Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Казакстан: тозокко айланган каттоо


Катталуу үчүн кезекке туруу
Катталуу үчүн кезекке туруу

Казакстанда жарандарды убактылуу каттоого турууга милдеттендирген жаңы эреже кескин сынга кабылды.

7-январда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, казак атуулдары же чет өлкөлүк жарандар туруктуу жашаган жеринен бир айга башка жакка кете турган болсо, барган жеринде он күндөн калбай каттоого турушу керек.

Казакстандагы жарандарды тейлөө борборлорунда мынчалык узун кезек түзүлө элек болчу. Жаңы жыл майрамдарынан кийин мыйзамды бузуп албайын деген жарандар мындай борборлорго агылып келип жатат. Себеби убактылуу каттоо жөнүндө жаңы мыйзам боюнча, атуулдар өз үйүнөн башка аймакка бир айдан ашык убакытка бара турган болсо, он күн ичинде жаңы даректе каттоого турушу зарыл. Ал үчүн жарым доллардан ашыгыраак акча төлөшөт. Бирок катталды деген тил кат алуу үчүн кеминде үч сааттай кезекте турууга туура келүүдө. Мындай жагдай жарандардын ачуусун келтирип жатат:

«Телевизордон 15-20 мүнөт эле кетет дешкен. Мен эки сааттан бери отурам. Баламды үйгө таштап келгем. Ал ачка отурат».

«Мени өз батиримен чыгып, кызымдыкына каттоого турууга мажбурлашты. Эми кайра өз үйүмө каттоого турууну талап кылышууда. Эмне деген башаламандык?»

Убагында каттоого турбагандар айып пул төлөшү керек.
Убагында каттоого турбагандар айып пул төлөшү керек.

Жаңы эрежеге башка шаарда иштеген же башка аймактагы ооруканада дарыланып жаткан атуулдар да баш ийүүгө тийиш. Айып пул аз эмес – 50 доллар. Казакстандык укук коргоочулар жаңы мыйзам Казакстан ратификациялаган эл аралык конвенцияларга каршы келерин, бул жобо полиция жана текшерүүчү органдардагы коррупцияга жол ачарын айтып чыгышты. Алардын бири укук коргоочу Сергей Дуванов:

- Казакстан калкынын жарымына чукулунун үйү жок. Аларды кыйын абалга калтырышты. Алар ары-бери чуркап, кезекке турушу керек. Болбосо качан текшерип келет деп күтүүгө туура келет. Анын үстүнө биздин полиция Бельгияныкы же Польшаныкы сыяктуу эмес да. Биздикилер акча сыгып алуунун жолун жакшы билишет.

Бул жобону интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары да сынга алып, айрымдары сүрөт, карикатуралар менен шылдыңдап чыгышты. Биринчи күндөрү эле Avaaz.org сайтында мыйзамга каршы петиция башталып, төрт күндө эле 10 миң кол топтолгон. Бирок көп өтпөй бул сайт ачылбай калды.

Каттоого туруудагы мындай жагдай Дүйнөлүк универсиаданын алдында Алматыда үймө-үй текшерүүлөр жүрүп жаткан учурга туш келди. Тейлөө борборлору 12 сааттык түшкү тыныгуусуз, дем алышсыз иш режимине өттү. Соңку үч күндө мындай борборлорго 40 миңдей казак жарандары келип кетти.

Жаңы мыйзамга тейлөө мекемелери даяр эместигин жогорку бийлик өкүлдөрүнүн реакциясы да айгинелеп турат. Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев түзүлгөн кырдаал үчүн ички иштер министри Калмуханбет Касымовду сынга алды:

- Мыйзамга качан кол коюлду эле? 22-декабрда. Ал эми алгачкы түшүндүрүү иштерин качан баштадык? Биз тейлөө борборлорунда узун кезектер түзүлгөндөн кийин кириштик. 22исинен тарта түшүндүрө башташыбыз керек эле.

Өкмөттөгү жыйындан кийин ички иштер министри биринчи айда полицейлер айыппул салбастан эскертүү менен гана чектелет деп убада берди. Тейлөө борборлоруна болсо бир адамды каттоого кеткен убакытты кыскартуу милдети тапшырылды. Казак бийлиги жаңы эреже из жашырып жүргөн кылмышкер же экстремисттерди аныктоого жардам берет деп ишенет. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG