Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Алты баласы менен Сирияга аттанган айыл мугалими издөөдө


Казакстандын Шымкент шаарынан анча алыс эмес жердеги айылдан мектеп мугалими Марат Мауленов аялы менен алты баласын алып, Сирияга кеткени тууралуу кабар ушул аптада жарыяланды.

Шымкенттик “Замана” гезити 16-октябрда кабарлагандай, Казыгурт айылында жашаган Марат Мауленов аялы, алты баласы менен Сирияга кеткенин жергиликтүү коопсуздук органдары иликтеп жатышат. Макалада диний радикал көз карашка берилип кеткен үй-бүлө автобус менен Бишкекке барып, андан ары Стамбул аркылуу Сирияга кеткени баяндалат.

Мектепте орус тилинен мугалим болуп иштеген токтоо, көпчүлүк айылдаштары урматтаган 44 жаштагы Марат Мауленов кайда, кандай максатта кетип жатканын бир тууган эжеси гана билген экен. Азыр эми айылда бул окуя чоң жаңылыкка айланып, коопсуздук кызматкерлери улам каттап, бозгундардын тааныш-билиштерин суракка алып жаткан чак.

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарчысы Дилара Иса Казыгурт айылына барып, Мараттын заңгыраган үй-жайы, алдында эски килем жабылган машинеси аңгырап ээсиз калганын көрүп келди. Кошуналары көрсөткөн боюнча Мараттын ошол эле айылдагы ата-энесинин үйүнүн дарбазасын каккыласа, көздөрү шишип үнү каргылданган улгайган апасы чыгып, “баарыбызды таштап кеткен балам жөнүндө айта турган сөзүм жок” деп дароо артка бурулуптур.

Мауленовдордун Казыгурт айылындагы ээнсиреп калган үйү.
Мауленовдордун Казыгурт айылындагы ээнсиреп калган үйү.

Шымкент шаарынан 60 чакырымдай алыстыктагы райондун борбору Казыгурт айылында мектеп мугалими Марат Мауленовду тааныгандар аз эмес. 15 жылдан бери бир мектепте мугалим болуп иштеп, оокат-жайы жетиштүү Марат төрт жыл мурдараак динге берилип, аялы хижаб жамынып, бала-бакырасы менен беш маал намаз окуп, үйүнө “сакалчан адамдар” үзбөй каттап калганын кошуналары айтып беришкен.

Эң улуусу мектеп жашында, эң кенжеси там-тум баса баштаган алты баласын алып, Марат Мауленов Сириядагы жихадчыларды колдогону кеткенин айылдаштары түшүнө албай баштары маң болууда.

Казыгурт айылында Мауленовдун ата-энеси жашаган көчө. 21-октябрь, 2015-ж.
Казыгурт айылында Мауленовдун ата-энеси жашаган көчө. 21-октябрь, 2015-ж.

“Апасы да көп жыл мугалим болуп иштеген, билимдүү, бир мүнөз жигит эле. Ушундай болуп кеткенине ишене албай турам”, - деген биздин кабарчыбыз менен маектешкен Мараттын классташы Мухтар Мадибеков. Ата-энесине мугалим жигит “Бишкекке барып, балдарга кийим-кечек алабыз” деген шылтоо айткан экен.

Казыгурттагы мектепте иштеген кесиптештери Марат жумушка 1-сентябрда келген боюнча кайтпаганын, дайынын билдирбеген соң мектеп жетекчилиги аны иштен бошотууга аргасыз болгонун билдиришкен. Түштүк Казакстан облустук коопсуздук мекемеси азырынча бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын, Мауленовдор Бишкектен Стамбулга учуп кеткени такталганын, андан ары Сирияга өтүп-өтпөгөнү текшерилип жатканын гана айтып чектелишти. Казакстанда бийликтегилер “Ислам мамлекети” радикал уюмуна кошулган казакстандыктар тууралуу сүрөт-видеолорду интернетте, же башка маалымат каражаттарында таратууга бейрасмий тыюу салышкан.

XS
SM
MD
LG