Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Репрессия курмандыктары кайра көмүлдү


НКВДнын кызматкерлери.
НКВДнын кызматкерлери.

Казакстандын Алматы облусунда өткөн кылымдын 30-жылдары атууга кеткен 168 адамдын сөөгү кайрадан жерге берилди. Маркумдар көмүлгөн жер өткөн жылы Жаналык айылындагы үйлөрдүн биринен табылган. Соттук-медициналык эксперттер бул адамдар Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгонун далилдей алышты.

Алматы облусундагы Жаналык айылынын тургундары бул мандемдүү жер болгонун мурда эле билишчү. Согушка чейинки стилде костюм кийген адамдардын сөлөкөтү айрымдардын көзүнө да көрүнчү.

Мурат Багожаев ондогон адамдардын сөөгүн өз үйүнүн короосунан канализация өткөрүп жаткан учурда таап алган. Бирок үйүнүн алдында дээрлик 200гө жакын кишинин сөөгү жатканы үч уктаса түшүнө кирген эмес.

«Илгери биздин айылда адамдарды атышканы айтылып келген. Бирок муну ырастаган фактылар жана далилдер болгон эмес. Биз ок-дарыларды, гильзаларды, көз айнек, мундштук, топчуларды таап эле жүргөнбүз. Башында 30 адамдын сөөгү жатса керек деп ойлогонбуз. Кийин 56 адамдын сөөгү чыкканын айтышты».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-жылдары бул жерде 168 киши атылып, көмүлгөнүн Мурат ушул маектен кийин гана билди. Анын көз алдында сөөктөр кайра жерге берилди.

Экспертизанын жыйынтыгы бул жерде жаткандардын көбү атылганын көрсөттү. Айрым баш сөөктөрдө ок көзөп кеткен тешиктер болгон. Судмедэксперттер бул адамдардын жынысын жана боюн да биле алышты. Сот-медициналык эксперт Анастасия Стоян буларды айтты:

«Бул сөөктөр монголоид расасындагы адамдардыкы болгону тастыкталды. Бет сөөгүнүн алдыга чыгып турганы жана жазылыгы өңдүү белгилер да муну далилдеп турат».

Өлгөн адамдардын тек-жайын тактоо мүмкүн болбой калчудай. «Саясий репрессиялардын курмандыктары» ассоциациясынын президенти Жумабек Ашуулы Казакстанда мындай ДНК анализдер жасалбай турганын айтты. Аны чет өлкөдө жасатуу өтө кымбат турат. Ашуулы буга кейип турганын айтты. Анткени сөөктөрдү кайра көмүүгө өтө аз адам катышкан экен. «Негизи эле мамлекет тарыхтын бул бөлүгүнө такыр көңүл бурбай жатат», - деди Ашуулы.

«30-жылдары казак интеллигенциясынын канчалаган өкүлдөрү жок кылынган эле?! Эң өкүнүчтүүсү – алар кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келгенбиз. Мына эми 168 адамдын сөөгү табылса, ошол замат кайра көмүштү. Бул иштер жашыруун жасалгандай эле болуп калды. Болгону 20 адам келиптир. Биз тарыхты кимден жаап-жашырып жатабыз? Тескерисинче, бул тууралуу дүйнөгө жар салып, коңгуроо кагыш керек эле да! Бул – биздин тарых. Кечээ кайра көмүлгөндөрдү урпактары издеп жатпайбы».

Репрессия курмандыктарынын ысымдары жазылган мемориал. Петропавловск. Июнь, 2017-жыл.
Репрессия курмандыктарынын ысымдары жазылган мемориал. Петропавловск. Июнь, 2017-жыл.

Эксперттер сөөктөрү табылган адамдар Сталиндик репрессия жылдары өлтүрүлгөн дегенге дагы бир далил келтирип жатышат. Тарыхый фактыларга ылайык, НКВДда атып өлтүрүлгөндөрдү Алматы облусунун Жаналык айылына ташып келип көмүшкөн.

20-кылымдагы репрессия жылдары Казакстанда 100 миң адам соттолуп, алардын 25 миңи жогорку жазага тартылган – алар атууга кеткен. 5 миллиондон ашык адам сүргүнгө айдалган.

Тарыхчылардын айтымына караганда, сталиндик репрессиянын залалын иликтөө узак жылдарды талап кылат. Кыргызстанда бул иштин чети да оюла элек.

«Эл душманы» деген жарлык тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон.

Чоң-Таш айылына жакын жердеги чуңкурга чогуу көмүлгөн маркумдардын сөөгү 1991-жылы табылып, ал жай «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси деп аталган. Сталиндик кандуу кыргын 1937 – 38-жылдары күчөгөн. Ошол мезгилде камалып, атылып, кыйноого кабылып өлгөндөрдүн саны миллионго жакын экени болжолдонуп келет.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгиленип келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG