Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Казакстан: Түрмөдө сегиз киши өз кардын тилип салышты


"Азаттыкка" түшкөн каттардын бири
"Азаттыкка" түшкөн каттардын бири

Казакстандын Караганды облусундагы Долинка шаарчасында дүйшөмбү күнү түрмөдө жаткан сегиз киши кардыларын бычак менен тилип салышкан. Муну менен алар түрмөдөгү оор шарттарга, алардын талаптары аткарылбай жатканына көңүл бурдургусу келишти. Расмий бийлик өкүлдөрү камалган кишилер койгон талаптар “мыйзамсыз болчу” дешет.

Долинкадагы түрмөдө ушундай окуя болгонун биздин радиого Жаза-өтөө жана түзөтүү комитетинин Караганды облусундагы бөлүмүнүн маалымат-катчысы Наталья Горина кабарлады.

“Таңкы саат 6:50 АК-159/7 жаза өтөө колониясында жаткан сегиз адам өз денелерине зыян келтирип, карындарын тилип салышкан, - деди ал бизге. - Алардын баарына медициналык көмөк көрсөтүлдү, азыр абалы бир калыпта. Мен бир аз мурдараак дарыгерлер менен сүйлөштүм. Корко турган эч нерсе жок”.

Расмий бийликтин кабарына караганда, ал адамдар түрмөдөгү шартка туура келбеген бир топ талаптарды коюшкан. Маселен, түрмөнүн ичинде ээн-эркин жүрүүнү, тууган-туушкандарынан келчү тамак-аш, башка буюм-тайымдарга чек койбоону, анан камакта жөнөкөй эле жарандык кийим кийүүгө уруксат берүүнү талап кылышты.

Бирок Горина камактагылар айткан ур-токмок, кыйноолор жөнүндө сүйлөөдөн баш тартты. Окуяны азыр иликтеп жатышат.

Түрмөдөгү окуя жөнүндө маалымат таркашы менен жабыркагандардын жакын туугандары колонияга жетип келишти. “Азаттыктын” кабарчысы менен сүйлөшкөн Күлзипа Иманбаева уулу Маданият Иманбаев жөнүндө эч кандай маалымат биле албаганын айтты.

“Уулум менен кабарлаша албай жатабыз. Билбейм... Алар “баары эле жакшы, тергөө жүрүп жатат” деп, бизди киргизбей жатышат. Таң эртелеп келгенбиз, ошондон бери отурабыз. Эч нерсе айтышкан жок”, - деди Күлзипа апа.

Өлкөнүн Жаза өтөө жана түзөтүү комитетинин басма-сөз катчысы Галымжан Касент биздин кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип жатып, бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Карагандылык укук коргоочу Андрей Цуканов “Азаттыктын” казак редакциясына Долинкадагы сөз болгон түрмөдөгү беш кишиден кат түшкөнүн билдирип, ал кишилердин каттарын жөнөткөн. Алардын биринде камактагы Е.Турусбеков деген киши: “Мен өтө катаал чарага барууга мажбур болуп жатам. Анткени мыйзам деген жок”, - деп жазыптыр. А.Барахатов деген дагы бир адам: “Мындай маскарапоздукка, басмырлоого чыдай албайм. Менин өлүмүм үчүн администрацияны күнөөлөгүлө” деп жазган экен. Укук коргоочу Цуканов мына ушул маанайдагы бир топ каттарды жиберген эле. Бирок алардын биринде да башта түрмө жетекчилиги айткан “мыйзамсыз” талаптар жөнүндө сөз жок.

Долинка шаарчасында эки түрмө бар. Анын экинчисинде да буга чейин ушуга окшогон жаңжал болгон эле. Түрмөдөгү бир кишини милиционер уруп жатканы тартылган видео-тасма интернетке коюлган.

Соңку кездери Казакстандагы түрмөлөрдө катаал шарттарга, ур-токмокко нааразы болгон адамдар өз жанынан кечкен учурлары көп эле кездешүүдө. Жакында Акмола облусундагы “Гранитный” түрмөсүндө да камактагылар “оор шарттарга нааразы болуп” өз жанына өздөрү кол салышкан, эки киши каза болгон. Бул – расмий маалымат. Ал эми укук коргоочулардын айтымында, кеминде жети киши өлгөн болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG