Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Кизатова: Алматыда митингге даярдык жүрүүдө


Тогжан Кизатова.
Тогжан Кизатова.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 26-апрелде "жер маселесин чайкоочулук кылган чагымчылар жоопко тартылышы керек” деп билдирди. Мамлекет башчы мындай пикирин Атыраудагы уруксат берилбеген митингден эки күн өткөндөн кийин айтты.

Атыраудагы сүрмө топ жыйынга чогулгандар Жер кодексине өзгөртүү киргизип, мамлекет ээлигиндеги жерди чет өлкөлүк жарандарга 25 жылга ижарага берүү жобосуна нааразылык билдиришкен.

Акция катышуучулары Казакстандагы чет өлкөлүк полигондорду жабуу, үч тилдүү билим берүгө өтпөө талабын коюп, 21-майга чейин бийликтен жооп күтүшөрүн эскертишкен. "Азаттык" талаштын чоо-жайын тактоо өтүнүчү менен "Демос" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Тогжан Кизатовага кайрылды.

"Азаттык": Президент Назарбаевдин билдирүүсүн Атыраудагы митингди уюштурган же катышкандарга каршы кандайдыр бир чара көрүлөт деп түшүнсө болобу?

Кизатова: Коомдогу бир көйгөйдү терең иликтеп, себептерин түшүнүүнүн, калк менен иш алып баруунун ордуна баарын жоопко тартабыз деген, мындайча айтканда, диктатуранын ыкмасы. Биз чындап эле жоопко тартат деп ойлойбуз, Кандай чара көрүлөрүн күтүп атабыз. Кимди тартат, кантип тартат көрөрбүз.

Атырауда азыр кызыктуу бир жагдай болуптур. Митингди уюштурган эки кишиге Ички иштер департаментине чакырган кагаз келиптир. Талгат Аян деген активист ал чакырууну Фейсбуктагы баракчасына илип койду. Биз юристтер укук коргоочу катары аны окудук. Кылмыш кодексинин кайсы беренесине таянып чакырылганын жазышкан эмес. Ал жерде жөн гана Атырауда 23-апрелде мына ушундай иш-чарага катышкан, келбесеңер тигил же бул санкциялар көрүлөт деп айтылган.

Мындай чакырууну тергөөчү кылмыш иши козголгондо гана жиберүүгө акысы бар. Андай болбосо укугу жок. Чакырылгандардын бирөө көрсөтүлгөн күнү департаментке барды, экинчиси Талгат Аян болсо эмне болсо болсун, жоопко тартса тартсын деп барбай койду. Ошол эле маалда Ички иштер департаментинин маалымат катчысы жергиликтүү гезиттерге Атыраудагы митинг боюнча эч кандай кылмыш иши козголгон эмес деп жазыптыр. Биз болсо иш козголгон эле деп ойлойбуз. Бирок элди дүрбөтпөй, тынч кармаш үчүн эле ошентип айтып жатат. Ал эми эртең жагдай кандай болорун айтуу кыйын. Балким тымызын бир чара көрүлөр, 21-майды утурлай ишти эки-үч том кылып чыгарып салышы мүмкүн.

"Азаттык": Активисттер 21-майга чейин бийликке убакыт беришиптир. Башка региондор атыраулуктарды колдошобу? Ушул өңдүү митингдер кайталанышы мүмкүнбү?

Кизатова: Биз билгенден Алматыда даярдыктар жүрүүдө. Бардыгы 21-майга иш-чараларды пландашууда. Тигил же бул облуста чыгат деп так айта албайм. Бирок Атырауда деле эл өзү эле митингге келбедиби. Аларды атайлап эч ким үгүттөгөн эмес. Менимче, казак улутундагылар көпчүлүктү түзгөн аймактарда кандайдыр бир акциялар болушу мүмкүн. Азыр ойлоп отурсам, Өзкемен же Петропавловск жактагылардын чыгарына анча ишенбейм. Бирок Атырауда деле орус, кавказ улутундагылар аз болсо да митингге катышты. Бирин-серин болсо да, “менин жерим” деп чыркырап турду.

P/S Адвокат Кызматованын маегинен кийин, 27-апрелде Казакстандын Актөбе жана Семей шаарларында жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы ондогон адамдар митингге чыканын активисттер социалдык тармактарда кабарлап, сүрөттөрдү жарыялашты.

“Азаттык” радиосунун казак кызматы укук коргоочу Ольга Климоновага таянып кабарлагандай, Актөбөдөгү акция президенттин багында өтүп жатат. Митинг жөнүндөгү маалымат уюлдук тиркемеден таратылган. Ал тапта президенттин багына барчу жолду күч кызматкерлери тороп коюшту.

Казакстанда Жер кодексине былтыр киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 1-июлдан тарта айыл чарба багытындагы жерлер узак мөөнөткө сатылары жана чет элдиктерге 25 жылга ижарага берилери айтылган. Буга каршы эл нааразылыгын билдирүүдө.

Жекшемби күнү Атырау шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, жердин сатылышына каршылыгын билдиришкен.

Президент Назарбаев 26-мартта жер сатылат деп чуу көтөргөн “чагымчылардын” бетин ачып, жазалоо керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG