Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Катуу суукта жабылган жол, онлайнга өткөн окуу


Ош облусунун Кара-Кулжа району. Айрым айылдарда кардын калыңдыгы бир метрден ашкан.
Ош облусунун Кара-Кулжа району. Айрым айылдарда кардын калыңдыгы бир метрден ашкан.

Соңку эки күндөн бери кескин өзгөргөн аба ырайы элдин жашоосун оорлотту. Оштун Кара-Кулжа районунда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондорунда бир нече жол каттамдары жабык турат.

Айрымдар бара турган жерине жетпей, жолдо калганын айтууда. Төө-Ашуу, Долон ашууларында оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болду. Ал арада Билим берүү министрлиги мектептерди эки күнгө онлайнга өткөрдү.

Ой-Тал айылы, Кара-Кулжа району. Мында жааган кардын калыңдыгы бир метрге жеткен. Айылга каттам ачыла элек.
Ой-Тал айылы, Кара-Кулжа району. Мында жааган кардын калыңдыгы бир метрге жеткен. Айылга каттам ачыла элек.


Байышбек Эргешов Ош шаарынан Алайкуу өрөөнүнө жем, ун алып бараткан. 11-декабрдан бери ал көздөгөн жерине жете албай, Ой-Тал айылында турат. Мында жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашкан, эки күндөн бери жол тазалана элек.


"Азыр бул жерде каттам жабык, жол тазалана элек. Эки күндөн бери жааган кар бир карыш жылдырбай турат. Жергиликтүүлөрдүн үйүндө отурабыз. Ортодо калган эл жок, көбүн айылдагылар үйүнө киргизип, тамагын берип. Жолду тазалаган унаа жок, мындан кийинки айылдарда деле кыймыл жок. Ат менен айыл ичинде мал карагандар гана жүрөт. Кар көп жааганда дайыма эле ушундай көрүнүш болуп турат. Качан жол ачылат деп турабыз күтүп, азыр кардын калыңдыгы бир метрден ашты".

Нарын - Торугарт унаа жолунда ондогон оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат. Жааган калың кар жол каттамын токтоткон.
Нарын - Торугарт унаа жолунда ондогон оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат. Жааган калың кар жол каттамын токтоткон.


Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда да оор жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги жаралды. Айдоочулар тынбай жааган кар жана шамалдан улам тыгын болуп, жолчулар тазалап үлгүрбөй жатканын айтууда.

Өзгөчө Торугарттан чыгып, Ак-Бейиттин тушуна келгенде айдоочулар кыйналууда.

"Бизге Кытайдан келаткан автоунаалардын айдоочулары чоң түйшүк жаратууда. Маселен, алар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбай чыгып алат. Ашууларга келгенде автоунаасы тартпай калганда гана дөңгөлөктөргө чынжыр тагып, суукта элди кыйнап атышат. Айрымдары жол жээкке чыгып кеткен. Жолчулар күнү-түнү кум чачып, баарын чыгарууга аракет кылууда. Торугарттын кире беришинде кар шыкалып, машинелер жылбай калды", - дейт алардын бири.


Нарын - Торугарт автоунаа жолунда айдоочулар өз күчү менен кар күрөп, абалдан чыгуу аракетин көргөн, бирок кырдаал өзгөргөн жок. Алар азыр атайын техниканын келишин күтүп турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 13-декабрда маалымат таратып, өлкө аймагында бир канча автоунаа жүрүүчү жол соңку аба ырайына байланыштуу жабык экенин билдирди.

Азыркы тапта Ысык-Көл облусундагы Түп - Кеген автоунаа жолунун "Каркыра" бөлүгү, Боз-Учук - Жыргалаң автоунаа жолу (13-15-чакырым аралыгы) Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу, Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу жабык. Түп-Кеген унаа жолунун Сары-Тологой - Токтоян тилкеси жабык турат. Аталган жолдордо тазалоо иштери бороон басылар замат башталып, кум чачылары да айтылды. Ошондой эле Ош облусунун Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна (45-101-чакырым аралыгы) жааган кардын калыңдыгы 1-1,5 метрге жетти. Учурда бороон басылып, жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жолдор тынымсыз тазаланып, инерттик материалдар үзгүлтүксүз чачылууда. Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат", - деп жазылган маалыматта.

Ал арада Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Азизбек Дыйканов айрым автоунаа жолдор бир тараптуу тазаланып, каттам жанданганын 13-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Бирок Дыйканов бороон токтобогондуктан кар кайра эле жолдорду көөмп салып жатканы жолчулардын ишине тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.

"Ак-Суу району боюнча катуу бороон болуп, биз түнү менен иштедик. Азыр жолдордун 60-70% ачылып калды, бирок абал оор. Эңилчек - Чоң-Ашуу ашууга бир тараптуу жолду ачып бердик, шамал болгондуктан каттам кыйын. Автоунаада түнөгөн, жолдо калгандар болгон жок. Азыр күндүн көзү көрүнүп турат, бирок катуу шамал токтой элек. Иштеп аткан алты атайы техника бар, алар жетишсиз болууда".

Каракол - Ак-Суу унаа жолу. Жол каттамынын 60-70% бир тараптуу ачылды. Катуу шамал жолчулардын ишин кыйындаткан.
Каракол - Ак-Суу унаа жолу. Жол каттамынын 60-70% бир тараптуу ачылды. Катуу шамал жолчулардын ишин кыйындаткан.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, 13-14-декабрь күндөрү катуу суук болуп, калың кар түшүп, айрым жерлерде сууктун күчү -35 градуска төмөндөй турганын билдирген.

Жолдо калган окуучулар, онлайн окуу

Социалдык тармактардын колдонуучулары катуу сууктагы тайгактан улам транспорт кечигип, анын айынан балдар жолдо калып жатканын жазышкан. Айрымдары Бишкекке сырттан коноктор келгенде жол буулуп, мектептер онлайнга өткөн учурларды эске салып, бирок суукта андай мамиле болбогонун жүйө келтиришкен.

Билим берүү жана илим министрлиги бул сын дооматтардан кийин 13-декабрда гана апта соңуна чейин мектептеги окууну онлайнга которгонун жарыялады.

Бул кабар Бишкектин бир катар тургундарын нааразы кылды. Алар министрликти маалымат кеч чыккандыктан эртең менен үшүп-тоңуп сабакка барган балдар, кайра жол тосуп үйгө кайтууга аргасыз болгону үчүн сындашты.

Маселе парламентте да көтөрүлүп, депутат Жанарбек Акаев аталган мекеменин маалыматы кеч чыкканын сынга алды:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Кычыраган суукту көрүп турасыңар, азыр Бишкек шаарында 215 миң окуучу бар. Алардын баары таң атпай суукта мектепке барса, "окуу онлайн болот" деп кайра таратып атат. Эмне үчүн онлайн окуу тууралуу маалымат бир же эки күн мурда айтылбайт. Министрдин буйругу эрте эмнеге жиберилбейт? 215 миң окуучуну кычыраган суукта ушундай абалга калтырганы үчүн Министрлер кабинетиндеги тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керек".

Мындан кийин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева суукка байланыштуу мектептерди онлайн режимине өткөрүү чечиминин кеч чыкканына түшүндүрмө берди. Ал 13-декабрда маалымат жыйында белгилегендей, мындай чечим Бишкек шаарындагы окуучулардын ата-энелеринин кайрылуусунан улам кабыл алынганын белгилеген.

Министр балдардын коомдук транспорт менен каттоосуна кыйынчылык жаралганы эске алынганын, бирок мектептерге талаптагыдай жылуулук берилип жатканын айтты:

“Биз ар бир мектептеги даярдык тууралуу маалымат алып турдук. Кайсы бир мектепте жылуулук берилбей, өзгөчө абал пайда болсо, ошол замат реакция кылабыз. Биз буйрукту Бишкек шаарындагы ата-энелердин сунушу менен кеч кабыл алдык”, - деди министр.

Ал арада суук түшкөнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит жана пневмония менен ооруган балдар көп кайрылып жатканы маалым болду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 13-декабрда аталган оорукананын директору Шайырбек Сулаймановго шилтеме жасап, кабарлады.

Маалыматка караганда, борборго күн сайын 750дөй бала кайрылып жатат. Буга байланыштуу кошумча 90 керебет коюлду. Шаршембиде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган бейтапканага барып, абал менен таанышканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Нурила Алтымышева суукта жаш балдарды, кары-картаңдарды үйдө кармоого кеңеш берди:

"Азыр жаштардын көбү жука бут кийим кийип, буттары ачык жүрөт. Айрымдары баш кийими жок көчөгө чыгууда. Ата-энелер мындай көрүнүштү көзөмөлгө алып, уул-кыздарынын ден соолугуна азыр көңүл бурушу кажет. Суукта маал-маалы менен тамак жеп, көчөгө көп чыкпаганга аракет кылуу зарыл. Ошондой эле эшиктеги көчөлөр тайгак болгондуктан бут кийимди тууралап кийген жакшы. Көчөдө көпкө туруп калган адам дароо үйгө келери менен буттарын жылытып, ысык чай ичип алганы жакшы. Болбосо суук адамдын өнөкөт ооруларын козгоп, кыйынчылык жаратат", - деди.


Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шаардыктардын даттануусуна байланыштуу Бишкек шаарындагы линияларга кошумча 50 автобус каттамга чыгарылганын билдирди. Автобустардын каттоо аралыгы 7-8 мүнөттү түзөт.

Мурдараак айрым жүргүнчүлөр автобустарды жарым сааттап күтүп калып жатканын, кээде транспорттор андан да узак убакытта келип жатканына даттанышкан.

Борбордо буга чейин 450 автобус жана 115 троллейбус иштеп жаткан. Кошумча чыгарылган транспорттор менен автобустардын саны 500гө жетери айтылды. Мэриядан билдиришкендей, апта соңуна чейин дагы 60 автобус каттамга чыгышы мүмкүн.

Андан тышкары шаар бийлиги жылда катуу суукта төрт райондун муниципалдык мекемелерин иштетип, үй-жайсыз калгандарга жылуу орун, ысык тамак уюштурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG