишканага өзүнүн географиялык орду менен, Кудай берген түгөнбөгөн гидроресурсу менен кирет. Өзбекстан эмнеси менен кирет? Эч нерсеси менен кирбейт, бекер кирет. Демек, биздин үлүшүбүз баа жеткис. Анан ошол ишкана 5-10-млрд. доллар карыз алып, ГЭСтерди куруп, андан чыккан электр энергиясын сатып, түшкөн акчанын эсебинен карыздан кутулат экен. Өзүбүздүн топубузду өзүбүзгө кийгизип, биздин ресурстан түшкөн акчанын эсебинен карыздардан кутулгандан кийин, ГЭСтердин жарымы биздики, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Бул кандай улуттук саясат болсун?! Бул улуттук кызыкчылыкты коргоо эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болот.”

Жаңы президенттин жаңыча ыкмасы

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов коңшулар тарабынан жаңы ГЭСтердин курулушуна каршы чыгып келген. Анда Казакстан дагы Ташкенттин позициясын колдогон. Мисалы, 2012-жылы Казакстандын премьер-министринин орун басары Крымбек Кушербаев Кыргызстандагы “Камбар-Ата” ГЭСтеринин курулушу боюнча анын өлкөсү менен Өзбекстандын туруму бирдей экенин айткан. Долбоор БУУнун конвенциясынын негизинде жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ишке ашышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ошентип, азыр Өзбекстан аталган ГЭСти Кыргызстан менен бирге курууну мерчемдеп отурат. Мындай өзгөрүүгө өзбек эксперти Анвармирзо Хусаинов төмөндөгүдөй комментарий берди:

"Ислам Каримовдун саясаты өлкөнүн чек араларын жаап, биздин адамдарды жабык стаканга батырып салган. Ал Өзбекстанда өзүнө жетиштүүлүк саясатын жүргүзгөн. Бул 21-кылымдын экономикалык ой жүгүртүүсү эмес. Эң эле туура экономикалык көз караш, мамлекеттер менен элдердин ортосунда бекем байланыштарды орнотууда. Эки тараптуу кызыкчылыкка негизделген масштабдуу долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу зарыл".

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосуна аталган ГЭСти курууга Өзбекстандын катышуусу тууралуу мындай пикирин билдирди:

“Башкаруу, өндүрүлгөн энергия өзүбүздө болот. Менчик биздики болот. Алар болгону капитал гана салат. Чынын айтсам, Кыргызстанда мүмкүнчүлүк жок. Сөзсүз инвестор керек. Өзүбүз салабыз десек, ал - утопия. Дагы 10 жыл күтүш керек ”.

2012-жылы Кыргызстан менен Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык долбоорду орусиялык «РусГидро» компаниясы ишке ашырмак. Бирок бул боюнча иш үзгүлтүккө учурап, 2016-жылы Кыргызстан бул макулдашуудан бир тараптуу чыгып кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG