Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Казакстанда шаршембиде капыстан эле өкмөт башчы алмашып, премьер-министрликке кайрадан Карим Масимов дайындалды. Муну менен Казакстандын эгемен тарыхында мурдагы премьер өз ордуна биринчи ирет кайтып барды. Коңшу өлкөдөгү бул жолку өкмөт алмашуунун чоо-жайын “Азаттыкка” Алматыдан саясат таануучу Досым Сатпаев чечмеледи.

“Азаттык”: Кыргызстан сыяктуу эле өкмөттүн же өкмөт башчынын утур-утур алмашып турушу Казакстан үчүн деле жаңылык эмес. Ошол эле маалда өкмөттүн алмашуусунун себеби ар кандай талкууларга жем таштап келет. Бул ирет премьер Серик Ахметовдун капыстан отставкасына эмне түрткү берди?

Сатпаев: Мунун расмий жана бейрасмий себептери бар. Расмий себеби -Ахметовдун өкмөтү алдына коюлган милдеттемелерди, өндүрүштү инновациялоо программасын аткара алган жок деп айтылды. Өкмөттүн дарегине эң алгачкы сын пикир былтыр ноябрда айтылган. Анда Казакстанда алгачкы жолу премьердин ишин сындоого президентчил маалымат каражаттары, парламент депутаттары да жигердүү катышкан.

Ошондо эле биз Серик Ахметовго чабуул коюуга тапшырма жогору жактан берилди, бул кызматта эми ал узакка отурбайт деп айтканбыз. Жыл башында кетет деген сөздөр да болгон.
Казакстанда кландардын күрөшү такай болуп келген. Бирок андагы оюнчулар анча деле өзгөрбөйт. Алар президенттин айланасында жүргөн, мартабалуу кызматтарда отурган баягы эле тааныш жүздөр.

Ал эми бейрасмий жана негизги себебине келсек - бийликтин тегерегиндеги кландар ортосундагы эрегиш, тирешүүнүн жыйынтыгы. Былтыр күздө эле Серик Ахметовго чабуул башталганда элита арасында араздашуу жүрүп жатканы ачыкка чыккан. Баарынан кызыгы - эми өкмөттү башкарууга президенттик администрация башчысы Карим Масимов кайра келип атпайбы.

Мамлекет башчы Назарбаевдин көз карашында ал мыкты антикризистик менежер, жетекчи. Чын эле Масимов казак экономикасы үчүн татаал учурда, финансы-экономикалык кризис маалында өкмөттү башкарды. 10 миллиард доллардай каражат жумшалса да, Казакстандын банк сектору, башка финансылык чөйрөсү кыйрабай сакталып калган.

Азыр да Назарбаев эл аралык татаал экономикалык жагдайда Масимовдой тажрыйбалуу антикризистик менежер керек деп айтып жатат. Назарбаевдин сөздөрүнө караганда, Казакстан азыр олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп жаткан кез экен.

Бул айрым пикир келишпестиктер бар Бажы биримдигине, Казакстандын эмдиги жылдан тарта түзүлүүчү Евразиялык экономикалык союзга, Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусуна байланышкан маселелер. Андан тышкары өлкө ичинде көп жылдан бери чечилбей келе жаткан бир катар көйгөйлөр бар. Президенттин көз карашында Карим Масимов ошол проблемаларды чече алат.

Менин пикиримде, Серик Ахметовдун өкмөтүнүн дарегине айтылган сын пикирдин көбү Масимовго да тиешелүү. Анткени бул маселелер бир жылда топтолгон жок да. Эми Карим Масимов өзү өкмөт башкарып турган кезде пайда болгон көйгөйлөр менен алектенүүсү керек.

Азаттык: Интернетте Тимур Кулибаев (Назарбаевдин күйөө баласы, нефть-магнат) менен Карим Масимовдун кландарынын ортосунда бийлик үчүн күрөш күчөдү деген талкуу жүрүүдө. Бул канчалык чын?

Сатпаев: Казакстанда кландардын күрөшү такай болуп келген. Бирок андагы оюнчулар анча деле өзгөрбөйт. Алар президенттин айланасында жүргөн, мартабалуу кызматтарда отурган баягы эле тааныш жүздөр. Бул - президентин администрация жетекчисинин, “Самрук-Казына” корунун төрагасынын, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын орундары. Премьер-министрлик кызмат үчүн күрөш уланууда.

Ар бир топ өз адамын бул кызматтарга коюуга аракеттенет. Бул бир жагынан бийлик ресурстарына жол ачкан кызматтардын саны чектелүү экени менен дагы байланыштуу. Кландардын күрөшүнө катышкан топтордун курамы өтө деле өзгөрбөйт, дээрлик бардык таасирдүү адамдар өз ордуларын ээлеген. Карим Масимов менен Тимур Кулибаевдин топторунун соңку кездери күчтөнө баштаганы өлкөдө жаңы түптөлгөн Ишкерлердин улуттук кеңеши деген түзүлүшкө дагы байланыштуу. Бул өтө күчтүү лоббисттик структура.

Карим Масимов жөнүндө түрлүү көз караштар айтылат. Ал узактан бери эле өзүн өз алдынча таасирдүү оюнчудай көргөзүүгө аракеттенет. Анын өтө күчтүү жагы - бардык таасирдүү адамдар менен жакшы мамилесин сактап кала алгандыгында. Бул жагынан ал көптөрдүн көңүлүнө төп келген фигура. Карим Масимовдун көзүрү – элита дагы, президент дагы аны өз адамы деп санайт. Болгону эми казак коому аны өз деп кабылдоосу калды, бирок буга жетүү кыйла татаал

“Азаттык”: Казакстанда премьер алмашканда дароо эле өкмөт башына келип жаткан адам президент Назарбаевдин болочок мураскору эмеспи деген суроо кызыктырат. Масимовду ыктымал мураскор деп айта алабызбы?
Карим Масимовдун көзүрү – элита дагы, президент дагы аны өз адамы деп санайт. Болгону эми казак коому аны өз деп кабылдоосу калды, бирок буга жетүү кыйла татаал.

Сатпаев: Мураскор маселеси 2009-жылдан бери түрдүү маалымат каражаттарында, өзгөчө оппозициячыл медиада активдүү талкууланып келатат. Биринчиден, Казакстанда мураскорлордун тизмеси өзгөрбөй турат. Карим Масимовдон башка да казак президентинин ордун өзүнө туура көргөн адамдар аз эмес. Бирок алардын курамы олуттуу өзгөргөн жок. Гипотеза катары Карим Масимовду да ыктымал мураскорлордун бири десек жарашат. Масимовдун улуту андай учурда сөз болоору талашсыз. Кандай болгон күндө да, Масимов президенттик орунду ээлей турган адамды тандоодо маанилүү роль ойнойт деп айтсак болот. Ал чечим кабыл алынчу, акыл калчоочу борборго сөзсуз кошулат. Азыр эми жаңы өкмөттүн курамы кандай болот, Конституцияга өзгөртүү киргизилип, премьердин укук-милдеттери кеңейеби деген суроо да актуалдуу. Азыр Өзбекстанда өкмөт менен парламенттин укугу кеңейтилет деп атышат. Андай өзгөртүүлөр жасалбаса, Карим Масимов буга чейинки бардык казак премьер-министрлериндей эле жөнөкөй техникалык кызматты аркалайт. Казакстанда өкмөт - президенттин колундагы курал, ал өз алдынча чечим кабыл ала алуучу орган эмес.

“Азаттык”: Демек, казак өкмөт башчысынын бул жолку алмашуусун азырынча саясий эмес, техникалык гана маселе деп бааласа болобу?

Сатпаев: Ооба, бул болгону техникалык маселе. Карим Масимов кайра премьерликке дайындалганы деле ошондон кабар берет. Азыр Казакстанда экономикалык проблемалар күндөн күнгө көбөйүп бараткан кез. Бирок эгерде Конституцияга өзгөртүү киргизилип, премьердин укуктары кеңейтилсе, анда Масимов чын эле чоң саясий оюнчуга айланды десек жарашат.

"Азаттык": Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси азыр Казакстанда да көтөрүлүп жатабы?

Сатпаев: Ооба, андай демилге атүгүл бийлик тараптан да көтөрүлгөн. Парламенттин бийлик укуктарын кеңейтип, Казакстанда да президенттик-парламенттик башкаруу орнотуу жаман болбойт эле деген сунуштар айтылган. Парламентте көпчүлүк орун алган саясий партия өкмөттү түзүүгө катышсын, ошол аркылуу премьер-министрдин ролу күчөтүлсө деген билдирүүлөр жасалган. Бирок ушу тапта андай сөздөр кайра тыйылып калды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG